КУСУУ ЖАНА МУРУНДАН КАН АГУУ – КӨПТӨГӨН ООРУЛАРДЫН БЕЛГИСИ

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж

Мурундан кан агып, жүрөк айланып кускан учурлар баарыбызда эле кездешет. Бул жагымсыз көрүнүш медицинада оорулардын катарына эмес, оорунун белгилерине кирет.

МУРУНДУН КАНАШЫ

Мурундун каноосуна алып келген себептер:

  • Жаракат алганда (мурунду чукуганда, бет сөөк соккуга кабылып, сынганда ж.б.);
  • Жүрөк-кан тамыр оорусу бар болсо;
  • Витаминдин жетишсиздиги (А витамини);
  • Курч түрдөгү жугуштуу оорулардын кесепетинен;
  • Барожаракатта (аба басымы кескин алмашканда, мисалы, суунун түбүнө түшкөндө, бийик тоого чыкканда, учак менен көтөрүлгөндө же жерге конгондо);
  • Күндүн ысыгы өтүп кеткенде;
  • Гормоналдык баланстын бузулушу (жыныстык жактан жетилүү учурунда, кош бойлуулукта);
  • Кара күч келтиргенде (чуркоо, оор нерсе көтөрүү);
  • Мурундун ички бетинде пайда болгон шишиктер;
  • Бөлмөдөгү аба абдан кургак болсо, мурундун көңдөйүндөгү былжыр чел кургап, чүчкүргөндө же чимкиргенде андагы кан тамыр жарылып, канайт.

Мурун канаганда алгачкы жардам

  • Башты жерге салбай, мурунду бир аз өйдө каратып, ашыкча кыймыл жасабоо керек.
  • Оозго жана каңылжаарга кан кирип кетпеш үчүн башты бир аз алдыга созуу шарт.
  • Андан соң мурундун таноосун манжалар менен 5 мүнөттөй кысуу зарыл. Мунун алдында кебезди 3 пайыздык перекись аралашмасына бир аз малып, мурундун ичине салып койсо, кандын агышын тез басат.
  • Желкеге жана мурундун кайкысына (эки көздүн ортосу) муздак нерсени 20 мүнөтчө басыш керек.
  • Кан агып жатканда чимкирүүгө болбойт. Ал кандын агышын күчөтүп жиберет. Ошондой эле ызы-чууга алдыруу жана ашыкча кыймыл да канды токтотууга тоскоолдук жаратат.
  • Эгер оң таноодон кан чыгып жатса, оң колду бийик көтөрүп, сол кол менен кан чыгып жаткан таноону басат. Ал эми сол жак таноодон кан кетсе, анда сол колду көтөрүү керек. Эгер эки таноодон тең кан чыгып жатса, анда эки колду көтөрүп, жанындагы адам мурдун басып туруу зарыл.

Кайсы учурда дарыгерге кайрылуу керек?

  • Эгер мурундан кан агып, аны басууга болгон биринчи аракет 10-20 мүнөт ичинде жыйынтык бербесе;
  • Кан басымы жогорулар, кант диабети сыяктуу оорулары бар болсо;
  • Оорусуна байланыштуу дайыма Аспирин, Гепарин, Ибупрофен өңдүү дарыларды колдонуп жүрсө;
  • Мурундан аккан кан кекиртекке кирип, куса баштаса;
  • Кан агып баштаганда өзүн жоготуп жыгылып калса же башы айланып, өзүн жаман сезсе;
  • Жыгылып же сокку жеп катуу жаракат алса;
  • Мурунунан кан агуу тез-тез кайталана бергендер сөзсүз дарыгерге барып текшерилүүсү керек. Мындай көрүнүш ар кандай оорулардын белгиси болуп эсептелет.

Алдын алуу

  • Муруну көп канаган адамдар бөлмөнү өтө кургак кармабашы керек. Өзгөчө кышкысын жылыткычтарды иштеткенде сөзсүз алардын жанына суу коюу зарыл.
  • Мурундун ичин, сыртын вазелин же жумшартуучу май менен шыбап, кан тамырлардын жумшарып туруусуна шарт түзүү керек.

КУСУУ

Кайсы учурларда адам кусат?

  • Карынга бөтөн нерселер, сапатсыз тамак-аш жана ар кандай уу зат түшкөндө;
  • Карындын (гастрит, карын жарасы), ички органдардын (жүрөк, өт баштыгы, сокур ичеги жана башка), борбордук жана четки нерв системи дүүлүккөндө же ооруганда;
  • Кош бойлуу учурда;
  • Баштан жаракат алып, мээ чайкалганда, шишигенде;
  • Кээ бир дары-дармектен улам кусуу болот;
  • Нерв системине күч келгенде (корккондо, ызы-чууга алдырганда);
  • Термелгенде.

Жүрөк айлана баштаса...

  • Денеге күч келтирбей тынч отуруп же жатып эс алуу керек.
  • Автоунаада баратканда алдыңкы айнекти карап отурган туура. Ал эми капталдагы айнектен жүрүп бараткан унаанын ичиндегилерге сырттагы заттар термелгенсип, ал баш айланып, кусууга алып келет.
  • Өпкөгө абаны толтуруп, демди акырындык менен чыгарып турса, кусуп жиберүүдөн сактайт.
  • Тамакка өтө тоюп алып же газдалган, аябай таттуу суусундукту көп ичип алып ашыкча кыймыл жасоо кустурат.

Кускан адамга жардам көрсөтүү
Катуу ооруп жаткан бейтаптын жана эсинен тангандардын кусундусу дем алуу жолуна кетип калбас үчүн оорулууга жакшы көз салуу керек. Бул үчүн төмөнкү эрежелерге көңүл буруңуз:

  • Кусуу убагында бейтапты отургузуп же башын ылдый кылып кырынан жаткырат.
  • Эгерде сыркоо чалкасынан жатса, кусуп бүткөнгө чейин башын капталына буруп, ошол абалда кармап туруу зарыл. Кускандан кийин оозун чайкатып, тазалоо керек.
  • Кан аралаш кусса, ашказан тушуна муздак нерсе коюп, оорулууну тынчтандырып, тезинен дарыгер чакыруу керек.

Кускандан кийин ашказанды эс алдырыңыз

  • Кусуп бүткөндө эң аз дегенде 2 саат тамактанбай, суюктук ичпей, ашказанды эс алдыруу керек. Көңүл айлануу басылганда аз-аздан минералдык газдалбаган суу, шорпо же чай ичүү сунушталат.
  • кофеин бар суусундуктарды, сүт азыктарын, цитрус өсүмдүктөрүн, алкоголдук ичимдиктерди, ошондой эле Аспирин жана Ибупрофен дарыларын кабыл алуу кайрадан ашказанды кыйнайт. Ал эми кусуу көпкө уланса, ага каршы дарыларды берүү туура эмес. Тескерисинче, кусуу бир нече сааттан кийин өзү токтоосу керек.
  • 6-8 сааттан соң аз-аздан тамак жегенге болот: сууга бышкан ботко, күрүч тамак жана майлуу эмес шорпо.
  • 2-3 күн аралыгында ачуу жана куурулган тамактардан баш тартып турган оң.
  • Эгерде эч себепсиз кусуу көп кайталанса, анда дарыгерге көрүнүү зарыл.

Кубаныч Сыдыков
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(16)
16.09.2013. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
инимдин мурду коп канайт да жакшы кенештер экен
16.09.2013. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен жолдошумдун мурду коп канайт а мен машинадан дайыма башым айланып кусам алыс жолго чыккым келбейт.
16.09.2013. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwy kenewter bar eken... paydaluu
16.09.2013. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тункусун уктап атканымда коп канап калды акыркы убактарды анын себеби эмне болушу мумкун?
19.09.2013. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omurbek9393, Гормоналдык баланстын бузулушу (жыныстык жактан жетилүү учурунда, кош бойлуулукта);))))
17.09.2013. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жанылыктар экен пайдалуу
17.09.2013. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурунду кыспоо керек, анын мээге кайра куйулуу коркунучу бар, энсеге муздак нерсе коюу туура.
18.09.2013. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун кенештер...
18.09.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен менинда мурдум коп канайт
20.09.2013. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы жон эле отуруп башым айланып кусуп жатып калгамын 2 3жолу кайталанган корком эстесем
22.09.2013. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфого рахмат пайдалуу кенештерди коп жазат.
23.01.2014. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чачты кантип остуруш керек я
Модератор admin_media түзөттү 24.01.2014 10:48
24.01.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyltai,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/article/?article=4053 ушул шилтеме менен кириңиз.
24.01.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
04.04.2014. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурунум кунуго канайт.Татту нерсе кичине жесем канай берет эмне учун.
13.01.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы коп кусам((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо