КУЛМАТОВ ЭМИ ГУБЕРНАТОР...

№562 9-август-15-август, 2013-ж

  • Күйүүчү май жана тетиктердин жетишсиздигинен өлкө ичиндеги 41 ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ машина нөөмөттөн алынды.
  • Өкмөт аткаруу бийлик органдарындагы статс-катчылыкка талапкерлерди КАЛП ТАПКЫЧТАН өткөрүүнү мыйзамдуу түрдө киргизүүнү сунуштоодо.
  • Жарандарга укук коргоо органдарына кызматка кирүү үчүн сөзсүз түрдө АСКЕРДИК КЫЗМАТТАН өтүшү керек болот. Өлкө башчысы бул мыйзамга 7-августта кол койду.
  • 2010-2012-жылдар аралыгында өлкөдөгү балдар үйлөрүнө 271 БАЛА жайгаштырылган, алардын энелеринин 70 пайызы турмушка чыга электер болгон. Ташталган балдардын көбү Ош, Бишкек жана Москва шаарларында төрөлгөн.
  • Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин айтымында, август айынын ичинде 22 ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН курулушу аягына чыгуусу керек.
  • УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы ИЮНЬ ОКУЯСЫНЫН жабыркоочуларына үй курган «Ансар Трейд» жана «Плутон Строй» ЖЧКларына салык мыйзамын бузгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоду.
  • Мамлекеттик каттоо кызматына күн сайын жарандардан ID-карта алууга 5 МИҢГЕ жакын арыз келип түшөт.
  • Өкмөттүн Чүй облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Айбек Азыранкулов башка жумушка которулгандыгына байланыштуу анын ордуна Бажы кызматынын мурунку төрагасы КУБАНЫЧБЕК КУЛМАТОВ дайындалды.
  • Түркиянын борбору Анкара шаарында КЫРГЫЗСТАНДЫН ҮЙҮ ачылды.
  • 2-август күнү Ысык-Көл облусунун Бостери айылында белгисиз кишилер жергиликтүү кеңештин депутаты ЧЫНАРКҮЛ МОЛДОШЕВАГА ок чыгарышты. Учурда жаракат алган эл өкүлүнүн абалы туруктуу.
  • Бишкектин мэри Иса Өмүркулов шаардагы №25-ОРТО МЕКТЕПТИН учурдагы абалы авариялык деңгээлге жеткендигине байланыштуу имарат буздурулушу мүмкүн экендигин айтты.
  • Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан АЙБАНАТТАР БАГЫ темгилдүү чаарчык, пони жана эки каман менен толукталды.
  • Кыргызстан Казакстан менен Өзбекстанга жаратылыш газын ташуу боюнча 21 МИЛЛИОН ДОЛЛАР карыз, ал эми өлкө ичиндеги көгүлтүр оттун керектөөчүлөрүнүн «Кыргызгаз» ААКсынын алдында
    6 миллион доллар бересеси бар.
  • Кыргызстандын туңгуч президенти АСКАР АКАЕВ орусиялык басылмалардын бирине: «2005-жылы өлкө көтөрүлүп келе жаткан болчу. «Түстүү революция» болсо, америкалыктар тарабынан уюштурулган. Мени эл кууган эмес»,- деп маек берди.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо