КРнын Эл артисти Саламат Садыкова:«АЯЛ КАТАРЫ ТУРМУШ ДААМЫН ДЕЛЕ ТАТПАДЫМ»

№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж

Саламат Садыкованы кайсы кыргыз тааныбайт. Эс тарткан жеткинчектерибизден тарта анын ырларынан бир шиңгил таштап коёру турган кеп. «КРнын Эл артисти» деген ыйык наамды алып жүргөн эжебизди жакында эле көл жээгинен тоноп кетишти.

– Бул жолку жайкы эс алууңуз өмүр бою эсиңизде калгыдай болуптур, эже, кайсы пансионатка бардыңыз эле?
– Жети-Өгүздө жакын курбум бар. Аныкында конок болуп, Чолпон-Атада да эс ала кетели деп баргам. Ысыкта чаалыга түшкөндүктөн, Чолпон-Атага жетпей бир пансионаттын жанына көлгө чумкуп чыгалы деп токтодук. Аңгыча колуна рация көтөргөн жигит келип «ар бириңер жүз сомдон төлөгүлө» деп калды. Кийим койгонго стол алдык эле, ага элүү сомдон сурады. Жанымдагы коноктон уялганымдан «мейли, айланайын» деп айткан акчасын бердим.
20 мүнөткө жетпей көлдөн чыктык. Карасам «коопсуздук кызматында иштейм» деп бизден акча алган жигит көрүнбөйт, дароо шекший түштүм. Кийинели деп машинага келсек, багажы ачык, ичин «тазалап» кетиптир. Дагы жакшы, купальниктин сыртынан кийген көйнөгүмдү жаныма алып алган экенмин. Жанымдагы кытайлык келиндин кийими, акчасы, менин 1300 долларга алган фото-видео аппаратым, кийимим жок.
Ал жердегилер дароо эле чогула калышып бизге акыл үйрөтүп киришти, «болду эми кайгырбагыла, мындайлар боло берет» дешип. Орган кызматкерлери да 5 мүнөткө жетпей келип калышты. Менин катуу таң калганым, жеринде ууруну издегендин ордуна бизди ээрчитип барып кагаздан кагаз толтуртушту. Саат алтыда тонолгом, онго чейин кагаз толтурдум. Жанымдагыдан уялып, жаз дегенин жаза бердим. Жата турган жай табышым керек эле, саат кечки 10, элестетиңиз. Органда кайрымсыз, муздак адамдар иштейт экен, өтө капа болдум. Мага өзүмдүн оокатымды өзүм уурдагандай мамиле кылып, өктөм сүйлөп жатышты.

Жаныңыздагы конок ким эле?
– Кыргызстанды кастарлаган, менден жашыраак, Кытайдан келген кыргыз келин эле. Ал биздин милицияга аябай нааразы болду. «Силерде мыйзам деген аты эле болбосо, такыр иштебейт турбайбы. Бизде ууруну дароо таап, эчак колун кесип салышмак» деп жатпайбы. Ал келин акчасыз калгандыктан, өз чөнтөгүмдөн жолуна төлөп Кытайга узаттым.

– Көлгө түшкөн жериңизге кайра барыптырсыз, баягы акча алган жигитти көрө алдыңызбы?
– Жок, көргөн жокмун. Орган кызматкерлерине «бизден акча алган жигиттин түрү жаман эле, ошону кармасаңар болот эле» деп жаттым. Бул сөзүмө өтө күлкүлүү жооп алдым. «Ой, эжеке, азыр КМШ боюнча уурулар жер кыдырып жүрүшөт» дейт. «Анда көлдүн жээгин жайытка берип жаткан экенсиңер да» дедим жиним келип.
Кийим-кече баштан садага дечи, жоголгон мини-дисктериме ичим ачышты. Ыйманы бар адам болсо, жок дегенде мини-дисктеримди алып келип берсе дейт элем. Бир ырымдын музыкасын жаздырганга жок дегенде
15 000 сом коротом, бул оңой акча эмес. Жанымдагы коногум «Мен эми Кытайга кантип кетем?» деп ыйласа, милиция кызматкери «Эл артистинде акча жокпу, узатып коёт да» деп табалагансыды. Ошону менен ууру табыла элек.

– Эми чыгармачылыгыңызга кайрылалы, учурда эмне менен алексиз?
– Жаңы эки ыр жаздырдым. Биринин сөзү Барпы атабызга, обону мага, экинчинин сөзү Кетбука олуяга, обону Эсенгул Жумабаевге таандык.
Мен азыр «Камбаркан» ансамблинин администратору жана директорумун. Жайкы эс алуудан 12-августта чыктык.

– Устатыңыз катары кимдин ысымын атайсыз?
– Мени турмуш тарбиялады. Камырдай чарага салып ийледи. Ошондон такшалып чыктым. Жаш кезимден Рыспай Абдыкадыровдун армандуу темаларына эмнеге кайрылдым? Аял катары турмуш даамын деле дурустап татпадым. Музыканын кудуретине, сыйкырына азгырылыпмын.  Жолдошум деле жакшы киши болчу. Ушундай сонун жигиттен айрылып, мындайча айтканда, сахнаны тандап кеттим. Ошол себептен «Түшүмө кирдиң түндө сен», «Сендейди кайдан таба алдым...» деген ырларды бекер ырдаган жокмун. Артта калган кусалуу күндөрүмдү сагынып калам.

– Турмуштагы чыныгы бет кабыңыз кандай?
– Жаманга жамандай, жакшыга жакшыдай мамиле кылам. Эгерде туура эмес иш болуп кетсе же мага жакпай калса, жеринде жайлайм.

– Жашыңызды жашырбайсызбы?
– Жашырбайм. Тун неберелүү болгондогу бир окуяны айтып берейин. Анкарага фестивалга бармакмын. Улуу кызым ай-күнүнө жетип турган. Кызыма күйөр жалгыз мен болсом, барбай эле коёюн дедим. Элчиге барып айтсам, «Неберелүү болосуңбу?» деп таң калды. «Болбойт, сага билет алынган, барасың. Неберелүү болгонуңду Түркиядан айтпа» деп каткырды. Кыргыз телевидениесинен да бул тууралуу сөз болгон эле. Көп өтпөй туңгуч президентибиз Акаевдин кабылдамасында болуп калдым. Ал киши «Саламат, неберелүү болгонуңду жар салдың, куттуктайм» деди. Андыктан мен жашымды айтпасам деле канчага чыкканым белгилүү.

– «Жаш көрүнүш үчүн бет терисин тарттырат» дешет. Чын эле ушундайбы?
– Жакын таанышымдын атасы каза болуп Кочкорго барып калдым. Ошондо өлүк чыгып жатканда да аялдар «Садыкова бар-жогун тарттырган турбайбы» деп сөз кылышыптыр. Азыркы жашоодо кайсы клиникага бардың, эмне кылдың, баары билинип калат. Бетиме эч бир бычак тийгизген эмесмин. Тарттыргандын да зыяны болот экен. Ушул жылы Италияга баратканымда Америкада жашаган кыргыз келини менен таанышып калдым. Бет терисин бир жума мурун тарттырып, ботокс куйдурган экен. «Башым ооруп жатат» дейт. «Бетиңдин терисин тарттырсаң, койкоюп түз отурбайсыңбы, шылкылдап эле уктап келе жатасың, анан ооруйт да» десем, «эже, сиз дарыгердей эле айттыңыз го» деп жатпайбы. 

– Канча жылдан бери рулдасыз? Азыркы машинаңыз канчанчысы?
– Рулда жүргөнүмө аз эле болду. Кесиптештеримдин баары машина айдай баштаганда уялып жүрдүм. Көрсө, адам материалдык жагын да өзү тыңдаш керек экен. 2007-жылы казактын бир азаматы Мерседес белек кылган. Ошондо «Жаратканым буга минтип белек кылбасак жүрө берет окшойт дедиби» деп ыраазы болдум. Аны энтелеп-төнтөлөп жатып үйрөнүп алдым. Бир беткей жолдорго каршы түшүп алган күндөр да болду. Азыркы айдап жүргөн машинам Тойота Камрини кичи мекеним Баткендин эли белек кылган.

– Тойго барып ырдайсызбы, ставкаңыз канча?
– Тойдон ырдап акча табууну шоу-бизнестин өкүлдөрү баштабадыбы. Алгач укканда «Тойго барып да ырдашабы?» деп акылыма сыйдыра албай жүрдүм. «Кокуй, кантип төлө деп айтышат?» деп да таң калдым. Көрсө, айтыш керек экен. Азыр тойго барам, акчасын сураарда бир аз кыйналам. Бир мисал айтайын, жакында эле таанышымдыкына Аксыга  тойго барып келдим. Өтө алыс экен, жол азабын жакшы эле тарттым. Акымды сурай албай, бир сомсуз, жайдак келдим.

– Неберелериңиз сизге жакынбы?
– Билген кишиге небере деген керемет болот экен. Түн болсо да Кубаныч менен Кундуздун үйүнө неберелеримди көрүш үчүн чаап жетип барам. Аларды жыттап, колума алып сагынычымды жазып келе берем. Кээде улуусун үйгө алып келип алам. Түндө 2 жолу ойгонсо, уйкум канбай, эртеси өзүмдү жакшы сезбей калам. Ошого карабай жакшы көрүп алып келе берем.
Кундуз кызымды эки уулун төрөгөндөн кийин өтө жакшы көрүп калдым. Кээде өз балаңды деле баалаганды билбейт экенсиң. Ушу кызыма кол койдум, баалап калдым, азамат кызым бар экен. Эки баланы төрөдү, иштеген ишин да таштаган жок, күйөөсүн дагы бапестеп алып жүрөт.

– Интернетте көп отурасыз. Интернет сиз үчүн...
– Интернетти муктаждыктан улам үйрөндүм. Кечке эле кыздарыма «сүрөт жөнөтүп кой, илип кой, музыка жүктө» дей берсем болбойт экен. Алардын да өз жашоолору бар. Ошондуктан түнкү 3кө чейин отуруп үйрөндүм. Ырларымды жүктөдүм, бүт сүрөттөрүмдү компьютерге киргизип койдум. 90го чыкканымда балдарым сүрөттөрүмдү издеп кыйналышпайт. Интернет аркылуу чет жердеги досторум менен сүйлөшөм.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Саламат Садыкова: "Музыканын кудуретине кул болуп, жеке турмушумду таштадым"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(41)
SUPER.KG видео
02.09.2013. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламат эже сиздеги сапарттардын баардыгы мага жагат. Эч бир жасалма деген нерсе жок. Ушундай адамдын талантын баалабаган, жанагы Аксылык адамдын журогу кантип чыдады экен сизди куру кол жиберген. Кыргыз болгондон кийин эн кур дегенде чай пулун бересин го ээ. Сиздин маегинизди коруп аябай ичим ачышты. Кандай кана кундор башыныздан отпогон ээ.Бирок эми андай кундор кайталанбаса экен деп ишенем.
02.09.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uyat emesbi milisiya kyzmatkerleri iwtegendi da unutup kalypsynar.
02.09.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик сизге САламат эже!!!аман болунуз эл кызматында!
02.09.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Salamat eje,kyrgyzymdyn syimygysyz!
02.09.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Salamat eje sizge ushunday mamile kylgan ukuk organ kizmatkerlerine naalat!!!Andan koro Antalyaga kelip ele es alyp ketseniz bolmok.biz sizdi urmattap tosup almakpyz.Sozsuz kutobuz.Chygarmachylyk ishinizde iygilik eje sizge Taazim kylam:)))
02.09.2013. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эл артисине ушундай мамиле кылышкандан кийин,ойлой Бергиле карапайым адамдарга кандай мамиле болот.
02.09.2013. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламат, биз илгери союздун убагында Камбаркан Тонго концерт коюп келгенде таанышканбыз. Ошондон бери сенин ийгилигине кубанып журом. Ушул жашоонду кудайым кут кылсын, аман бол.
SUPER.KG видео
02.09.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламат эже мага абдан эле жагат аял катары да ырчы катары ушундай адамдар биздин олкону чет жерге таанытса сонун да
02.09.2013. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздей талантты Кыргыз эли качан урматтап башыбызга которобуз?
03.09.2013. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже капа болбонуз биздин милиция адам катары иштешпейт сиздей таланттуу эжелерибизди сыйлабаган жонокой калкты эч качан сыйлашпайт. Эже сизге ийгилик дайыма алга талпынып журо бериниз!
03.09.2013. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamat ejege chygarmachylyk iygilik kaalaim, bar bolunuz, suluulugunuzga soz jok!!!!!!!!!!
03.09.2013. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламат эженин ак тилек беле темасы ошол ырын жуктоп койгулачы сураныч же туура атын билсенер айтып койгула ар уйдо ак сакалдуу кары болсо деген,Эже эгер озунуз окуп калсаныз ошол ырынызды да жуктоп койсонуз,бироо таап бер ушул ырын деп абдан суранып журот эле,рахмат ишинизге ийгилик
03.09.2013. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атам рахмалы саламат еженин ырларын таншалып укчуле....чыныгы талантты берип койгон
SUPER.KG видео
03.09.2013. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tokmok1,
Сизге эскертүү!
Кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
03.09.2013. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламат эже сиз кыргыздын сыймыгысыз. Эженин кайсы бир интервьюсунда айткан рецебин мен ушу кунго чейин колдоном. Ишинизге ийгилик!
04.09.2013. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
милиция деген еле аты болбосо оздору таш боор кайдыгер иштеп елди капа кылып адилетсиздик кылса елдин каргышы урсун ылайым
04.09.2013. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксыга тойго барып келдим. Өтө алыс экен, жол азабын жакшы эле тарттым. Акымды сурай албай, бир сомсуз, жайдак келдим. taanywy kyzyk eken owoncho chakyrgan son yraazy kylyp ketirse bolmok,azyrky zamanda mywyk da tizesin korsotboyt akcha berbesen.
04.09.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Аксылыктар андай эмес эле го, меймандос келчу эле... Же мас болуп унутуп калган акысын беришти.
04.09.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интеллигентная женщина!Мага да аябай жагат,сыйлап келемин эжени!
05.09.2013. 03:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эки уул торой электе кызын жаман корчу беле???ушул жерин тушунбой калдым.
05.09.2013. 03:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
акаев кеткенден бери эжекебиз корунбой калды
05.09.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эжеке сиз кыргызстандын белгилуу айымысызго министргеле звонок кылсаныз 7 секундада таап келмек андай уурулар азыр милициялар менен чоогу иш кылатта
06.09.2013. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
небересин коруш учун тундосу куйоо баласынын уйуно барып алганы жаман экен тиги экооно жолтоо болуп
08.09.2013. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jasan, Кылдан кыйкым издеп эле дабдырай бересинби? Ушундай аялга ошол нерсени жазгандан деле уялсан болмок.
06.09.2013. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай эле сактасын ошол милиция сымак "уурулардан",уурунун баары азыр милиция менен иштешет.Капа болуунун да кажети жок андай кайдыгер укук коргоочуларга.Сиз деген бутундой калктын сыймыгы,башка мамлекеттерге бизде С.Садыкова деген булбулубуз бар деп тошубузду кагып мактаныч тута турган асыл жансыз. Конокторго ынгайсыздык жана уятуу иш болуптур,башка улут бизди эмнебизден тааныйт албетте элдин маданиятыбыздан!Бизде баары бар аттин,кыргыздар маданиятыбыз жактан аксап келебиз...
SUPER.KG видео
06.09.2013. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
akylman ayim
08.09.2013. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акаевдин убагында жакшы эле тарттыныз окшойтко Саламат эже
08.09.2013. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламат эже ден соолукта болунуз.Жоголгон нерсениз менен кырсыгыныз чыгып кетсин.Чыгаша чыкмайынча киреше кирбейт-деп коёбу,киреше кирсин.
14.09.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик,Саламат эжекеге,чын эле жогоруда айта кеткендей,чондорго чалып,итерге итей мамиле жасап койсонуз болмок.мындай окуя менинда башымдан откон
Медиа-портал
14.04.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таланттуу бирок бирок
20.07.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amanatym : Сен мынча көрө албас адамсың сен кыйын болсон саламат ападай ырдап көрбөйсүңбү тарбиясыз табачыл акылың өзүңө буйрусун Саламат Садыковадай болгуча акылыңан адашпасаң болгону !
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо