«ЮПИ» ОПЕРАЦИЯСЫ. КЫРГЫЗСТАН ҮЧҮН СЦЕНАРИЙДИ КИМ ЖАЗЫП ЖАТАТ?

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж

ЖАҢЫ СЕЗОН СТАРТ АЛДЫ
2-сентябрь күнү телеканалдар кечки жаңылыктардын негизги бөлүгүн УКМКдан келип түшкөн оперативдик видеобаянга арнашты. Эрланбек Өмүралиев аттуу жаран оппозициянын өлкөнүн тынчтыгын бузуу, эгер ийгилик жылмайса коомдо пайда болгон паника менен нааразычылыктын негизинде бийликти басып алуу боюнча планын чекисттерге кенен айтып бериптир. Сөз оппозиция лидерлеринин катышуусунда 24-августта Соң-Көлдө өткөн жаштар курултайы туурасында. Эрланбек Өмүралиевдин айтымында, ал курултайга барган Садыр Жапаров, Аликбек Жекшенкулов, Талант Мамытов, Кубанычбек Кадыров, Мукар Чолпонбаев, жаш оппозициячы Чыңгыз Капаров жана башкалар өлкөдөгү тынчтыкты бузуу боюнча 3 вариантта план түзүшкөн. Алардын бири элге кеңири белгилүү болгон кадимки суусундуктун «урматына» «Юпи» деп аталган. Дал ушул план коомчулуктун көңүлүн өзгөчө бурду.

ПЛАН «Б» – БАЛЫКТАРДЫ УУЛАНДЫРУУ
Оппозицияда жүрүп, эми ал позициясынан кайткан Өмүралиевдин айтымында, оппозиция лидерлери «Юпи» планынын негизинде Нарын дарыясынын башына цианид төгүп уулап, балыктарды шприцтердин жардамы менен цианидге уулап, «Кумтөр» маселесин кайрадан туу кылып көтөрүп чыгышмак. «Ууланган дарыяны көргөндө эңкейген карылар да үйүндө тынч жатпай көчөгө кыйкырып чыгары анык. Соң-Көлдөгү курултай бүгүнкү бийликке элдин арасында нааразылар канчалык экенин, алардын реакциясын билүү үчүн уюшулган эле»,- дейт Өмүралиев. Эгер курултайга оппозиция лидерлери жана уюштуруучуларды кошкондо 200дүн тегерегиндеги эл барганын эске алсак, анда «Юпи» операциясынын максатын түшүнүүгө болот. Акаевди кубалоого 2005-жылы, Бакиевди кубалоого 2010-жылы 10 миңдеп чыккандай учурдагы бийликти кубалоого массаны жетелеп чыга турган орчундуу нааразычылыктар жокко эсе. Учурдагы президенттин бир туугандары же балдары добуштарды фальсификациялоо жолу менен депутат болуша элек же Кыргызстандагы майлуу-сүттүү мамлекеттик, жеке менчик ишканаларды басып алыша элек. Демек, азыр оппозиция учурдагы бийликке, негизгиси президентке каршы баш ооруну «Кумтөр» аркылуу гана жарата алат.

ОППОЗИЦИЯ КАЛП ТАПКЫЧТАН ӨТҮҮГӨ ДАЯР
Күтүлгөндөй эле Садыр Жапаров да, Аликбек Жекшенкулов дагы «бул маалыматтар карандай калп, фантастика» деп чыгышты.
УКМК Эрланбек Өмүралиев тарабынан айтылган маалыматтардын чын-бышыгын иликтеп жатканын жарыялады. Чуулгандуу видео элге көрсөтүлгөндөн кийинки күнү Аликбек Жекшенкулов менен Садыр Жапаров УКМК тарабынан суракка алынды. Аликбек Жекшенкулов Эрланбек Өмүралиев эч кандай тууганы эместигин, «бул боюнча калп тапкычтан өтүүгө даярмын» деп билдирди.

СЦЕНАРИСТ КИМ?
Акыркы күндөрү Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды шурудай бир жипке тизип чыксак, алардын өнүгүшү атайын бир сценарий менен бараткандай сезим калтырат. 24-август күнү Соң-Көлдө талкуу чордонуна айланган жаштар курултайы өттү. 5 күндөн соң Баткендин Сары-Жаз жайлоосуна 5 парашютчу түшкөнү маалым болду. Коргоо министрлиги менен Чек ара кызматы бир нече күн издешип, парашют менен түшкөндөрдү таба алышкан жок. Аягында жөн гана издөөнү токтотуп коюшту.
31-август – Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев телеканалдардын бирине маек берип, анда оппозициянын айрым өкүлдөрү коркунучтуу иш-аракеттерди пландаштырып жатышканы жөнүндө учкай айтып өттү. Ал эми 2-сентябрь күнү УКМК бул чуулгандуу видеону таратты. Өмүралиевдин айткандарына келсек, Нарын дарыясын «хизбут-тахрирчилер» ууландырышмак. Бул маалыматтан улам Баткенге түшкөн белгисиз парашютчулар аргасыздан эске түшөт.

МАДУМАРОВДУН КЕЗЕКТЕГИ ЖЭЭКТЕН ЖЭЭККЕ ӨТҮҮСҮ...
Учурда Кыргызстандагы оппозицияны кызматка, бийликке жетпей калгандар деп мүнөздөө туура болчудай. Анткени оппозициянын учурдагы бийлик жүргүзүп жаткан иштерге нааразычылыгы бар, бирок альтернативдүү сунуш-программасы жок. Адахан Мадумаровдун оппозициялык жээктен бийликти көздөй кезектеги өтүүсү ушуну менен байланыштуудур. Адахан мырза учурдагы оппозициянын күчүнө ишеним артпады көрүнөт.

Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(44)
09.09.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы эле башыбыз быша элек тура.
09.09.2013. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Пландары ишке ашпай калганы жакшы болуптур,ЮПИ си жаман экен Наарын элинин ден соолуктары менен ойношот беле,бети жоктор.
09.09.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
юпи деген кандай чечилет яяя
09.09.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asus84,
Саламатсызбы!
ЮПИ - 90-жылдардагы белгилүү болгон шире күкүмү (соктун порошогу). Башкача айтканда аралашма.
09.09.2013. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бирин олуп, бирин кал. Бирин кайын, бирин тал. Ишенбейм эки жака тен
09.09.2013. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер-Инфо ушу жомокту айтып жаткан кишинин видеосун жуктоп коесунарбы?
09.09.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бийликтин опозицияны элге жаман корсотуу учун ойлоп тапкан политикосы/жомогу/. буга жаш бала да ишенбейт.
10.09.2013. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Amangeldi, Эй, кыргызымдын жакшы созу бар, ШАМАЛ болбосо, ЧОПТУН башы кыймылдабайт....
11.09.2013. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
LEP888, азыр Чоптун башын вентилятор менен деле кыймылдатып коё берет Биздин Башчылар
09.09.2013. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Юпиге чомулгурлор десе,чогуп кетсенер экен позициянда ,оппозицияда...
09.09.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Булар юпи деп аташканы цианид элементи экен ал кандай уулуу ,эми жалганбы, чынбы коркуп жатабыз себеби ошол дарыядан суу ичебиз ,кыргызмын дегендер мындай нерсени коюшпастыр.
09.09.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Окуп алып мындай нерселерге башым да ооруп кетти.Эсимде калганы ЮПИ болду.Юпи-ден соолукка зыяндуу суусундук,дал ошол суусундуктай чиновниктер да эл учун зыяндуусунар.Бири-биринерди жаман корсотуп,креслонордо копко отуруу.Бири-биринердин абийринерди айрандай тогуп,анан эле кийин ымалалаш болуп бири-биринерге чан жугузбай каласынар."Олуп кеткиле" деп кол шилтеп койгун келет бирок патриоттук сезим женип кетет да.Эл жок болгондо не кылмак экен эленер,силерди баккан элге рахмат айткыла.
09.09.2013. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо кимдин кызыкчылыгын колдойт. бийликтинби же бийликтикинби же эч кимдикинби?
09.09.2013. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
abem92, супер жон гана маалымат булагы,баардыгына бирдей болсо керек
11.09.2013. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jamalym, андай эместейго? Сиз айткандай болсо жакшы болмок
09.09.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кумтордо азыр барып корсонор, экологиялык абалына мышык ыйлайт. Алтынын казып алгандан кийин орду толгус экологоиялык кризис келип чыгат. Кыргыздарга болсо же алтындан жок же мурунку Кумтордон жок. Манкурт болбой жапырт эл кумторду сактап калалы. Бетеге учуп бел калат, Бектер кетип эл калат.
09.09.2013. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура азыр Кумтордун абалы ото эле начар экологоияны айабай эле бузуп атышат кумтордун жанындагы жайлоолордогу мал жандыктар ууланып чоптор, арчалар мурункудай оспой калды.
09.09.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошону экологияны сайрап айтып атышса камап салыштыгоо ээ кайрандар, эми кайдагы болбогон жомок омокту айтып элдин башын айлантып олуп атышат байлыка бийлике тойбогон убактылуу бийликпи же бактылуу бийликпи не балээ
09.09.2013. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан эсинерди жыйгыла.Кумтор деп элди дурботтубу.Дайыма мындайда элди беттерине кармайт.Бийликке келгенде унутуп калышат Адаханга окшоп
09.09.2013. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай караа турат...
09.09.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай карап турат...
10.09.2013. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бирин кошун бирин же, кресло учун.
10.09.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Дагы деле бар экен да тобоо жанагы С.Жапаров,А.Жекшенкуловдорго ишенгендер. Канча жолу алардын чыныгы жузун кордук.
12.09.2013. 06:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asha302, кызык экенсин го. Ар бир адамдын жактаган адамы болот. Керек болсо селсаяктын да жактоочусу болот. Жапаров бийликти кетирем дебей туура маселе которуп атат. Кундордун бир кунундо кумтордун зыяны тиет ошондо анан Атамбаевди согуп каласынар. Ошондо дагы согушко улгургон адам согот.
10.09.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
asha302, туура айтасын, алардын ким экенин баары эле билет,бирок жогоруда аларга жан тартып жаткандар,ошолордун туугандары,тааныштары,жердештери ж.б. качан бизде ушундай болунуу-жарылуу жок болгондо олкобуз онолот
11.09.2013. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lolita, демек сиз Бийликтегилердин тууганы же эч болбосо жердеши экенсизда туура тушундумбу? Ким кандай болсо башканыда озундой ойлойт
10.09.2013. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимисине ишенеринди билбейсин,позициянда-опозитин да жоголгулачы! Мекенге ээ кылып, гулдотуп остуруп,онуктуруп алатурган кыргыздын кымыз жыттанган эр жигит азаматтары коп!
10.09.2013. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Карап туруп ушундай адамдарга тан каласын.Качан болсо элди ортого салышат бийлик,байлык учун эч нерсени аяшпайт.Андан коро бар кучторун мамлекетти онуктурууго,элдин абалын ондоого жумшашпайбы.Уят,арнамыс деген барбы буларда.
10.09.2013. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кенешип кескен бармак оорубайт дейт андан коро кенештерин айтып биргеликте иш алып барышпайбы бийликке келсе эле кыйрата тургансышып.
11.09.2013. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимиси чын, кимиси карандай калп айтып жатат бир Кудай, анан оппозициячылар менен УКМК эле билбесе. Элдин башын айлантып бүтүштү.
11.09.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне кылышса ошол кылышсын.дээги элдин башын айлантпай жайына койсо жакшы болот эле.Улам бир спектакльдын башын кылтыйтпай.
11.09.2013. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрланбек Өмүралиев,Садыр Жапаров, Аликбек Жекшенкуловту УКМКга алып келип элдин козунчо беттештирип корсун, ошондо билинет жана акыйкаттык турдо чечилет. Антпесе азыркы милиция, сот, прокуротура да бийликтин айтканынан чыга албайт. Канчалаган кылмыштын бети ачылбай келе жатат!!! (Ош окуясы, Батукаев ж.б ушул сыяктуу).
12.09.2013. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Инфо бир тарап маалымат берип койгондой болуп калыптыр. Анан бул жерде айта турган болсок, тескерисинче бийликтин оппозицияны каралоо планы экенине шек жок. Ушундай кылганда гана оппозиция бир кыйла тынчыйт деген ойдо болгон. Кыскасы кыныр иш 40 жылда эмес аз эле убакта билинет.
12.09.2013. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушунчалык мыкаачылык пландары бар,кыргыз элинин турмушу менен ойногон,суусун булгаган кишилерди туугандары эле колдобосо,башка нормальный,жери учун куйгон киши колдобойт.
12.09.2013. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин бийлик Мексиканын сериалындай. Качан корсон, баягы эле окуя, бутпос ушак-айын, интрига.
15.09.2013. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр Кыргызстанда президентке татыктуу бир эле инсан калды ал да болсо МАДУМАРОВ !!!
16.09.2013. 08:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Опозициямын дегендер мурдагы бийликтеги кишилер. Ушулар кыйын болсо мурда эле Кыргызстанды алдыга жылдырбайт беле. Айтканга женил,тигил мындай бул мындай деп. Кыргыздар качан биз ынтымакта жашайбыз, биргелишип иштейбиз?
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо