КАЗАКСТАНДЫК ОЛИГАРХ АБЛЯЗОВ КОЛГО ТҮШТҮ

№561 2-август-8-август, 2013-ж

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин бир нече жылдан берки «баш оорусу», 2009-жылы өлкөсүнөн качып кеткен банкир Мухтар Аблязов 31-июлда Франциянын түштүгүндөгү Ницца шаарында жергиликтүү полиция тарабынан колго түшүрүлдү. Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, казак олигархы Орусиянын суранычы боюнча кармалган. Аблязов өз өлкөсүндө шылуундук боюнча айыпталып, эл аралык издөөгө жарыяланган болчу. Анын мамлекетке келтирген чыгымын казак бийлигин ондогон миллиард доллар деп эсептеген. Өз кезегинде айыпталуучу бул саясий буйрук экенин айтып, күнөөнү моюндабай келет.
Ал 2009-жылга чейин Казакстандагы БТА банкын жетектеп келген. Аталган банк өкмөттүн карамагына өткөндө Аблязов мамлекетинен качып чыгууга жетишет.
Буга чейин белгилүү болгондой, ушул жылдын май айында анын жубайы Алма Шалабаева менен 6 жашар кызы Италиядан кармалып, Казакстанга өткөрүлүп берилген болчу. Ал ортодо «казак оппозиционерине Кыргызстандын паспорту берилген» деген маалымат тараган. Бул кабарды Аблязов четке кагып, «менде Кыргызстандын паспорту жок» деген.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(1)
05.08.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Назарбаев билинбеген диктатор. Казактарда Назарбаевден башка президент болгондо казактар мындан 5 эсе жакшы жашайт эле. Эмне деген гана ресурстар бар эле. Кыргызстандай болуп эчтекебиз жок болсо анда башка кеп. Эми эксперттердин айканына таянып айтып жатам да. СССРдин убагында буткул союздун экономикасынын бирден бир локомотиви катары казакстан ресурстары саналган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо