РЫСАЛИЕВ КЫЗМАТТАН ЫРГЫЙБЫ?

№561 2-август-8-август, 2013-ж

Сүткордукту чектөө боюнча Өмүрбек Текебаев демилгелеген мыйзам долбоору ЖК менен банк ишмерлеринин ортосунда кайчы пикирлерди жаратканына карабай депутаттардын колдоосуна ээ болуп, эми ага президент да кол койду. Мыйзам долбоору ишке кирсе, насыя алып төлөй албай, үй-жайсыз калган жакыр элдин абалы аз да болсо оңолот. Өмүрүнө кол салып «өзүмдү өрттөйм», карызын төлөө үчүн «бөйрөгүмдү сатам» деген туңгуюктагы аргасыздарга үмүт шооласы жанат. Элдин эсебинен байып жаткандар «инвесторлорду үркүтүп алабыз» деген жел аргументти бетке тутуп, «мамлекет башчы бул документке кол койбойт, колдобойт» деп кыйкырып жатышкан эле.  Андай болгон жок.
Акыркы күндөрү «Текебаев менен Атамбаевдин мамилеси салкындап кетти, «Ата Мекендин» башчысы президентке каршы оппозицияга өтөт имиш, аны ээрден оодарып түшүүгө белсенип жатат дейт» деген өңдүү эч бир далилге негизделбеген маалыматтарды таратып жаткандарга да жогорудагы окуя татыктуу жооп болду көрүнөт.
Баса, Атамбаев менен Текебаевдин мамилеси тууралуу сөз козголсо эле «мародёрчулук» тууралуу кеп башталат. Бул ишти Зарылбек Рысалиев ИИМди жетектеп турганда козгогон эле. ЖКнын жыйынында да башкы прокурор Салянова кайрадан Рысалиевге бул ишти аягына чыгарууну «өз укугунан пайдаланып» тапшыргандыгын айткан. ЖАМКнын жетекчиси Бакиевдердин үй-мүлкүн талап-тоноо ишин иликтеп, «ата мекенчилерди» айыптап, бирок далилдей албай келет. Президент Алмазбек Атамбаев Зарылбек Рысалиевге «эгерде далилдей албасаң, анда  кызматтан кетесиң» деген талап койгонун Өмүрбек Текебаев басылмалардын бирине берген маегинде айтып өттү. Мөөнөттүн да соңуна келип калганын эске алсак, анда илинчек таппаган Зарылбек Рысалиевдин креслодон ыргуу учуру жакындап калгандай...

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
05.08.2013. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
05.08.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
братан таласка келип мал карап калат окшойсун,,
05.08.2013. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин комментарийимди очурбой эле койсонор болмок, силерге таарындым
05.08.2013. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
konya,
Саламатсызбы! Сиздин билдирүүңүз өчүрүлгөн жок, сиз сактабай койгон окшойсуз...
05.08.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атына жараша заты дегендей, агайдын фамлиясына жараша заты болуп жатат. Анткени агай сузгон чиновниктер кресло-мреслосу менен белгисиз жакка учуп барып, кийин кээ бироонун дайыны чыкса кээ бироо дайынсыз жоголуп жатат. Бирок муйузду деле аяш керек да, бир куну бироону катуу сузом деп сынып кетиши мумкун да. Азыр угуп жатабыз болоттон ширетилген креслолор жасалып жатат деп...
05.08.2013. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
konya,тушунуксуз жазып коюпсун,мага тушундурчу фамилиясы эмнени тушундурот ? фамилия как фамилия башкалардыкындай эле,.
05.08.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talas-1985, Сузоонок Т....Е да
06.08.2013. 06:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болду эми туура айтасынар Таласка мал бакканы брат окшойсунар )
06.08.2013. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыйзамды кабыл алып койсонор эле кредит алгандардын акыбалы ондолмок беле, эми бул мыйзамдын натыйжасында кредит бергендер жоголуп кетсе анан элге кредитти кайдан таап бересин Омурбек Текебаев.
06.08.2013. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aigulai, Жоголушпайт. Пайда чыккан жерден сүткорлор эч качан кетишпейт, кам санабаңыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо