ТАСМА МЕНЕН САЙМА ТҮШҮРҮҮ

№562 9-август-15-август, 2013-ж

«Өнөр издегениң – өргө кадам шилтегениң» делет. Анын сыңарындай, жаңы же бейтааныш өнөр кызыгуу жаратпай койбойт. Сайманын эмне экенин
баарыбыз жакшы билебиз. Ал эми тасма менен саймалап, сүрөт түшүрүү дегенди билесизби? Эгер бул сизге кызык болсо, анда төмөндөгү макалага көңүл буруңуз.

ТАРЫХЫ
Тасма (лента) менен саймалоо (же сайма түшүрүү) тарыхы байыркы маданиятка барып такалат. Жибек куртунун сыры ачылган соң Европа, анын ичинде Франция жибек өндүрүүчү ири өлкөгө айланган. Лион шаарында алгачкы жибек тасмалары өндүрүлөт. Ошол убакта Франциянын королу баштаган бай адамдар жибек тасма менен кийимдерин кооздотушкан. Ошентип кездемени жана кийимди тасма менен кооздоо өнөрүнүн уюткусу түзүлөт. Бара-бара ак сөөктөр арасында тасма менен сайма түшүрүү, саймага ар түрдүү сүрөттөрдү чагылдыруу модага айланган. Учурда бүткүл дүйнөгө таралган өнөр «тасма менен саймалоо» же «сайма түшүрүү» деп аталып келет.

ЭМНЕЛЕР КЕРЕК?
Сайма түшүрүлгөн кездемелер менен жаздык кап, куттуктоо баракчаларын жана башка фантазияга ылайык көп нерселерди жасалгалоого болот.

  • Кездеме. Кездеме бекем жана тыгыз токулбаган (одуракай) болушу зарыл. Тасманы кездемеге тешип өткөзүп тигип жатканда ал оңой кирип-чыгышы керек.
  • Тасма. Азыр тасманын түрү көп жана мындай саймага кагаз лентадан тышкары бардык түрүн колдонуп жүрүшөт. Жибек, органза, капрон кеңири колдонулат. Лента тандоодо анын капталдарына көңүл бурган оң. Лентанын эки капталы бекем бекитилген болбосо тигип жатканда ыдырап, убарага салат.
  • Ийне. Ийне же теменени тигиле турган саймага жана лентанын энине карата тандайт. Бир эле саймага эни ар кандай тасма пайдаланылышы ыктымал. Мындайда ар бир лентага ылайык келген ийне тандайсыз. Антпесе ичке тасманы көзү чоң ийнеге саптап тиксеңиз, кездемеде ашыкча тешиктер пайда болот. Тасманы бири-бирине бириктирип тигүүдө кадимки жипти ийнеге саптап колдонобуз. Андыктан жип менен тасма бирдей түстө болушу шарт.
  • Жана башкалар. Кооздук үчүн шуру, тор сыяктуулар да пайдаланылышы ыктымал. Кездемени атайын кергичке бекитип алып сайманы баштасаңыз колго кармап тиккенге караганда оюм түз жана даана түшөт.

«КЫМБАТЫ 5 МИҢ СОМ»
Борбор калаабыздын базарларынын биринде тасма менен сайма түшүрүп, өз өнөрүн элге да бөлүшүп, чакан бизнес да жасап отурган замандашыбыз бар. Ал – АДЕЛЯ АБДИЕВА. Уз айымды соода кылып отурган жеринен таап, сүйлөштүк.

– Иш илгери болсун! Кызыктуу өнөрдү аркалайт экенсиз, муну кантип үйрөнүп алгансыз?
– Бул өнөр тууралуу алгач тааныштарымдан уккам. Анан кызыгып, Орусиядан бул саймага тиешелүү баштыкты (набор) алдырдым. Баштыкта сүрөт түшүрүлгөн кездеме, тасма, темене, жип жана сайманын схемасы болот. Ал схеманы карап, интернетти пайдаланып өздөштүрүп алдым. Эң негизгиси, адамдын каалоосу болушу керек. Азыр ошондой баштыктарды Кытайдан, Орусиядан дүңүнөн алдырып, сатып отурам. Менден кызыгып алып кетип үйрөнгөндөр арбын.

– Бул керемет сүрөттөрдү сиз сайдыңызбы?
– Ооба. Бардыгын өз колум менен сайып, сыртынан айнек каптатып рамкага салып койгом. Мындай даяр белектин (сувенир) арзаны 350 сом, кымбаты 5 миң сомго сатылат.

– Маегиңизге рахмат!

Гүл эле эмес, тасма менен саймалап жаратылыштын, жан-жаныбарлардын, буюмдардын элесин да келиштирип түшүрүүгө мүмкүн. Фантазияңызды чектебеңиз!

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
12.08.2013. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуу экен.
13.08.2013. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыгып жургом мен дагы
13.08.2013. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонунго чиркин, жашнакай экен, бизда жасап корсок колдон келээр бекен.
17.08.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да абдан жакты, жакшылап конул бурса,колдон келчуудой экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо