НАРЫНДЫН ГУБЕРНАТОРУ МЫКТЫ ДЕП ТАБЫЛДЫ

№562 9-август-15-август, 2013-ж

Өкмөттүн Нарын облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлү Канатбек Муратбеков «Супер-Инфо» гезитинин www.super.kg расмий порталында жүргүзүлгөн сурамжылоодо колдонуучулардын чоң колдоосуна ээ болду. «Өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнүн кимисинин ишин канааттандырарлык деп баалайсыз?» деген сурамжылоо боюнча Канатбек мырза эң көп добуш топтой алды.
Нарын губернаторунун досьесине үңүлсөк, Муратбеков Канатбек Камбарбекович 43 жашта. Ал эсепчилик жана бажы иши боюнча адистиктерине ээ. Эмгек тажрыйбасын жеке ишкердик менен баштап, губернаторлук кызматка 2011-жылдын 15-февралында дайындалган. Уккан-көргөн булактарыбызга таянсак, Канатбек мырза жергиликтүү калк арасында абройлуу жана карапайым мүнөздөгү киши. Ишине көбүнесе кызматтык унаасында эмес, көчөлөрдү аралай жөө басып келгенин эшитип калган жайыбыз бар.
Облус башчыларынын мыктысын аныктаган соң эстафета шаар башчыларына өтөт. 12-августтан тарта жети мэрдин атак-даңкы менен төккөн теринин мээнети таразага коюлмакчы. Андыктан мыкты мэр үчүн добуш берем десеңиз, www.super.kg порталындагы сурамжылоого баш багыңыз.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
12.08.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туп туура, ишинизге ийгилик Канатбек Камбарбекович
17.08.2013. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым узун омур ден-соолук берсин биздин губернаторубузга.....Алга
17.08.2013. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оркундой бер НАРЫНЫМ!!
21.12.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Быйылкы жылдагы губернаторлор менен мэрлерге болгон сурамжылоо чындыгында туура болуптур. Эл сынчы да , эл тараза! Нарын облусунун губернатору менен Ош шаарынын мэри эн коп бал топтошуптур! Канатбек Кабарбекович! Сыйлыгыныз кут болсун, мындан ары да Тенир-Тоонунун коркуно корк кошуп, гулдогон аймакка айландыруунузга тилектешмин. Адамда чындыгында ото каттуу каалоо болсо, баарын жасайт, кош конул мамиле барды да жок кылат, уйдо деле ошондой эмеспи!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо