АКШнын ТРАНЗИТТИК БАЗАСЫНЫН ОРДУНА ТҮРКИЯНЫКЫ КЕЛЕБИ?

№563 16-август-22-август, 2013-ж

АКШнын Кыргызстандагы аскердик, 2009-жылдан тартып Жүк ташуучу транзиттик борбор статусуна өткөн базасы боюнча келишимдин мөөнөтү 2014-жылдын 11-июлунда аяктайт.
Бул база Кыргызстандын аймагына Аскар Акаев президент кезинде келгенин баарыбыз билебиз. Ал жакында гана «Русский репортёрго» маек куруп, АКШ, анын Кыргызстандагы базасы тууралуу сөз кылып, «Мен алардын бир келген жеринен оңой менен кетпесин билген соң Кантта аскердик база ачууну Орусияга сунуштагам. АКШ мага тиш кайрап калган, ошондон кийин мен «диктатор» болуп чыга келдим. Мени эл кууган эмес, АКШ кууган. Азыр АКШ менен ымала түзүп, алардын оюнуна кошулуп жаткан Азия лидерлерине «АКШдан корккула, Мубарак эмне болду, Мушарраф эмне болду?» деп айтам. Алардын принциби – «колдондум, ыргытып салдым» дептир.
Мурда эмнеге ошону ойлонбоду экен? Бул аскердик базаны Кыргызстанга жайгаштырууга Аскар Акаев канчалык жан үрөгөнүн ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу жакшы эстейт. Анткени Кыргызстанга АКШнын аскердик базасынын жайгаштырылышына Апсамат Масалиев баш болгон 6 депутат караманча каршы чыгышкан. Алардын катарында Турсунбай Бакир уулу да бар эле.
– 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йоркто болгон теракт миллиондогон адамдардын катарында мени да катуу кейишке салган. Ошону шылтоолоп Жорж Буш мусулман дүйнөсүнө согуш ачты. БУУнун макулдугу жок туруп эгемен Ооганстанга согуш ачканына да ынанбадым. Ошол согушка Кыргызстанды өздөрүнүн аскердик базасы аркылуу кошкусу келген АКШнын саясатына каршы чыктык. Мусулман катары башка мусулмандарды өлтүрүп жатканына кайдигер кала албадым. Пресс-конференцияларда, ЖКнын жыйындарында өз позициямды элге, коллегаларыма айтып жаттым. Мен бул пикирде жалгыз эмес элем. Мени менен кошо ыраматылык Апсамат Масалиев баштаган 5 коммунист бар болчу. Бизден чочулап бул маселе кош палаталуу ЖКда каралып жатканда жыйынга Аскар Акаев өзү да келген. Ошондо трибунадан «Сиз келбесеңиз да, бул жерде отурган кошоматчы депутаттарыңыз бул келишимди жактырып беришет. Бирок элибиздин да, дүйнө боюнча мусулмандардын да каргышына каласыңар. АКШ эч качан өз каалоосу менен бир дагы өлкөдөн кайра чыккан эмес. Көрөсүңөр, Кыргызстандан да өз каалоосу менен чыкпайт» деп айтып түшүп кеткенмин.
Келишимдин текстине да каршы чыккан болчумун. Анткени келишимдин шарты боюнча, НАТО офицеринин өзүн да, жүгүн да эч ким текшере албайт. Кыргыз жаранын өлтүрүп кетсе да кыргыз мыйзамы боюнча жоопко тартылбайт болчу. Ошондой тең салмактуу эмес келишимге 105 депутаттан 6 гана депутат каршы чыкканбыз. Аскар Акаев максатына жеткен,- деп эскерди Турсунбай Бакир уулу.
Ал эми орусиялык «Росбалт» сайты «АКШнын Кыргызстандагы аскердик базасына Түркия келет» деген версияны жазып чыкты. Тажрыйбалуу дипломат, коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов «Росбалт» жөн эле жаза бербейт деген пикирде.
Алар чалгынчылардын, ар кандай саясий, экономикалык топтордун ынанымдуу маалыматын чагылдырышат. 
Менин оюмча, базанын тагдырын эки чоң маселенин негизинде чечүү керек. Ал чечим биздин мамлекетке канчалык эл аралык аброй алып келет? Кандай экономикалык пайда берет? Анан, албетте, ал улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын, өлкөбүздүн коопсуздугун көздөгөн чечим болушу зарыл. Коопсуздук маселеси жагынан алганда, менимче, АКШнын базасын чыгаруу туура. Чынын айтканда, аскердик базасын жайгаштырганы менен, АКШ бизге көзгө көрүнөрлүк инвестиция алып келген жок. Биз өз коопсуздугубузду коңшу өлкөлөр, Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана Шанхай кызматташтык уюму менен биргеликте курганыбыз оң. Бирок ал уюмдар коопсуздук маселелери боюнча кепилдик бере алышабы? Экономикалык жактан жардам бере алышабы? Маселе ошондо. Бул кадимкидей эле саясий соода болушу керек. Ал болдубу, жокпу, өкмөт ачыгын айтпай жатат. Мисалы, «АКШнын ордуна Түркия келет» деген сөздөр бекеринен айтылып жаткан жок да. Ар кандай ушак-айыңдар болбош үчүн өкмөт ачык-айкын тендер өткөрүш керек. Андай кылбай, азыркы өкмөт будамайлап жатат.

Шаиста Шатманова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(28)
19.08.2013. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев после пожар ойлонуптур да! АКШ чыкса ТУрция кирсе эмне айырма? Турктордун саясаты да АКШнын созун суйлойт албетте! Жакшысы РОССИЯнын базасын киргизиш керек да АКШ, Турция алыс ойно деш керек! Урматтуу Президент жана депутаттар элдин эртенин ойлогула, элдин убалында калган ото жаман!
19.08.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эч кимди эле киргизбеш эле керек,Россияныкын деле ошко же баткенге жылдырса жакшы болмок...
20.08.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
J_n_a, орустардан коркпой эле койсок болот, себеби орустар тарыхта баскынчы болгон эмес, болсо болгондур, бирок негизги тарыхында орустар баскынчылык кылышкан эмес, кобунчо сырттан келген душмандарга гана каршылык корсотуп турушкан. Эгер баскынчы болушканда 1945-жылы Германия СССРдин курамына отмок. Дегеле Европанын жарымы. А АКШ жалан баскынчылардан, колонисттерден тузулгон держава, канында бар! Вот ошол АКыШыдан этият болуш керек, Кыргызстанга келген дерьмократиянын даозогу ушулар болгон!
22.08.2013. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaniet, 1916-жылды унуттунбу?
19.08.2013. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бизде Кыргызстанда чон оюун башталат жакында Америка Озбекстан м-н Кыргызстанды согуштуруп кетет корсунор Озбектер кундон кунго курчуп кетиватат
20.08.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
roy, Эн туура бул чыгып жаткан метериал да АКШнын кылып жаткан жоругу, булар эптеп Базаны калтырып калуу ыкмасына отту. Бекеринен оппозиционерлер кузду кутуп жаткан жок да, элди ойлобой оз чонтогунун камын ойлогон адамдарга соз жок...
19.08.2013. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чондор качып качып кетишет
Оружияга документ чогултуп сатып алып койуш керек
19.08.2013. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаев башында президенттике келгенде, Кыргызстанды которуп кетсе болмок кайра артка тартпай, Казакстан менен Кыргызстанды салыштырып коргуло канчалык алар онугуп кетти, алардын чиновниктери акча жесе жегендир бирок ишти да алып мамлекетин которуп кетти, а биздикилер жалан эле жеп жутуп , ойлой берсен конулун ооруйт (((
19.08.2013. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акшны чыгаргандан кийин россияны киргизбеш керек. анткени акш биз очошуп калышы мумкун бизди чыгарып россияны киргизип алды деп. ансыз деле акш мн россиянын ортосун дагы мамиле жылдан-жылга муздап, бири-бирин андышып жашап келатышат ... алар деле билсе керек биз чыккандан кийин россия кирет деп, балким ошон учун чыкпай жаткандыр.
19.08.2013. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
roy озуна таш
Андай болбойт эч качан !
19.08.2013. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
roy озуна таш
Андай болбойт эч качан !
20.08.2013. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
roy!ойлогон оюн туура деп эсептейм,себеби кундон кунго озбектердин поведениясы озгорулуп калды! бул жондон жон эмес,акш кылып атат анын баарын базасы чыгып кетсе коп зыян болот алардын позициясына! барыраак куралданыш керек.
20.08.2013. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurbek89, туура айтасын. Бир озбек боюнда бар аял бир жылы минтип айткан: Мен боюмда бар, американын самолеттору уну катуу чыгып бизге тынчтык бербей жатат деген. Ошол жылы АКШ базасы Озбекстандан чыгарылган. Мына эми озбектер ОДКБдан чыгышып АКШ менен санаалаш боло башташты, демек чек арадагы кутурганы бекеринен эмес жана АКШны пайдаланып сууу маселесин да чечкиси бар го булардын!
Модератор admin_media түзөттү 20.08.2013 17:28
20.08.2013. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу сактасын согуштан! Бирок бир нерсе чыгып кетсе Кыргызстаным учун, кыргызым учун жанымды да аябайм!
20.08.2013. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жекшенкулов туура айтып атат деп жатканына караганда бул адамдын ушул айтылып жаткан боло турган Курултай, митингдерге тийешеси бар деп турамын, ал эми РУсский репортерду билебиз акча берсен Бен Ладенди да мактап жазып чыгат, АКШны колдоп, алардын оюунуна аралашып жаткан экс чондорубузга кыргыз элинин тагдыры, жашоосу 1 тыйын экени билинип калды, окунучтуу(((
20.08.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
STALKER- Сен эн туура айтып жатасын,акча берсе РОСБАЛТ кимди болбосун жомоктогудай каарман кылып жазып берет.Ал эми азыр АКШ жагын колдоп жатканы билинип турат.АКШ базасын Кыргызстанда калтырыш учун баардык жолго барышы мумкун.Бул айтылып жаткан,Туркия АКшнын баазасынын оордуна келет деген жон гана ушак,куру соз.
20.08.2013. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунун баарына акаев куноолу болбосо бкыргыз ели бул даражага жетмек емес бир жолу кечирим сурачы кыргыз елинен
20.08.2013. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АКш кетсе Туркиянын базасы келет экен да анда. А эмне айырма? Же кимдир бироонун кызыкчылыгына келет бекен?! Анда Ошко Кытайдыкын, Жалалабатка Манас аэропортун, которуш керек .
20.08.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен АКШ кетсе АКШнын он колу болуп турктордуку келсе алакандай кыргызстанды ойнототку тимеле((((((((((((
20.08.2013. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаман да тундук туштук болсо да кыргызга кыргыз куйот,бирдеме болсо карапайым кыргыздын шору катат,калгандары сырттан кулуп канан турушат ынтамакта бололу жок дегенде карапайым кыргыз эли
20.08.2013. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин чондорубузду суйлотуп,бири-биринин кемчилдигини тааптырып эле койсо болду.Мамлекеттин келечегини ойлошпойт .
22.08.2013. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акаев туура айтат аны эл эмес АКШ кубалап берди,а Бакиевди Россия кубалады. Эми Атамбай президентибиз кантээр экен, Турция деген АКШ менен оноктош, кантсе да эл шорлобосо болгону булардын кесиринен...
24.08.2013. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз көз карандысыз экенибиз эсиңердеби? так що,киргизбей эле койгон дурус го
25.08.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам,эптеп АКШ чыгарып жатса,Турциянын эмн кереги бар,бизге кочуп келип жатканы билинбей атабы?Атамбаевдин баласы турцияда окууса,базасын киргизсе эртенки куну эмне болот?Палитика бири -биринин жолун кайталап атышат.Оз жери учун куйбосо анда Кырыгыз жеринен чыгып кетишсин!!Ким макул десе!!!!Манас-кыргыз элин жыйнап журт кылган ,азыркылар акча жыйнап кыргыз жерин саткандар!!!!!!!!
25.08.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам,акш кетип атса,эмне кереги бар турциянын базасы,же балдары турцияда окууса базасын киргизиш керек бекенби?бири-биринин жолун кайталап атышат.манас-кыргыз элин жыйнап журт кылган,азыркылар акча жыйнап кыргыз жерин сатышкандар...
25.08.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элине кандай президент керек деген суроо пайда болот ??
25.08.2013. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасынар, Эсин барда Этегинди жый деген соз бар кыргызда, Туркия келсе эч айырма жок, Биздин урматтууларыбыз президент. Жогорку кенеш акылдууу адамдар билебиз туурабы, Бираз да болсо ойлонуп койсонор, акча учун мекенинди элинди сатып, башка улутка тебеленди кыласынарбы, Менин оюмча Россия менен эле биргелешип бир чон базасын куруш керек, сураган акчаны деле беришет туркиядан эки эсе кылып, Урматтуу Супер инфо, сиздерге суроо, ушундай карапайым калктын ой пикирин президенткеби ЖКи жетеби,
26.08.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chuba-migrant,(карапайым калктын ой пикирин президенткеби ЖКи жетеби,) жок жетпейт эгер жеткенде жаштардын жазып жатканын окуса анда жакшы болмок.Кыскасы арманынды жазып коесун ушу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо