Кремлдин куугунтугу: КАНЧА МИГРАНТ КАЙТЫП КЕЛЕТ?

№563 16-август-22-август, 2013-ж

Эки апта мурун Орусияда башталган «аңчылык» эмгек мигранттарынын полициялык участокторго батпай калуусунан чатыр лагерлерине жайгаштырууга чейин алып келди. Согуш кезиндеги туткундар кармалган лагерлерди эске салган Москвадагы бул жайда кыргыздар да бар.
Мигранттарга карата массалык куугунтук «матвеевдик тазалоо» деген аталышка да ээ болду. Анткени июль айынын соңунда Москва шаарындагы «Матвеев» базарында дагестандык мигранттар тарабынан полиция кызматкерине кол салуу орун алып, ошондон бери жалгыз гана кавказдыктар эмес, Орусияда тирилик кылып жүргөн бардык мигранттардын шору кайнап жатат. Базарлар, бекеттер, көчөлөр, жатаканалар, дегеле гастарбайтерлер көп болгон жайларга бастырып киришип, ит менен шимшилей издешип, түшүндүрүүгө жетише элек мигранттарды айдап жөнөшкөн Орусиянын тартип сакчылары тартылган видеобаян интернетте учурда кызуу талкууда. Андан ары аларды ондоп-жүздөп, сот залына жеткирбей эле судьялар депортациялоо чечимдерин тутамдап таратып жаткандыгы айтылууда. Мунун баары Москва шаар башчысын шайлоо алдында орун алып жатканы да күмөндүү ойлорго жетелейт.   
Кармалгандардын саны миңден оогондо алар үчүн Москвада чатырлар лагери ачылган. Бүгүнкү күндө Кремль андай жайлардын санын 80-90го жеткирүү керектигин айтууда. Ошол эле тапта Орусиянын жарандык активисттери «өлкө ичиндеги улуттар аралык душмандыкты көкүтүүгө багытталган, уятка калтырып жаткан антимигранттык кампанияны токтоткула» деп талап кылып чыгышты.   
Чатырлар лагеринде 10 кыргызстандык мигрант бар эле. Иликтөө-текшерүүдөн кийин документи жок төртөө калган. Мыйзамга ылайык, кыргызстандык жаран Орусиянын аймагында 90 күн визасыз жүрө алат, ал убакыттан кийин уруксат кагазын алуусу зарыл.   
Казакстандын да мындан бир-эки жыл мурун мекендештерибизди куугунтукка алганы эсибизде. Базарларды түрө кыдырышып, кыргыз эмгек мигранттарын автобустап мекенине жөнөтүп баштаган болчу. 
Учурда өлкө ичинде Бажы союзуна кирүүдө кандай зыян тартарыбызды эсептеп баштаганда эле кыргыз бийлиги «эң чоң пайдасын эмгек мигранттары көрөт, алардын шарты жакшырат» деген аргументти айтат. Же мындай иш-аракет менен Орусия Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн тездеткиси келип жатабы?

Шаиста Шатманова,
Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(33)
19.08.2013. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ий бечара мигранттарыбызга кыйын болду го!баарыбызды ошол россия багып жатса Эх россия
19.08.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Учурда өлкө ичинде Бажы союзуна кирүүдө кандай зыян тартарыбызды эсептеп баштаганда эле кыргыз бийлиги «эң чоң пайдасын эмгек мигранттары көрөт, алардын шарты жакшырат» деген аргументти айтат. Же мындай иш-аракет менен Орусия Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүн тездеткиси келип жатабы?" Бул бийлик бизди өмур бою тентиткиси келип атат окшойт.
19.08.2013. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет жакта жургондорду ойлойбуз жыргап акчага сузуп журушот деп, кайдаан, азап тозок, менттердин кууганы, чурки деп адам катары корбогондоручу. Кыскасы оз мекенибизде эле кенен басып, кенен иштегенибизге эмне жетсин. Иштин козун тапкандар бул жактан эле соп-сонун оокат кылып атышат.
19.08.2013. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мигранттарга кыйын болду оозун ачкан окмотубуз элди тентитпей шарт тузуп бербейби Кыргызстандан бир айда алган он мин сомду Россияда бир жумада алып атышса жан багалы еп кетип атышат а орустар кууп атат. Бизде деле мигранттар бар бирок биздин окмотубуз алардан коркот
19.08.2013. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмот жыргатпай калды го
19.08.2013. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жашоо,башка олкодо тентип журуу кимге эле жаксын?!Ошончо уй булонун ырыскысына кыянат кылгандарды Аллахым озу коруп турат,чондор ошондон деле коркуп койсонор...Бизге эле кыйын болду...
19.08.2013. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар куну интернеттен мигранттар жонундо акыркы кабарларды окуп турам.Атайын мигранттар учун ачылган лагерди коргондо журок сыздайт.Ошол видеолорду биздин окмоттун адамдары коруп жатышат болду бекен?Коруп ,угуп аткан болушса кыргызстандын бюджетин толуктап ,киреше киргизип жаткан мигранттарга жардам кылышса керек деп ойлойм.Канырык тутоткон ушундай учурда жардам бере алышпаса ,анда кыргыз элине эч кандай президент ,окмот,депутаттардын кереги жок!!!
19.08.2013. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нени айтышты билбейбиз! Ушундай учурду эске алсак ! Озунун аймагында жашаган Дагестандыктын айынан ушундай чуу которушту булар! Кийин Кыргыздар бажы биримдигине кирсе не кунду корорубузду азыртан ойлоп койо берелик ! Кыргыз калкым!
19.08.2013. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстан АКШнын аскердик базасын чыгаргандыгы үчүн кыргыздарга Орусияда жеңилдиктер берилет дешти эле.Кайдан өкмөтү аз келгенсип эми такырбаштары да баш көтөрөсө болду.Өкмөт кресло талашканча ушул маселерди карашса болмок.
19.08.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр интернеттен эн коп Мусулмандарды талкуулап жатат. Айт майрамга топтолгон Мусулмандарды тушунбой ар кандай комментарий лерди жазып жатышат
19.08.2013. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баары эле силер жазгандай эмес.документи болсо жакшы эле.жанагы кармалгандар документи жоктор.кудай деп иштеп жатабыз...бирок "черныйлар"кыйла эле азайып калышты.
20.08.2013. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
safoo, документи бар жакшыналарын деле депорт кылып жатышат. кечээ эле тааныштарыбызды уй-булосу м.н депорт кылып салышты го козубузчо. эптеп-септеп менттердин жанынан айланып отуп журобуз. мен го кичине татаркаларга окшогонум учун бемарал журом, ата-энем,эжемдер, квартирадагылардын журоктору калбады эми, коркуп.
19.08.2013. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
документинерди толуктап алгыла.лагерге тушпойбуз десенер туугандар
19.08.2013. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен журомго 5жылдан бери документим жок еле айласын тапса болот
24.08.2013. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekzat.4496, кармалганда таппай эле калабыз айласын. Мен деле 5 жылдан бери документсиз журдум, кармалбай. Бул эми бешенеге жазгандан да. Жонокой милициясына кармалып документсиз болсом да акча бербей да кутулуп кетчумун. Азыр кармалып королучу документсиз же документ болсо деле ФМСке, айла таппай калаарбыз.
19.08.2013. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Докуметтери жок болсо ошода, туура эле кылышат депортация кыла берсин.
19.08.2013. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
негизи алардыкы да туура да, ошол олкодо иштеп жан багып аткандан кийин алардын мыйзамын сыйлаш керек да. Силер ойлогончолук эмес, документтин туура болсо эч нерсе кылбайт.
23.08.2013. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
profesor, ой силер кызыксынарго разрешение на работу алыш учун 25мин рубль керек,а иштегенин озу 20мин болуп атса .
23.08.2013. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Timur93, иштеген жерине кереги жок болсо,патент жазатып алса болот.жолдору бар да коп эле.
19.08.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын мекенибизге аман эсен кетели,барган сайын текшеруу кучоп баратат
20.08.2013. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар менен Россиядагылардын мамилеси жакшы эле, ою жамандын озу жаман!
20.08.2013. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи кичине тазалап турбаса, бул жакта журуп алышып, энесинин торундо жургондой элестетишет. колдоруна пиво, арак которуп кыйкырып ичип журушот.
21.08.2013. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
indira.1991, Даа, туура айтасыз, кошулам
20.08.2013. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чатак болду бирок кууганы кысталак.
20.08.2013. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өзүңдү жакшы алып жүрсөн, документин таза болсо эле кармабайт. мен 3 жылдан бери жүрөмүн. кармай элек. кармабай эле койсун.
20.08.2013. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч ким кармабайт докуметерин баары жайында болсо
21.08.2013. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tajikstan rossiyanyn bir ele voennyi bazasyn kirgizgeni ushun tajikterge 3 jylga na rabota razresheniya jasait emi. a kyrgyzstandan kancha paidalanyp atat dagy dele jenildik jok kyrgyzdarga
21.08.2013. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Докментин таза болсо сенин мышыгыны эчким пыш дэбэйт баарын озубуз кылып алабыз...геннбестике салып
21.08.2013. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туугандар ен жакшысы оз жеринден отору жок тынч барына шугур келгиле кыргызстаныбызды бирге онуктуробуз бириксек колдон келет
23.08.2013. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uluk 1982туура айтасын,биз омур бою тентип жургубуз келбейт! Чет жерде иштеген ар бир мигранттын максаты эле ал жерде калуу эмес,мекенге жашоо шартын оноп алып кайтуу! Ал эми менин оюм бажы бирмдигине кошулуп эмес,коррупцияны жоюп,креслодо чалкалаган чондор алкымын тыйса гана онолот эле Кыргызстаныбыз!!!
24.08.2013. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардыгын озубуз кылабызда туугандар, акча алганда сразу айылга салып жиберебиз, биринчи документти жасап албай, анан эртен эртенибиз бутпойт, анан менттерге тушобуз, анан бироолорду куноолой баштайбыз, баарыбыз жыргаган жашоодон келген жокбузда. Чондорубуз оздорунун чонтогун ойлой бербей, Кыргызстанда завод-фабрикаларды ишке киргизсе, кооп жаштар кайтмак, анан секин секин иш орундар пайда болуп Кыргызстан которулмок, а биздин чондор фабрика-заводдорду бузуп сатып салышып жатпайбы....
25.08.2013. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Документин барбы жокпу орустарды урбайт, баары таза болсо деле бат эле причина таап койушат. Кыргызстандын томожный союзга киришине алы да акчасы да жок. Окмот мигранттарды эмес 5млн калкты ойлосо.
02.09.2013. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиянын дагы сезону бутуп баратат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо