-

2013-жылдын 6 айында Кыргызстан саатына
3 МИЛЛИАРД 64 МИЛЛИОН кВт электр энергиясын өндүргөнүн «Түндүк электр» ишканасынан маалымдашты.
-
Экономика министринин орун басары Олег Панкратовдун айтымында, БАЖЫ СОЮЗУНА кирүү үчүн Кыргызстандын жол картасынын акыркы варианты 15-августта кабыл алынат.
-
2012-жылкы ажылык сапарды уюштурууда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу төлөмдөрүн төкпөгөндүгү аныкталды. Социалдык фонддун эсебине 5,5 миллион сом, Мамлекеттик салык кызматына 5 миллион сомдон ашуун акча каражаты түшпөй калганын УКМК билдирди. Учурда КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛУП, тергөө жүргүзүлүүдө.
-
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдиргендей,
МУГАЛИМДЕРДИН маянасын эсептөөнү мындан ары аталган министрлик алып барат. Буга чейин айлык акы Каржы министрлигинин карамагында болуп, ал эми төлөм жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан ишке ашып келген.

-
2013-жылдын 6 айында борбор шаардагы Мамлекеттик тарых музейине 71 МИҢДЕН ашуун адам кирген. Мындай жогорку көрсөткүч музей негизделгенден бери биринчи жолу катталганын аталган мекемеден билдиришти.
-
«ЖЕР-ҮЙ» алтын кенин сатуу боюнча экинчи жолку сынак сентябрь айында жарыяланарын вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.
-
Учурда Кыргызстандын аймагында УУЛУУ КАЛДЫК көмүлгөн 50 жай бар. Анда жалпысынан 680 миллион м3 радиоактивдүү калдык көмүлгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
-
«1995-жылы өлкөдө кайра иштетүүчү 3000 ишкана болсо, бүгүнкү күндө алардын 300ү гана иштейт»,- деди айыл чарба жана мелиорация министри ЧЫҢГЫЗ УЗАКБАЕВ.
-
Ош шаарында автоунаалардын саны 57 МИҢГЕ жакындап калганын мэрия маалымдады.
-
Премьер-министрдин буйругуна ылайык, өкмөттүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин жетекчиси болуп
ДҮЙШӨНБЕК ЗИЛАЛИЕВ дайындалды.

-
1-августта Каракол шаарындагы №23-тергөө абагында күзөттө турган кызматкер ӨЗҮН ӨЗҮ АТЫП АЛДЫ. Бул маалыматты ЖАМКнын жетекчисинин орун басары Калмурат Байтолоев тастыктаган.
-
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 7- август Рамазан айынын 30-күнү болгондуктан, 8-август ОРОЗО АЙТ болуп аныкталды.
-
Ош шаарында абанын температурасы +42 градустан жогору болгондуктан акыркы күндөрү «ТЕЗ ЖАРДАМГА» кайрылгандардын саны өсүүдө.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg