БАКИЕВДИН УЧАГЫ САТЫКТА...

№564 23-август-29-август, 2013-ж

  • Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик туунун жаңысы илинерин вице-мэр ДАСТАН ХОЖАЕВ айтты.
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд экс-президент КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН үй-бүлөсүнө таандык болгон жана улутташтырылган Як-40 учагын 4,2 миллион сомдук старттык баа менен сатыкка койду. Аукцион 27-сентябрда «Манас» аэропортунда өтөт.
  • КЫЙМЫЛДУУ МҮЛК салыгын төлөө мөөнөтү 2013-жылдын 1-сентябрына чейин жылдырылды. Эгерде автоунаа салыгы убагында төлөнбөсө,
    2 миң сомдук айып пулга жыгуу каралган.
  • «Кыргызтелеком» ААКсынын жаңы төрагасы болуп АЛМАЗБЕК КАДЫРКУЛОВ дайындалды.
  • Жогорку Кеңеште парламентаризмди өнүктүрүү жана парламенттин мыйзамдуу ишмердүүлүгүн илимий-укуктук камсыздоо максатында ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨЧҮ борбор түзүлдү.
  • Мамлекеттик салык кызматы: "2013-жылдын 1-августуна карата республика боюнча салык төлөөчүлөр мамлекетке 298 МИЛЛИОН СОМ карыз, анын ичинен «Тазалык» ишканасы, «Кыргызгаз», «Күрмөнтүцемент» жана «Нарынгидроэнергострой» ААКларынын эң көп бересеси бар".
  • Үстүбүздөгү жылдын башынан бери өлкөнүн каналдары менен көлдөрүнө 80 КИШИ чөгүп каза болгон, анын 21и жаш балдар.
  • Бишкектин Биринчи Май райондук соту жаратылыш ресурстары боюнча экс-министр ЗАМИРБЕК ЭСЕНАМАНОВ баштаган лицензия берүүчү комиссиянын 6 мүчөсүн актады.
  • Вице-премьер ТОКОН МАМЫТОВДУН АЙТЫМЫНДА, кыргыз-тажик чек арасынын 400 чакырымында талаш-тартыш жаратуучу тилкелер бар.
  • Быйыл Орусия менен Казакстандын чек ара боюнча жогорку окуу жайларына 55 КЫРГЫЗСТАНДЫК жаран өттү.
  • Өлкө ичинде 2013-жылдын 7 айында 767 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталып, анда 58 киши жан берсе, 708 адам түрдүү жаракаттарды алган.
  • Токмокто 28-август күнү мамлекеттик жана коомдук ишмер СУЛТАН ИБРАИМОВДУН 85 жылдыгына арналган эстеликтин ачылышы болуп өттү.
  • Бишкекте күйүүчү майдын баасы 1-1,5 СОМГО кымбаттады.
  • Кара-Көл шаарында 21-августта ири жол кырсыгы катталып, анда 7 АДАМ КАЗА БОЛУП, бирөө жарадар болгон.
  • Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, быйылкы окуу жылы 3-СЕНТЯБРДА башталат.
  • БУУнун өнүктүрүү программасы билдиргендей, Кыргызстанда башталгыч класстын 400 МИҢ окуучусу мектептен тамактанышат.

Гүлмайрам Сабырбекова,
Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
26.08.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакиевдин учаган мамлекетке откорсо болбой беле
01.09.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эптеп бюджетти толтуруш керек да!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо