БЕНЗИН КАЙРАДАН КЫМБАТТАДЫ...

№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж

  • 29-августтан тартып Бишкек ШИИБинин кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштей баштайт жана Эгемендүүлүк майрамында коомдук тартипти 3000ДЕЙ МИЛИЦИЯ кызматкери көзөмөлдөйт.
  • Бишкек мэриясынан билдиргендей, шаарда 1139 таштанды салуучу челектер орнотулду.
  • Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын кезектеги сессиясы 3-СЕНТЯБРДА ишин баштайт.
  • Быйыл ажылык сапарга 3600 КИШИ барат. Бул тууралуу муфтияттын ажылык бөлүмүнүн башчысы Марат ажы Усупов билдирди.
  • Вице-премьер Токон Мамытовдун айтымында, Кыргызстандын атайын кызматы өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаевдин кызы БЕРМЕТ АКАЕВАНЫ Кыргызстандан издөөдө.
  • ИИМдин берген маалыматына ылайык, өлкөдө жыл башынан бери жол кырсыгында 61 БАЛА көз жумган.
  • Быйылкы 2013-2014-жылкы окуу жылына өлкө боюнча 1 МИЛЛИОНДОН АШУУН окуучу мектепке бара турганын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
  • Орусиялык мунай иштетүүчү заводдор күйүүчү-майлоочу майдын баасын 25 пайызга көтөргөндүгүнө байланыштуу Кыргызстанда бензин кайрадан 50-60 ТЫЙЫНГА кымбаттады.
  • Бишкекте турак жай үчүн жер алууга 15 МИҢДЕЙ киши кезекте турат.
  • Акыркы үч жылда 3243 баланы кыргызстандыктар багып алышканын социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев маалымдады.
  • Баткен облусунун Самаркандек айылында көмүр шахтасы басып калган жарандарды ИЗДӨӨ ИШИ токтотулду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
  • 31-август күнү Бишкектеги Тарых музейинде мурунку президент РОЗА ОТУНБАЕВА балдарга жомок окуп берет.
  • «Түндүк электр» ААКсынын башкы директору Кубанычбек Турдубаев ишкананын жоготуусу 16,4 ПАЙЫЗДЫ түзгөнүн билдирди.
  • 16 килограмм героин менен кармалган ИИМдин мурдагы кызматкери УКМКнын СИЗОсунда АСЫНЫП ӨЛДҮ. Маркумду акыркы сапарга узатуу күнү анын жубайы жүрөк оорусунан көз жумду.
  • Бишкекте Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери катышкан жол кырсыгына жана элчиликтин кызматкери өздөрү сүзүп кеткен унаанын айдоочусун сабагандыгына карата кылмыш иши козголду.
  • Исфана шаардык кеңешинин КСДП фракциясынан депутаты УЧКУНБЕК КУНДУЗОВГО жергиликтүү тургун Закир Камиловду сабагандыгына байланыштуу кылмыш иши козголду.

Гүлмайрам Сабырбекова,
Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо