ЭРЛАН ӨМҮРАЛИЕВДИН БИЛДИРҮҮСҮ БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ БОЛУП ӨТТҮ

№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж

3-сентябрда өкмөттүн облустук администрациясынын жыйындар залында аптанын каарманы болуп жаткан Эрлан Өмүралиевдин билдирүүсүнө карата жыйын өткөрүлдү. Жы­йынга облустун аппаратынын өкүлдөрү, Нарын ОИИБинин, УКМКнын, облустук санитардык эпидемиологиялык борбордун жана Нарын шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышышты. Жыйын учурунда өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Эмил Алымкулов жыйындын катышуучуларына тиешелүү тапшырмаларды берип, күч органдарына коопсуздукту жана коомчулуктагы тартипти бекем көзөмөлдөө милдетин тапшырды.
«2-сентябрда берилген Өмү­ра­лиевдин маалыматында түз­дөн-түз Нарын облусу тууралуу кеп болуп жатат. Мындай кырдаалда облустун жетекчилиги, күч органдары жана жалпы эле коомчулук карап отурбашы керек. Элдин коопсуздугу, мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн баарыбыз жапа тырмак кол кабыш кылуубуз зарыл. Ошондой эле коомчулукта да ар кандай чагымчылдык иш-аракеттердин алдын алуубуз кажет»,- дейт өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Эмил Алымкулов.
Эске сала кетсек, буга чейин оппозиция менен иштешип келген Эрланбек Өмүралиев УКМКга оппозициянын кооптуу, бийликти кулатууга карата түзүлгөн пландарын айтып берип, сүйлөшүү тартылган видеотасма 2-сентябрда коомчулукка жарыяланган. Анда Өмүралиев 8-9-10-сентябрда оппозиция өлкөдө баш аламандык уюштура турганын, анын жол-жоболорун кенен айтып берген.

Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
09.09.2013. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми айткан создорун далилдеп берсин жана кимдин канчалык денгээлде куноосу болсо жазасын алыш керек!
09.09.2013. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чагымчы Жазасын алсын!
09.09.2013. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сураныч "чагымчы" деген созго муноздомо берип койсонор. Рахмат
09.09.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ainabaz82,
Саламатсызбы!
Чагымчы (доносчик, ябедник) элдин тынчын алып, дүрбөлөң салган адам, б.а. учурда бул сөздү провокатор деген сөз менен бирдей колдонуп жүрөбүз, мааниси - чыккынчылык кылуу максатында жолдон чыгарып азгыруучу адам.
09.09.2013. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Эрланды аман коюшса болду, коопсуздугун камсыздандырып алып анан ачыктагандыр
16.09.2013. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бийликтин марионеткасыда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо