№563 16-август-22-август, 2013-ж
Колоңсо менен шыбоону чыныгы эркектин жыты деп коюшат. Бирок бул жыттар башкаларга гана эмес, адамдын өзүнө да жагымсыз экени талашсыз. Мындай адамдын жанына киши тура албай, көпчүлүк мурдун чүйрүшөт. Жагымсыз жыт эмнеден улам пайда болот жана андан кантип арылуу керек? Ушул суроолорго төмөнкү макалабызда жооп издейбиз.
ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТЫН КЕЛИП ЧЫГЫШЫНА ЭМНЕ СЕБЕП?Кара жумуш жасаганда, тез кыймылдаганда же күн ысыкта адам катуу тердейт. Кээ бирде жинибиз келип ачууланганда, санаага батып катуу ойлонгондо же толкунданганда көл-шал болуп тердеп, чекебизден тер чыпылдап кетет. Ошондой эле бөйрөгү ооруган адамдар да терчил болушат. Анткени бөйрөк организмдеги зыяндуу заттарды тазалоого үлгүрбөй калат да, тер бездери аларды тер аркылуу дененин сыртына чыгара баштайт. Мындан улам терчил адамдарда жагымсыз жыттар пайда болот. Мунун негизги себеби тер деп ойлошубуз мүмкүн, бирок андай эмес. Анткени тердин курамы суу менен туздан гана тургандыктан, анын эч кандай жыты болбойт.
Адамдагы мурунду өрдөгөн жагымсыз жыт дененин көп тердеген жылуу бөлүктөрүнө (колтук, алаа, таноо, таман) топтолуп, көбөйгөн бактериялардан чыгат. Ошондой эле ичип-жеген ашыбыздын жыты да тер менен сыртка тарайт. Ал эми тамеки чегип, ичимдик ичкен адамдан кандай «аңкыган жыт» чыгары айтпаса да белгилүү болсо керек. Андыктан жагымсыз жыттан кутулуунун негизги жолдору тазалык жана туура тамактануу болуп саналат.
САСЫК ЖЫТТАН АРЫЛУУ ҮЧҮН ТУУРА ТАМАКТАНЫҢЫЗ
Жагымсыз жыттан арылуу үчүн жей турган азык-түлүктү да тандоого туура келет. Майлуу, куурулган тамактар, эт, балык, кымыз, сарымсак, пияз, ачуу калемпир сыяктуу татымалдар жана алкоголдук ичимдиктер жагымсыз жыттын күчөшүнө алып келет. Бул азыктардан убактылуу баш тартуу менен денеңиздеги сасык жыттан арылууга мүмкүн. Ошондой эле денедеги жытты калыбына келтирүүгө төмөнкү азыктар көмөкчү боло алат:
Мындан сырткары көп ачууланууга болбойт. Адам өзүн тынч кармап, магнийге бай азыктарды көбүрөөк жеш керек. Бул стрессти төмөндөтүүгө жана тердин аз бөлүнүп чыгуусуна жардам берет.
Колоңсо менен шыбоодон кутулуу үчүн тазалыкты сактаңыз
КОЛОҢСО
ШЫБОО
ТАМЕКИНИН ЖЫТЫНАН АРЫЛУУ
Чылым чеккен адамдын оозу ашаткы жыттанып, жанындагы адамды качырат. Тамекини таштай албай жүргөндөр же аны тартууну адатка айланткандар бирөө менен жолугушуунун же коомдук унаага түшөрдүн алдында жарым саат мурда чылым тиштебей эле койгону оң. Эгер эрки чыдабаса, анда ашаткы жытты кетирүүнүн амалдарын эстерине түйүп алганы дурус болор.
ДЕЗОДОРАНТ ТАНДООДО КӨҢҮЛ БУРЧУ ЖАГДАЙЛАР
Жөнөкөй дезодорант бактерияларды өлтүрөт, бирок терди токтото албайт. Мунун курамында триклозан жана фарнезол аттуу бактерия өлтүргүч зат болот. Триклозандын организмге пайдасынан дагы зыяны көп. Ал эми фарнезол болсо пайдалуу, анткени ал жалаң эфир майынан даярдалат. Алар, тескерисинче, тер менен күрөшөт. Курамында терди кургатуучу алюминий жана цинктин элементтери болот.
Парфюмериялык дезодорант терди да, бактерияны да жөнгө сала албайт. Болгону өзүнүн жыпар жыттуу композициясы менен колтуктун жаман жытын жоготот.
Дезодорант-антиперспирант эң мыкты натыйжа берет. Бир эле учурда колтуктагы терди кургатат, бактерияны өлтүрөт жана жаман жытты жөнгө салат.
КЫЗЫКТУУ
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
сигаретте никатин,
андан коро алма же,
алмада бар витамин.....дешкен экен