ТРАНЗИТТИК БОРБОР ЧЫГАРЫЛСА, КЫРГЫЗСТАН ЭМНЕ ЖОГОТОТ?

№564 23-август-29-август, 2013-ж

Өлкөнүн борбордук жана стратегиялык мааниге ээ аэропортунда жайгашкан Жүк ташуучу транзиттик борбордун чыгарыла тургандыгын ажо Алмазбек Атамбаев так кесе айтып келсе, америкалыктар Курманбек Бакиевдин кезиндегидей ич ара сүйлөшүп алууга шарт-убакытын күтүштүбү, кыскасы, чыгуу боюнча ак же көк дебей келишкен. Эми минтип Вашингтондун расмий билдирүүсүнө теңей албасак да, командирдин сөзү менен эмдиги жылы америкалыктардын кыргыз жеринен кетүү ниети бар экенин, ал эле эмес, чыгууга камданып жатканын билдик. Жон Милларддын айтымында, кыргыз бийлиги белгилеген 2014-жылдын июлуна чейин Ооганстандан НАТО аскерлерин толугу менен алып чыгып кетүүгө жетишпей кала тургандыгына байланыштуу «Манастагы» транзиттик борбор башка жайга көчүрүлөт. Анын кайсы өлкөдө, аэропорт же аэродромдо орун алары азырынча табышмак.
2005-жылы Кыргызстандан НАТОнун базасы чыгарылат делгенде эле өзбек президенти Ислам Каримов өз өлкөсүнүн аймагынан орун берүүгө даяр экенин айткан. Борбордук Азиянын саясий жана коомдук чөйрөсү боюнча эксперттер менен аналитиктери Ислам Каримовдун мындай кадамга баруусуна өз себептери бар экенин айтышат. Биринчиден, өзбек башчысы Кыргызстан менен Тажикстанда курула турган чоң ГЭСтер менен тосмолорго караманча каршы. Эгин талаа, бак-шак, баарынан да пахта менен күн өткөргөн өзбек дыйкандарынын курсагынын топук болушу кыргыз жана тажик дарыяларынан көз каранды. Дегеле тышкы саясат жагынан алганда Өзбекстан постсоветтик өлкөлөр менен жакшы ымалада эмес. Ага ЖККУнун курамынан чыгып кеткендиги далил.
Демек, транзиттик борбордун Кыргызстандан ары кайда чыгарыла тургандыгы боюнча карталар анча-мынча белгилүү. Биздин өлкө мындан эмне жоготот? Чү дегенде, АКШдай ири держава менен мамиле салкындайт. Бирок эки багыттуу саясат жүргүзүү эмнеге алып келгенин эң жакшы билебиз. Акчага келсек, Жүк ташуучу транзиттик борбор мамлекеттик казынага жылына ижара акысы иретинде 60 миллион доллар төлөп турган. Ошондой эле америкалыктардын жыл сайын алган азык-түлүгү жана аларга көрсөтүлгөн тейлөөсү 140 миллион доллардын тегерегин түзөт. Президент Алмазбек Атамбаевдин айтымында, транзиттик борбор чыгарылып кеткенден кийин Кыргызстан олуттуу экономикалык кесепеттерге тушукпайт, анткени ал өкмөт тарабынан бекитилген башка экономикалык долбоорлордун эсебинен компенсацияланат. Өкмөт конкреттүү кайсы долбоор экенин айта элек.
Маалымат үчүн: Эл аралык коалициянын базасы 2001-жылы «Манас» аэропортунда түзүлүп, ал БУУнун мандаты боюнча АКШнын Ооганстандагы террорчулукка каршы операциясынын алкагында транспорттоо, материалдык-техникалык жактан камсыздоону колго алган. База 2009-жылы Жүк ташуучу транзиттик борборго айланган. Анда 1 миңдей америкалык аскер кызматкери иштейт. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, транзиттик борбор 2014-жылдын 11-июлунда жабылат.

Гүлмайрам Сабырбекова,
Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
26.08.2013. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура кадам,же АКШ менен же РФ менен мамиле кылыш керек, андай болбогон кундо Кыргызстандагы баш аламандыктардын негизги себеби, катализатору ушул мамилелер болуп калууда!
26.08.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анын устуно кыргыз жарандары дээрлик копчулугу РФнын аймагында иштешип, тиричилигин откорушуудо, бул нерсе улана берет, ошондуктан РФ менен мамилени бекемдей бериш керек.
27.08.2013. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kireshe kireshe ele deisiner ushul maselenin zyyan jagyn ech kim eseptebeit,kancha degen jer jaraksyz bolup kaldy
27.08.2013. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбек президенти оз элин ойлойт экен. Элим ачка болуп калбасын деп ГЭСтердин курулушуна каршы болуп жатат.
31.08.2013. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам Каримов никогда киргизбейт Американын баазасын аны озбек дейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо