№560 26-июль-1-август, 2013-ж
Кримавторитет Камчы Көлбаевдин оң колу аталган Алманбет Анапияевге ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы маалыматтык согуш жарыялады. Аталган кызмат ага карата бир топ айыптоолорду шурудай тизип чыкты. Сыягы, Анапияев жакын арада кармалат өңдүү.
ИИМ Анапияев менен Жаныш Бакиев жакын санаалаш болгонун, эриш-аркак кызматташкандыгын далилдер менен келтирип жатат. Министрликтин версиясы боюнча, кылмыштуу чөйрөнүн активдүү мүчөсү саналган Анапияев ошондогу өлкө башчынын инисине жолтоо болгондорду, каршы сүйлөгөндөрдү тындым кылуу же «тартипке чакыруу» жагынан каралашып турган. Өз кезегинде Жаныш Бакиев ага Алыш федерациясынын президенттигин ыйгаргандыгы да кошулган. Айыптардын тизмесинде мурунку президент К.Бакиевдин тушунда Президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө дал ушул Анапияевдин салымы бар экени айтылган.
2010-жылдын 17-апрелинде маркум Медет Садыркуловдун машинасы менен сүзүшүп, администрация жетекчисинин унаасынын күлүн көккө сапырып, өзү аман калган Өмүрбек Осмонов 12 жылга соттолгон. Ал адам Анапияевдин тобундагы жигиттердин бири болгонун айтат милиция кызматы. Осмонов абакта отурган кезинде Апрель революциясы болуп, ал аёосуз бычакталып өлтүрүлгөн. Керексиз күбөнүн көзү ошентип тазаланып калган. Ишенимдүү ыкма. Өлүктөр сүйлөбөйт. Мындан сырткары 2011-жылы ыкчам иликтөөнүн натыйжасында Анапияев Чоң Алай айыл округундагы көмүр кенин менчиктештирип алганы ачыкталган. Анан да ал Камчы Көлбаевди курал менен камсыздап турган жана анын түштүктөгү өкүлү катары Тажикстандын Хорогунан Ошко, андан ары Европага чейин баңгизаттарын жеткирүүгө жооптуу болуп турган делет.
Апрель окуясынан кийин Анапияев өлкөдөн чыгып кеткен. Учурда ал Дубайда жашайт. Ооба, ал спортчуларды колдоп, демөөрчүлүк кылат. Мамлекет жасашы керек болгон, бирок маани бербеген иштерди жасап, алыш күрөш өнөрүн өнүктүрүп келет. Аны «мекенчил кыргыз жигити», атүгүл «баатыр» дегендер четтен чыгат. Бирок укук коргоо органдары эсептеп чыккан тоноо, киши уурдоо, өлтүрүү, сабоо, баңгизат ташуу, сатуу сыяктуу иштер оор кылмыш иштери катары саналат. Аларга көз жумуп коюуга мүмкүн эмес.
Алманбет мырзанын жактоочусу Самат Заков кардарына байланыштуу жалган маалымат таратты деп ИИМди күнөөлөп чыкты. Жактоочунун айтымында, кардары эч кандай уюшкан кылмыштуу топтун лидери эмес экен. «Январь айында Ошто өлтүрүлгөн полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө да катыштыгы бар деп Анапияевди күнөөлөштү. ИИМ жалган маалымат таратып, Анапияевдин аброюна шек келтирип жатат»,- деди ал. ИИМ билек түрүп киришкенине караганда, Көлбаевдин артынан темир торго кирүү кезеги Анапияевде көрүнөт.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Сизге эскертүү!
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
эртен алар кетсе, башка ЖАНЫ ЖЫЛ келсе, ошону мактап каласынарбы майда-барат ЖАНЫ ЖЫЛДАР????