ПЛАСТИКТЕН ЖАНА ЖЫГАЧТАН ЖАСАЛГАН ЭШИК-ТЕРЕЗЕ КАЙСЫНЫСЫН ТАНДАЙСЫЗ?

№560 26-июль-1-август, 2013-ж

Азыркы мезгилде Кыргызстанда пластиктен жасалган эшик-терезе рынокту каптап, жыгач материалдан жасалган эшик-терезени сүрүп чыгарууда. Пластиктин ыңгайлуулугу менен катар ден соолукка зыяндуулугу да бар экенин көпчүлүк биле туруп, аны пайдалануудан баш тартышпайт. Пластик менен жыгач эшик-терезенин айырмасы кандай, салыштырып көрөлү.

ПЛАСТИКТЕН ЖАСАЛГАН ЭШИК-ТЕРЕЗЕ
Артыкчылыктары:

  • Жылуулукту жакшы сактайт, себеби жылчыгы жок.
  • Көчөдөгү ызы-чуу добуштарды өткөрбөйт.
  • Өрткө туруктуу. Курамына отко күйбөй турган кошулмалар кошулгандыктан, өрт каптаса дароо күйүп кетпейт. Эгер бөлмөнүн ичинен өрт чыкса, терезе бир нече убакытка чейин күйбөй ордунда туруп, сырттагы абанын үйгө киришине тоскоолдук кылат. Бул өрттүн күчөп кетүүсүнөн сактайт.
  • Узак мөөнөткө кызмат кылат. Тактап айтканда, 50 жылга чейин колдонууга жарайт.
  • Тазалык. Үйгө чаңдын кирүүсүнө бөгөт коёт.
  • Нымга туруктуу. Жаан-чачын, кар, суу тийсе көөп кетпейт. Андыктан суу менен коркпостон жууп-тазалаганга болот.
  • Чирибейт. Нымдуулуктан пайда болгон микроорганизмдерден зыян тартпайт.
  • Жыл сайын сырдап туруунун кереги жок.

Кемчиликтери:

  • Ден соолукка зыяндуу. Пластиктин курамында хлор, коргошун, кадмий, хром өңдүү уулуу заттар бар. Булар бир аз ысыкка туруп калса активдешип, абага тарай баштайт да, адамдын иммундук системин төмөндөтүп, боор-өпкөнүн сезгенишине, тукумсуздукка жана рак ооруларынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
  • Аба өткөрбөйт. Жылчыксыз болгондуктан, аба алмашпайт, үйдүн ичи үп болуп кетет. Бул ден соолукка терс таасирин тийгизет. Жагымсыз жыт пайда болсо, ал үйдүн ичине сиңип калат. Андыктан күнүгө 4-5 ирет терезени ачып, үйдү желдетип туруу зарыл.
  • Нымды пайда кылат. Жогоруда айткандай, аба өткөрбөгөндүктөн, үйдүн ичи бууланып, дубалда жана шыпта тамчылардын чогулушуна шарт түзүп, көгөрүүгө жеткирет.
  • Бетине түшкөн тактарды, чийилип калган издерди кетирүүгө жана сынып калган бөлүгүн жаңылап оңдоого мүмкүн эмес.
  • Пластиктеги кыймылсыз электр заряддары чаңды дайыма өзүнө тартып турат.
  • Катуу ысыкта жумшарып, көлөмү бир аз чоңоёт жана өтө катуу суукта көлөмү кысылып, тартылып кетет. Бул жаракалардын пайда болушуна жеткирет.


ЖЫГАЧТАН ЖАСАЛГАН ЭШИК-ТЕРЕЗЕ
Артыкчылыктары:

  • Экологиялык жактан ден соолукка зыяны жок.
  • Аба өткөрүмдүүлүгү жогору. Үйдөгү абанын тазарып, алмашып туруусуна жакшы шарт түзөт жана бууланып, нымдуулуктун пайда болушуна жол бербейт (саздак жерде жайгашкан үйлөрдү эске албаганда). Жагымсыз жыттар тез эле сыртка чыгып кетет.
  • Добуштарды өткөрбөйт. Бирок пластик терезеге салыштырмалуу көрсөткүчү төмөнүрөөк.
  • Суукка туруктуу, калыбын жоготпойт.
  • Көп жылга кызмат кылат. Жыгачтын түрүнө жараша 50 жылга чейин колдонууга жарайт. Эгерде эмен жыгачынан жасалган болсо, 90 жылга чейин жарактуу.
  • Сынып, чийилип же так түшүп калган бөлүгүн кайрадан жасап, жаңылап коюуга мүмкүн.


Кемчиликтери:

  • Өрткө туруксуз. Кокус өрт чыкса күйүп, айнектери сынат. Мындан сырттагы аба үйдүн ичине кирип, өрттүн күчөшүнө жол ачат. Бирок күйүп кеткен күндө да, айлана-чөйрөгө зыяндуу заттарды бөлүп чыгарбайт.
  • Нымга туруксуз. Жаан-чачын, суу, кар тийсе ным тартып көөп, грибок басып, чирий баштайт.
  • Ысыкка туруксуз. Кургап кетсе жаракалар пайда болот. Андыктан жыл сайын сырдап же майлап туруу керек.
  • Айнек салынган көзчөлөрдү маал-маалы менен бүтөп турбаса, көчөдөгү чаңдын үйгө кирүүсүнө жол ачылат.

БИЗДИН ТАНДОО...

Жогоруда пластиктен жана жыгачтан жасалган эшик-терезенин сапатына баам салдык. Жалпысынан алганда экөөнүн тең артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Алсак, күнүмдүк турмушубузда колдонууга пластиктен жасалган эшик-терезе ылайыктуу көрүнөт. Себеби тазалоодо суу менен каалашыңча сүртсөң да коркунуч жок. Кышында үйдөгү жылуулукту үнөмдөйт. Себеби кышкысын эшик-терезе аркылуу үйдөгү жылуулуктун 30 пайызы сыртка агылып кетет. Бул жагынан алганда пластик алдыда. Бирок баарынан кымбат ден соолук экени талашсыз.
Пластик эшик-терезелерди өндүрүүчүлөр анын ден соолукка эч кандай зыяндуулугу жок экенин айтып келишет. Ал гана эмес, дүйнөгө белгилүү европалык ишканалар да эч кандай зыяны жоктугун белгилешет. Анткен менен мына ушул дүйнөнүн эң алдыңкы технологияларын колдонгон Европа мамлекеттеринде пластиктен жасалган эшик-терезелерди ишканаларга, кеңселерге гана орнотушат. Ал эми жеке турак жайларга жыгачтан жасалган эшик-терезелер салынат. «Эгер эч кандай зыяны жок болсо, анда эмне үчүн өзүлөрү жеке турак жайларга колдонушпайт?» деген суроо жаралат.

Андыктан тандоо өзүңүздө, окурман!

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(39)
29.07.2013. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мени уйумдуку кадимки жыгачтан эле салынган 15 жыл болду чирибей эле турат ошондон отору жок пластик аман болсун
29.07.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы маалымат экен.Бирок пластик айнек эшиктердин туру бар экен го ошону да жаза кетсениз болмок.Угушумча Турциядан чыккан пластик айнек эшиктер сапаттуу экен.
29.07.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйубуздо пластика болсо дагы кышы жайы кыйшайтып ачык койом .
29.07.2013. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rozka, tuura kylasyz aba almawpayt devatpayby
29.07.2013. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жыгачтан тажадым баарибир овуштурам , кленка такмайдан особенно.
29.07.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
miniusha туура айтасыз
29.07.2013. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң жакшы Супер инфо ийгилик силерге стройкалар болуп жаткан мезгилде чыгарып жатасынар жакшы элдерге пайдалуу кеңештерди берип үй курууда силердин салымыңар чоң жанада арсанында ушундай курулушка керектүү маалыматтарды берип турууңуздары өтүнөбүз алдын ала ыразычылык билдиребиз.
29.07.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз дагы копко ойлонуп отуруп, озубуздун "родной" жыгач терезе-эшиктерибизди калтырдык :)
29.07.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чынында эле конгон жыгач терезе))
29.07.2013. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен жыгач айнекти сунуштайм,пластик койдук эле уйдун ичи жогоруда айтылгандай коктой берет азыр,жыгачтан отору жок экен :-(
29.07.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жыгач эшик терезеге эч нерсе жетпейт экен.
29.07.2013. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Негизи пластиктин зыяндуулугу жок бул жерде бир беткей маалымат кеткен.Россия АКШ Япония Европа мамлекеттеринде уйлоруно аябай сонун кылып эле коюшканго аны билбей туруп автор туура эмес маалымат тараткан. Жыгачтан тажап пластике алмаштырып жаным калдыго. Жыгачты жыл сайын сырдайсын куз келери менен пленка какмай башталат тешишип бутун жери калбайт мык кага берип ананда аба нымдуу болуп кобуп кететда жабылбай калат. Анан ун(шум) жана суук откорумдуулугу ото жогору!
30.07.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Boss77, Сиз пластик терезе эшик сатасызбы?Рекламалап кетиптирсиз го чычалап.Азыр жыгачтан отоору жок экенин баары билет!
31.07.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Boss77, ЭЭми пластиктин дагы минус жактарын айта кетсениз?))
31.07.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
allan, Сатпайм албетте бирок россияда иштегем заводдо. Ананда пластиктин минус жагы бардыр бирок аны коро албадым. Неге калыс баа бере албайсын коро албастык сапатын эн сонун орчугонго...
01.08.2013. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boss77, Россияда иштеген болсонуз,тем более билишиниз керек эле пластик сапаттуубу же жыгач сапаттуубу?Мен сиздин калыстыгынызды коро алган жокмун.
01.08.2013. 08:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boss77, Россия,АКШ,Япония мамлекеттеринде пластик койушат дептирсиз.Туура,койушат.А бирок,Ошол жактагыдай баардык шарттарга туура келген сапаттуу пластиктердин Кыргызстанга келээрине кепилдик бар бекен?Биздеги пластиктер Кытайдан келет(в основном).Андыктан,сапаты эн томон!
29.07.2013. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мышык майга жетпей сасык дептир..
29.07.2013. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жыгачтан да пластиктей кылып жасаса болотго .рассяда копчулугу эле ошетип койуп алышкан.рассянын 40градус суугунан пльонка.жылтырак какпайле жакшына чыгышат кыштан. Бизде жасашпайт екен да пластиктери да бул жерде жытанып анан башкача жасашат.
30.07.2013. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рыноктун кыргызчасы базар да э?
30.07.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
novayariga, экообузго окшогондор окуп калса тушунбой калат го э)))))))))))))
30.07.2013. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр таш ыргытсан биринчи эле швейный цехтерге,экинчиден пластиковые окна двери дегенге тиет.жааман кобойуп кетишти го?Андан коро элге пайдалуураагын сунуштайлычы.Жыгач терезе эшиктерден жакшысы жок,болгон эмес,жана болбойт дагы!Пластиктер эптеп-септеген эле калдыркандар да..
30.07.2013. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунорго жакканын койгула достор!!!!!
30.07.2013. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата бабаларыбызда пластиксиз жашап келишкен жыгач эшик терезелерге эмне жетсин
30.07.2013. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
suhrab.kg, Ата бабаларыбыз интернетсиз жашап келген. азыр баардык керектүү маалыматты интернеттен окуп жатасызбы? Ата бабабыз антип жашаган минтип жашаган деп жүрө беришибиз керекпи? Заманга жараша өзгөрүү болуш керек, албетте оң жагына!
30.07.2013. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер уйдо вентиляциялык системаны орнотсо, анда пластиктен айнек орнотсо болот! ошол эле учурда андай система жок болсо, анда жыгачтан айнек орнотуш керек! Иштин баары аба откоруудо болуп жатпайбы!
31.07.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бизде пластиктин жаманы сатылат. Мен да койуп кордум бирок кийин алмаштырганы туура келди. Пластиктин турлору бар. Жыгачтан да пластикке окшотуп жасайт. Ошонусу жакшы экен. Уйун когорбойт, ачсен ачпасан да аба алмашып турат. Бирок пластиктин катарына кирген материялдардын баары зыян келет. Мисалы; пластик айнектер, обшивкалар жана уйго орнотулуп жаткан канализация трубалар баары зыян экен.
01.08.2013. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
каражататыка карайт озу эн мыктысы пластик терезе
01.08.2013. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
02.08.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
каражыгачка эле жетпейт эгер ден соолугунду жана балдарындын келечегин ойлосон!
02.08.2013. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
каражыгачка эле жетпейт эгер ден соолугунду жана балдарындын келечегин ойлосон!
02.08.2013. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мага баары бир пластик жагат.ар дайым кыйшайтып ачып койсон эч нерсе болбойт,,
02.08.2013. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
авторго суроом бар. европадагыдай пластикке окшогон терезелер Кыргызстанда жасалабы?
04.08.2013. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Негизи ата- бабалар пластик эмес жыгач деле колдонгон эмес. Ар бир жаны технологияны кыргыздар ушинтип кабыл алабыз. Илгери комур жаккан мешти канча сындашкан билесинер да же уккансынар. "Кокуй башты оорутуп жиберет экен" деп. Пластик деле ошондой нерселердин бири. Негизи пластик арзан жыгачка караганда. Бир соз менен айтканда жалкоонун буюму.
04.08.2013. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турцияда калктын эн томонку катмары пластик эшик,терезелерди уйлоруно орнотушаткен,озунуздор анализ чыгарыныздар эми...
04.08.2013. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
evropada dele jawoo4u uiloruno plastik tereze-ewikter kop ele koiulgan.
05.08.2013. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jıgachtan da dal plastik terezenin kalıbınday kılıp bizde da jazashat. 2 katmar aynek, ichi metaldan koyup syrty hygach, eki katmardan turat. aylampa, rezina baary dal ele plastıktıkındey. Men ozum jıgachtan jazalgan plasstik koydurgam Bishkekte. daregi: eski tolchok, jıgach bazardın ichinde. bir emes ondogon sehter bar. baasy birok arzan emes. mkv 120 doll tegeregi.
20.08.2013. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Urmatuu redaksia, mon4o jonundo paidalu malymattardy jazgyla4yyyyyyy suran4??????????
21.08.2013. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kuvanio,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо