№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж
Адам картая баштаганда табигый түрдө тери бырышат. Бирок ал маалга жетпей эле айрымдардын бетине бырыш түшүп, сулуулугун бузуп коёт. Мунун себеби эмнеде? Андан арылууга болобу? Мына ушул суроолорго жооп издеп көрөлү.
БЫРЫШТЫН ЭРТЕ ТҮШҮШҮНҮН СЕБЕПТЕРИ
АЛДЫН АЛУУ ҮЧҮН ЭРЕЖЕЛЕР
КРЕМ
Териңиздин түрүн туура аныктап, ага ылайык бырышка каршы атайын крем колдонуу сунушталат. Эгер теринин майлуу же кургак экендигин өз алдыңызча аныктай албасаңыз, адистен жардам алыңыз. Бул учурда жыл мезгилин да эстен чыгарбоо керек.
КӨНҮГҮҮ
Чекедеги бырыштар адатта кашты көтөргөндөн пайда болот. Эгер чекеңиздеги бырыштан арылам же алдын алам десеңиз, алгач кашты көтөрбөй, көздүн сурмасын гана көтөргөндү үйрөнүү зарыл. Ал үчүн үйдө жүргөн маалда жазы скотчту чекеге жабыштырып коюңуз. Бул сизге эскертүүчү ролду аткарып берет. Скотч бырышып баштаганын сезер замат токтоп, сурманы гана көтөргөнгө аракет жасаңыз. Бул көнүгүүнү дайым жасап жүрсөңүз, бара-бара кашыңызды көтөрбөгөнгө көнөсүз жана чекеңиз «үтүктөлөт».
УКАЛОО
Бетке крем сүйкөөрдө же атайын убакыт бөлүп бет булчуңдарынын жайгашуусу боюнча (сүрөттө көрсөтүлгөндөй) укалоо керек. Бул пайда болгон бырыштарды жазууга жардам берет жана алдын алат. Чекени жогору карай, бетти мурундан кулакка чейин, көздүн тегерегин манжанын учу менен акырын ургулоо керек. Ал эми ээкти жаакты көздөй жогору акырын тартыңыз.
МАСКА
АДИСКЕ КАЙРЫЛУУ
Косметолог, дерматологго кайрылып, бырыштын себебин туура аныктоо керек. Адистин көзөмөлү менен бырыштан арылуу жеңил жана коопсуз.
ИЙНЕ ЖАНА БЫЧАК
Жогорудагы айтылгандардын бардыгы өтө жогорку деңгээлде жасалуусу шарт. Антпесе келбетиңиз жабыркап, терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Андыктан өз маалында же биринчи бырыштар пайда болуп баштагандан тартып эле бетиңизге кам көрүүнү унутпаңыз. Табигый азыктарды жеп, витаминдер жана минералдар менен терини камсыздап турууну эсиңизден чыгарбаңыз. Эрежелерди дайым сактоо менен сулуулугуңузду узакка сактай аласыз.
Маалымат үчүн Ден соолук жана сулуулук
клиникасынын башкы косметологу,
дерматолог Айнура Сагынбаевага
ыраазычылык билдиребиз.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Саламатсызбы!
Бадам - миндаль, сулу - овёс болуп которулат.