«КУМТӨРДӨН» АКЧА ӨНДҮРҮҮНҮ КААЛАГАНДАР КАМАКТА

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж

Өткөн аптада Жети-Өгүздүн Саруу айылынын тургундары Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановдун «Кумтөрдүн» топ-менеджеринен 3 миллион доллар акча сурагандыгы боюнча кылмыш иши козголгон эле. УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жашыруун тасманын каармандары 31-август күнү эки айга коопсуздук кызматынын СИЗОсуна камакка алынган.
Бишкекте 4-сентябрда маалымат жыйын өткөргөн саруулуктар айыпталып жаткан балдарды колдоп кенге кетчү жолду тосуп, электр жарыгын өчүрө тургандыктарын билдиришкен. Алардын айтымында, жергиликтүү тургундар 10-сентябрдагы өкмөттүн чечимин күтүп жатышат. Айыл тургуну Кадырбек Үсөнбаевдин пикиринде, «Кумтөрдөн» акча сураган балдардын күнөөсү жок. Айыл жашоочулары тасманы «митингдерди болтурбоо үчүн ойлоп чыгарылган ыкма» деп божомолдошууда. Мындан сырткары алар «Кумтөрдүн» жабылышын талап кылабыз деген ниеттерин да билдиришти.
Эске салсак, 28-августта «Кумтөрдүн» жетекчилигинин жашыруун тартып алган тасмасы телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн. Анда май айында өткөн Жети-Өгүздөгү митингде Саруу айылынын тургундары Эрмек Жунушбаев, Бактияр Курманов жана «Кумтөр» компаниясынын өкүлүнүн сүйлөшүүсү түшүрүлгөн. Тасмадагы титрлерде жазылгандай, аталган жарандар кен иштетүүчүлөрдөн
3 миллион доллар талап кылышкан. Эгер айтылган сумманы берүүдөн баш тартышса, кенди барып талкалай тургандыктарын да эскертишкен.

Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
09.09.2013. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Анык баатырлар экен! Илгери кыргыздарда "Баатырлар" ушинтип элин баккан. Канда бар да канда....
10.09.2013. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эки жигитке убагында окмоттогулорда акча сунушташкан, кумтордун жакшы жумуштарына отургузабыз дешкен, элди тынчытып бергиле деп булардын ошондо эле жаман ойлору болсо алчу акчасын алып отурчу жумушуна отуруп, тынч элее жашай беришбейт беле муну окмот эле кылып атат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо