АСКАР АЙТМАТОВ АТАСЫНА БЕРИЛГЕН ДАЧАНЫ 500 МИҢ ДОЛЛАРГА САТЫПТЫР

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун улуу баласы, экс-министр Аскар Айтматов өкмөт тарабынан берилген мамлекеттик резиденциядагы атасынын дачасын саткандыгын Президенттик иш башкаруу бөлүмүнүн башчысы Т.Коёналиев ачыктады. Бул тууралуу ал ЖКнын 4-сентябрдагы жыйынында билдирди. Анын айтымында, дачаны Аскар Айтматов 500 миң АКШ долларына саткан. «Бирок биз аймакка жаңы кожоюнду киргизген жокпуз, уруксат да бербейбиз»,- деди ал. «Мамлекеттик резиденциянын аймагынан берилген дачаларды ким пайдалана алат?» деген талкууда эл өкүлү Өмүрбек Текебаев «президент жана анын жубайы гана жашаш керек» деген пикирин ортого салды. Анын пикиринде, өлкө башчысы менен жубайынан башка эч ким мамлекеттик резиденциядагы өкмөт тарабынан берилген дачага ээлик кылбашы зарыл. Белгилүү болгондой, мамлекеттик №1-резиденцияда 26 мамлекеттик, 3 жеке менчик дача бар. Менчик дачалар Чыңгыз Айтматовго жана Турдакун Усубалиевге берилген. Жазуучуга тиешелүү үйдүн жарымына жубайы Мария Айтматова экинчи жарымына тун уулу Аскар Айтматов ээлик кылышары белгилүү болгон эле.
Дүйнө жүзүнө белгилүү адамга берилген мамлекеттик резиденциядагы дача уулу тарабынан сатылып жатса, Алыкул Осмоновго ата-жотосу тууган эмес Бактыбек Асанбаев аттуу жаран ал жашаган үйдү музейге айландыруу убаракерчилиги менен жүрөт. Бул окуя тууралуу гезитибиздин өткөн санында жазганбыз. Алыкул Осмоновдун күйөрманы анын Чолпон-Атада жашаган үйүн жергиликтүү бийликтен сурап алып акындын үй-музейине айлантып, кыргыздын кийинки муунуна керектүү жумушту жасаган. Ал акындын «Эмне арман, көл жээгинде атым турса кара таштан» деген сабына таасирленип, Чолпон-Атадагы үйүн издеп таап барып бул ишти жүзөгө ашырыптыр.

Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
09.09.2013. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aitmatovdun balasi kilmak owonu turunon le korunup turat akmaktin
09.09.2013. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгерде Айтматовга менчикке берилсе уулунун сатканга укугу бар деп саткан чыгаар да, баягы кандай эле жаман болсо баласы, эл сыйлаган атасын, тоо устунон ит кабат деп койчу беле...
11.09.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай сатып не кыласын такыр эле кочодо калсан бир жон. Мамлекеттен атана берилсе тфу тфу. Байлык жайлады го
12.09.2013. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасынын аброюн тушуруптур да,музей кылып койсо сонун болмок,акыл болбосо ошол экен да.
14.09.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саткыла-баарын саткыла балдарынарга калтырбай саткыла ,акча учун жакшы жашоо учун келечекке эчтеке калтырбай саткыла ,саясатчылар силерди бироолор алса бири-биринерди сатып жибергиле...
15.09.2013. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактыбек Асанбаевге данк жана дунк кудай кем кылбасын патриоттук иши учун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо