БАБАНОВ ЖОЙГОН КОРРУПЦИЯ КАЙТЫП КЕЛДИ

№563 16-август-22-август, 2013-ж

Гезитибиздин өткөн санында Өмүрбек Бабанов баштап, эми жемишин бере баштаган реформалар тууралуу сөз кылганбыз. Тактап айтканда, визасыз режим тууралуу. Ошондо ТИМ 44 өлкөнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз кирүүгө уруксат берилсе, жылына 5 миллион доллар зыян тартарын айтып чыккан. Бирок 2013-жылдын 6 айынын көрсөткүчү бул сумманы визасыз режим эселеп жаба турганын, жыл ичинде бул өлкөлөрдөн кирген туристтер Кыргызстанга болжол менен 40 миллион долларга чукул акча таштап кетерин далилдеди.
Бабановдук өкмөт көтөргөн демилгелердин дагы бири автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүдөгү коррупцияны жоюуга багытталган эле. Эсиңиздерде болсо, өткөн жылы өздүк муктаждык үчүн пайдаланылуучу автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү жоюлган. Ал эми ар кандай кызмат көрсөтүү үчүн колдонулуучу автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү атайын шарты, уруксат кагазы бар менчик ишканаларга берилмекчи болгон. Буга чейин автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү ишин МАИ кызматы жасап, ал коррупциянын гүлдөгөн очогуна айланып келген. Машиналар тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлбөй эле, унаа ээлери 200 сомдон жогору акчага мөөр бастырып алышчу. Бул эч кимге сыр эмес. Жыл сайын мындай кызмат үчүн МАИде иштегендердин чөнтөгүнө 50 миллион сомдун тегерегинде акча түшүп турганын эсептеп да чыккандар болгон. Ал эми расмий төлөмдөн МАИнин эсебине жылына 8 миллион сомдун тегерегинде акча түшчү.
ИИМдин жетекчиси Абдылда Суранчиев менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү тартибин кайра киргизүү тууралуу сөз кылып жатышат. Маселе жол кырсыктарында эмес эле, чөнтөктөргө түшпөй калган 50 миллион сомдо болуп жүрбөсүн? Анткени жеке өзүнүн автоунаасынын техникалык жактан коопсуз болушуна ар бир жаран кызыкдар. Аларды техникалык кароодон өткөр деп мажбурлоонун кажети жок.
Дагы бир маселе, техникалык кароодон өткөрүүнү тиешелүү даярдыгы бар жеке менчик ишканаларга берели деген чечим чыккан. Ал үчүн ишканалар аккредитациядан өтүүсү керек болчу. Бирок мындай ишканаларды аккредитациядан өткөрүү кечеңдетилип жатты. Сыягы, бул иш аркылуу чөнтөккө түшө турган акчадан айрылууну каалабагандар көп окшойт.
Бишкек ШИИББинин Жол көзөмөлдөө кызмат башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Эркинбек Мамбеталиев «Автоунааларды техникалык кароодон жеке компаниялар өткөрүшмөк. Компаниялар даяр эмес болуп чыгып, премьер-министр бул ишти Жол көзөмөлдөө кызматына убактылуу өткөрүп берди» деп билдирди. Компаниялар кандайча даяр эмес болуп чыкканын түшүндүргөн киши жок. Өзүнүн унаасы менен башка өлкөлөргө чыгууну каалагандар автоунаасын техникалык кароодон өткөрүшү керек болот. Ансыз чек арадан өтө алышпайт. Ошентип, 1-июлдан тартып бул ишти «убактылуу» Жол көзөмөлдөө кызматы аткара баштады. Ошону менен Өмүрбек Бабанов баштаган дагы бир реформа эски нукка кайтты.
Ушул эле автоунааларга байланыштуу дагы бир тыюу салуу тууралуу сөз кылбай коюу мүмкүн эмес. Ал – автоунаалардын алдыңкы терезелерин караңгылатууга салынган тыюу. Мунун айынан жабыркагандар өтө көп. Эң жөнөкөйүн эске алсак, кадимки ачуу тийген күндүн нурунан же уурулардан коргонууга мүмкүнчүлүк жок. Жогорку Кеңештин депутаттары «каалагандар 5000 сомдон төлөп мындай укукту сатып алсын» деп да сунушташты. Эмне үчүн болбосун, мамлекеттик казынага акча түшөт, айдоочуга жол жүрүүдө ыңгайлуу шарт түзүлөт. ИИМ ишенимсиз аргументтерди бетке тутуп буга каршы чыгууда. Элге ыңгайлуу болгондуктан, чынында, Бишкектеги автоунаанын жарымынын алдыңкы айнектери караңгылатылган. Демек, жол көзөмөлчүлөрүнө акча иштөөгө мүмкүнчүлүк жогору. Сыягы, мындай тыюу салуулар коомдун коопсуздугу үчүн эмес, ашыкча ирет акча иштеп табуу үчүн киргизилет өңдүү.

Шаиста Шатманова,
Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
19.08.2013. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
анда кайра алып келиш керек экенда Бабановту
19.08.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Маселе жол кырсыктарында эмес эле, чөнтөктөргө түшпөй калган 50 миллион сомдо болуп жүрбөсүн?
19.08.2013. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
babanov jakshy ele ishtep kele jatkan tuktordun atyn ala koiup jaman atty korunup kalbadyby
19.08.2013. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Chyngyz_0489, tuura aitasyn! Babanov iwteit turgan kiwi!!! birok ata meken jolotpoitko ak uigo!!!)
19.08.2013. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Талант Анарбаев айтмакчы биздин чиновниктерибизди баарыны чогултуп камап туруп жардырып салыш керек !Булар онолбойт эми
21.08.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бабановтой иштеген бир экоосу болгондо ошондо алга карай жылсак керек эле,бирок андай иштегендерди коро алышпайт биздин чондор.
23.08.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанторо Сатыбалдиев оюна келгенди суйлой берет экен да элди ойлобой! Бир жеринен окудум жанылбасам мындай дейт"Энергетикага карызы барлар автоунаанарды сатып,карызынарды толоп,келечегинерди кургула"дейт.Эгер билсенер копчулук карапайым калк ошол автоунаасы менен налог,патент,кунуно местага,кредит,свет жана эн чон маселе уй булосун багып жаткандар толтура!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо