ӨЗБЕКСТАНДЫН 19 ЖАРАНЫ КЫРГЫЗСТАНДАН ЧЫГАРЫЛДЫ…

№560 26-июль-1-август, 2013-ж

  • 2013-жылдын биринчи жарым жылдыгында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн 81 ЖАРАН кармалган. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
  • Милиция кызматкерлери тарабынан Кыргызстандын аймагында тилемчилик менен алектенген өзбекстандык 19 ЖАРАН чыгарылды.
  • Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстандан Бажы биримдигине кирген өлкөлөргө товар экспорттоо быйылкы жылдын 5 айында былтыркыга караганда 21 ПАЙЫЗГА төмөндөп, 190 миллион долларды түзгөн.
  • 2013-жылы 6 ай ичинде Бишкек шаарында 288 МИТИНГ катталган, анын 127си соттук иштерге нааразычылык билдиргендер.
  • Бишкек шаардык ИИББинин маалыматына ылайык, жарым жыл ичинде борбор калаада 5 МИҢГЕ жакын кылмыш иши козголгон.
  • Кыргызстанда МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ар бир бешинчисинин жогорку билими жок. Бул тууралуу вице-премьерминистр Тайырбек Сарпашев маалымдады.
  • Өлкө башчысынын жарлыгына ылайык, улуу муунга КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨТҮҮЧҮ борборлор өлкөнүн 4 облусунда жана Бишкек шаарында ачылат.
  • 2013-жылдын 6 айында жашы жете электер тарабынан жасалган 739 КЫЛМЫШ катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
  • ӨКМ билдиргендей, жыл башынан бери өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 234 АДАМДЫН ӨМҮРҮ сакталып калган.
  • Учурда Ош шаарында 5900 ЖАРАН жумуш издеп каттоодо турат, алардын 2600ү аялдар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
  • Орусия америкалык тыңчы ЭДВАРД СНОУДЕНДИ кайтарып берүү боюнча АКШнын өтүнүчүн аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу Путиндин кеңешчиси Михаил Федотов айтканын орусиялык ММКлар жарыялашты.
  • Мамлекет башчынын жарлыгына ылайык, Мирбек Имаев Улуттук гвардиянын командирлик кызматынан бошотулду. Анын ордуна АСАНБЕК АЛЫМКОЖОЕВ Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын командири болуп дайындалды.
  • 21-июль күнү ЖКнын депутаты НАДИРА НАРМАТОВАНЫН уулу Мээримбек Нурдинов эл өкүлүнүн кызматтык унаасында Ош-Бишкек жолунда келе жатып автокырсыкка учурап көз жумду. Андан сырткары эки киши каза болуп, дагы эки киши ооруканага оор абалда жеткирилди.
  • Мамлекеттик материалдык резерв фонду быйыл дыйкандардан буудайды 13 СОМДОН сатып алат. Бул тууралуу айыл чарба жана мелиорация министри кабарлады.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
01.08.2013. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5млн эл анан 5айда 5000 кылмыш иши?бул дагы милиция кызматкерлери делону жапканынан сырткары???
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо