№560 26-июль-1-август, 2013-ж
23-июлда Чаткалдын Терек-Сай айылындагы кен иштеткен кытайлык «Альянс» компаниясында иштеген кытайлар менен Кызыл-Токой айылынын жашоочуларынын ортосунда мушташ чыкты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, «таза сууну булгабагыла» деп компанияга барган Кызыл-Токой айылынын тургундарына биринчи болуп ал жерде иштеген кытайлар кол көтөргөн. Мушташ сүйлөшүүлөрдү уюлдук телефонуна тартып жаткан жаранды кытай кызматкери уруп жибергенинен башталган. Жыйынтыгында 4 кыргыз жаранын кен иштеткен «коноктор» сабап салгандыгын Жалал-Абад облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, сабалган жарандар ооруканага кайрылган эмес.
«25-июль күнү райондун акими, укук коргоо органдары окуя болгон жерге барып, эл менен жолугушту. Бийлик өкүлдөрү кыргыздар менен кытайларды элдештирүүгө аракет кылышкан. «Альянс» компаниясынын алтын каза баштаганына 1 ай болуп, анын лицензиясынын мөөнөтү 20-июлда бүткөн. Териштирүүлөр бүткөнгө чейин компаниянын иши токтотулду»,- деп кабарлады облустук басма сөз кызматы. Кошумчалай кетсек, «Альянс» компаниясында 24 кыргызстандык, 31 кытай жараны иштейт.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Улутуна, динине жараша бөлүп жарууга тыюу салынат!
Сизге эскертүү!