БАБАНОВДУН РЕФОРМАСЫ ЖЕМИШИН БЕРЕ БАШТАДЫ

№562 9-август-15-август, 2013-ж

44 өлкөгө визасыз режим киргизүү демилгеси көтөрүлгөндө Тышкы иштер министрлигинде, элчилик, консулдуктарда иштегендер чуу чыгарышкан. Алар «өлкөгө террорчулар каалагандай кирип-чыгып калат, коопсуздугубузга коркунуч келет» деп чыгышкан. Чынында, аларды өлкөнүн коопсуздугу эмес, чет элдиктерге виза берүүдө чөнтөктөргө түшүп турган акчадан айрылып калуу коркунучу чочутту десек туура болор эле. Мындай каршылыктарга карабай Өмүрбек Бабанов баштаган өкмөт бул демилгени жүзөгө ашырып, 44 өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз кирүү мүмкүнчүлүгү берилген. Жакында эле бул тизмеге 45-болуп Япония киргизилди.
Жөжө саноочу мезгил деле көп күттүргөн жок. Туризм департаментинин башкы адиси Чубак Оморовдун айтымында, былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу быйылкы жылдын алты айында Кыргызстанга келген туристтердин саны өскөн. Визасыз режим киргизилген өлкөлөрдөн келген туристтерди алсак, былтыркы жылга салыштырмалуу алар 20 миңге көп келишкен. Эгер жылдын аягына чейин орто эсепте алсак, ал өлкөлөрдөн келген туристтердин саны былтыркыга салыштырмалуу 40 миңге өсөт экен. Албетте, туристтер жөн келишпейт. Алар келген өлкөсүндө ар кандай тейлөө кызматтарынан пайдаланышат. Жол жүрөт, тамактанат, мейманкаларда түнөйт, гид жалдайт, айтор, сөзсүз түрдө акча сарптайт. Демек, элде да, мамлекеттик казынада да алардын акчасы калат.
Экс-премьер-министрдин тушунда башталып, бирок ишке ашпай калып калган демилгелердин дагы бири – «Ачык асман» долбоору. Бабановдун пикиринде, «Ачык асман» режими Кыргызстандагы жергиликтүү авиакомпаниялардын арасында да атаандаштыкты күчөтүп, натыйжада баалар арзандап, тейлөө сапаты жакшырмак. Албетте, бул идеяга жергиликтүү авиакомпаниялар каршы чыгышкан. Чет элдик ири авиакомпаниялар Кыргызстандын рыногуна жолтоосуз келе баштаса, анда жергиликтүү компаниялар банкрот болушат дешет алар. Экономика министрлигинин жоромолу боюнча, жергиликтүү авиакомпанияларга мынчалык коркунуч туулбайт. Тескерисинче, Кыргызстан «Ачык асман» режимине өтсө инвестициялык климат жакшырмак, Түштүк Чыгыш Азиядан Европаны көздөй кеткен учууларда Кыргызстан «аялдама» болуп бермек. Албетте, «Манас» аба майданын жакшыртууга шарт түзүлмөк. Ансыз деле «Манас» аба майданынан АКШнын транзиттик борбору чыгарылат дегенден бери өкмөттө тынчтык жок. Анткени АКШ жыл сайын транзиттик борбор үчүн казынага төлөп келген акчанын ордун толтура турган булак табуу керек. Андыктан аталган аба майданды эл аралык авиахабга айландыруу тууралуу сөздөр көп айтыла баштады. Эксперттердин пикиринде, «Ачык асманга» өтмөйүн «Манасты» эл аралык авиахабга айландыруу жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.
Айтор, азыркы өкмөттө баягы эле көрүнүш. Чиновниктер өлкөгө, элге пайда келе турган жакка эмес, эскиге, өз чөнтөгүнө пайда түшө турган иштерге тарта беришет. Жергиликтүү авиакомпанияларда, албетте, чиновниктердин кызыкчылыгы, үлүштөрү бар.

politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
13.08.2013. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ачык жазылыптыр азаматсыңар! Бирок арасындагы далилденбеген божомол сөздөр кимдердин пикири?
15.08.2013. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бабанов мырза озунуз азаматсыз да, баарын чынын айтыпсыз, ушунун баары иш жузундо коргозулсо экен дээр элем. сизди колдогон элдер да арбын, андыктан жакшы иш аракет кыла беришинизди каалар элек
16.08.2013. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабановду колдойм.
Коп жакшы иштерди жасамак.
16.08.2013. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
negizi KYRGYZSTANDYN prezidenti Babanov boluwu kerek ele , taza tak jana kuyumdu iwtemek. Azamatsyz Omurbek myrza. Iygilik iwinizge
18.08.2013. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ova Babanov iwtemek 4ynynda, ayagyna 4eiin iwtetpei ketire beriwti.((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо