МУН ГЫН ЁН

№563 16-август-22-август, 2013-ж

Бул татына жүздүү, уялыңкы актриса көрүүчүлөргө "Күлчү кыздын эжеси", "Чуулгандуу сүрөтчү" сериалдарындагы ролдору менен тааныш. Корей киносунун көркүн ачкан Мун Гын Ён менен тааныштырабыз.

Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 6-май
Туулган жери – Түштүк Корея, Кванжу шаары
Кесиби – Актриса, модель
Бою – 165 сантиметр
Салмагы – 43 килограмм
Бош убактысында – Китеп окуйт, кино көрөт, бий курсуна барат жана уктайт
Тартылган тасмалары – «Мэри, түнү бою кайда жүрдүң?», «Күлчү кыздын эжеси», «Менин кичинекей келинчегим», «Чуулгандуу сүрөтчү» жана башкалар.

ТЫҢЧЫНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨН ЧЫККАН АКТРИСА
Мун Гындын чоң атасы Рю Нак Жин көп жыл бою саясий айып менен түрмөдө отурган адам. Тагыраак айтканда, Кореянын эки бөлүгүнүн ортосундагы согушта Түндүк Кореянын пайдасына тыңчылык кылгандыгы үчүн айыпталып, кийин амнистия менен бошотулган. Ал эми таякелери 1980-жылы Кванжу шаарындагы көтөрүлүштө атууга кетишкен. Албетте, жогорудагы саясий чатактардын запкысы актрисанын үй-бүлөсүнө тийбей койгон эмес. Ошентсе да алар бардык кыйынчылыктарды жеңип, ал тургай үй-бүлөлүк бюджеттин кайсы бир бөлүгүн жардамга муктаж адамдарга берүүнү адат кылып келишет.

СЕКЕЛЕК КЕЗДЕН БАШТАЛГАН КАРЬЕРА
Мун Гын Ён үй-бүлөдө эки бир тууган. Өзүнөн кичүү сиңдиси бар. Ата-энеси жумушта болгондуктан, ал көпчүлүк убактысын чоң энеси менен өткөрчү. Секелек кезинен окууга дилгир, сабакты себепсиз калтырбаган, тырышчаак Мун 3-классында «Белоснежка жана жети эргежээл» спектаклинде роль ойнойт. Мына ошондон тарта анын киного болгон кызыгуусу артып, 12 жашында «Жолдо» аттуу документалдык фильмге тартылат. Бул анын тасма талаасына болгон алгачкы кадамы эле. Актрисанын андан аркы карьералык жолу байсалдуу уланат. 2000-жылы «Менин жүрөгүмдөгү күз» тасмасы менен чет өлкөдө ийгилик жаратып, Мун Гын Ён «Эң популярдуу жаш корей актрисасы» аталган. Өзүн азыркыга чейин секелек кыздай алып жүргөн, бала кыял актриса дайыма үлгүлүү жүрүм-туруму менен кесиптештеринен айырмаланып келет. Ушундан улам корей эли аны «Кемчиликсиз» деп атап койгон.

КАЙРЫМДУУЛУК ИШТЕРИН ЖАШЫРАТ
Корей эли Мун Гын Ёнду актриса катары гана эмес, кайрымдуулук иштерине миллиондогон акчаларын жумшаган мээримдүү кыз катары да таанышат. Айрым атактуулар жасаган кайрымдуулук иштерин басма сөзгө кабарлап мактанганга шашса, актриса, тескерисинче, жардам кылган мекемелерден өз атын айтпоону суранат экен.
Ал эми жеке жашоосуна кайрылсак, турмушка чыгууга азырынча эрте экенин айтат. Актриса идеалдуу мырза деп актёр Ли Кван Суну эсептейт. Мун уялчаак мүнөзүнөн арылгысы келет, бирок айрым бир учурда уяңдык айымдардын сулуулугун арттырат деп эсептейт. "Башка актрисалардан өзгөчөлүгүм, табигат тартуулаган келбетимди, мүнөзүмдү жоготпогонум, сахнада да, жашоодо да табиятымдан кандай жаралсам ошондой болгонго аракет кылам" дейт.

КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР

  • 1997-жылы Лондондо «Жакын» деген спектаклде ойноп театрдагы тушоосун кескен.
  • Актрисанын ырчылык өнөрү да бар.
  • Кореяда гана эмес, Азия өлкөлөрүндө да популярдуу болгон «Мэри, түнү бою кайда жүрдүң?» сериалын жайылтуу максатындагы Япониядагы турнесинде Мун Гын Ён менен Чан Гын Сок дуэт ырдашкан. Экөө ырдап бүткөнчө 60 миңдей фанаты колдоп-коштоп турган.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(32)
19.08.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жагат ушул кыз!
19.08.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баланын ролун ойногондон кийин эле балага кобурок окшоштура берем, кыз болуп турса да жон эле кыздын кийимин кийгендей боло берет. Сонун аткарган окшоштура.
19.08.2013. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага да жагат!
19.08.2013. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Kuz jomogu"tasmasynda Min Su Endun ki4ine kezin atkarat uwul aktrisa..
19.08.2013. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EMILI, Мин Су Ен "Тагдыр оюну" деген сериалго
19.08.2013. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EMILI мм эстедим оа агасыны суйуп калатко кичинекейинде аларамерикага кочуп кетишет кыздарды алмаштырып
19.08.2013. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Buiul jany serial chukkan uwul aktrisa tartylgan bawky kaarmanda atkarat...Korsonor dostor "Богиня Огня Чон И" degen aiabai kuzuktyy serial....
19.08.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага Мери болгондогусу аябай жагат, назик кыз го, жыгылайын деген аран жаны бардай эле туюла берет. Чан Гын Сок менен парочка болуп калган го тасмада
19.08.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулчу кыздын эжеси деген не деп которулат? Кулчу- куло берчубу же тушунбодум
19.08.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
detective,
Саламатсызбы!
Күл деген оттун күлү, орусча зол , ошондо күлчү - Золушка.
Кинонун аты "Сестра Золушки"
20.08.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_media, аа рахмат
19.08.2013. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чуулгандуу суротчу тасмасынан кийин бул актрисаны баалайм. Сонун аткарган.
19.08.2013. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oba menda ayabai jaktyram. Menimche jakynda dagy bir jany dramasy chygat Kim Bum m.n!
19.08.2013. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мин катышкан кинолордун атын жазгылачы
19.08.2013. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сестра золушки д.н кыргызчасы кулчу кыздын эжеси
19.08.2013. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адашпасам ”Чуулгандуу суротчу” деген сериал кыргыз тилине которулуп КТРден берилген беле?
19.08.2013. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мери где ты была всё ночь деген киносу соонун
20.08.2013. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяш аябай сулуу экен!
22.08.2013. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
blak.star.kg, рахмат
20.08.2013. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аааааааааааааа, менин суйуктуу актрисам, Чуулгандуу суротчудон улам, тобо, мынчалык кумир тутканым жок эле
20.08.2013. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жылдыздуу кыз экен)
20.08.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
87 жылкы экен, мен мынча улуу деп элестеткен эмесмин. Сулуу ,жакшынакай ото жаш корунот.
20.08.2013. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
невинные шаги дегенди аябай кызыгып кордум эле
20.08.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Просто Обожаю ее........
22.08.2013. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызымдын кыздарын эчкимге тенебейм.....жанымдан артык кором жанымды беришке да даярмын Кыргызымын кыздары учун..
22.08.2013. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boru87,
Баш тамгалар грамматика эрежесине ылайык гана колдонулушу керек!
22.08.2013. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба мага да аяббай жагат бул актриса.Ал эми Актриса деген создун кыргызча которулушу барбы билбейсинерби?
23.08.2013. 05:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
k-s_aza,
(:
23.08.2013. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул кызды абдан жакшы кором сулуу кыз
25.08.2013. 05:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ токтоткулачы! Аркайсы жака оогонду качан токтотосунар, азыр жамандап жазса тим эле жамандап калмаксынар, Жон эле чечинтип кайта кийиндирип
25.08.2013. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эркек и "красвчиkго"деп жүргөмдаа..
12.09.2013. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Юн Бокту мыкты аткарган.кыз экенин билгенден кийин деле эркек деп элестете берем эмнегедир,мыкты аткаргандыгынан болсо керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо