ДАРЫЛАР ТҮЙҮЛДҮККӨ ЗЫЯН КЕЛТИРБЕЙБИ?

№205 6-12-октябрь, 2006-ж.

– Мен бойго бүтүрбөөчү дары ичип жү­рүп, эрежени так сактабай койгондугумданбы, айтор, боюмда болуп калыптыр. Муну жакында билдим. Эми сиздерден ал дарылар түйүлдүккө зыянын тийгизбейби деп сурайын дегем. Эля, Ош.

– Коркунучтуу эч нерсе деле жок. Антсе да мындай учурда гинекологго көрү­нүп, генетикалык текшерилүүдөн өтүү керектелет. Түйүлдүккө 10-12 апта болгондо РАРР-тест жана УЗИ жасалат. Булар түйүлдүктөгү генетикалык жана башка кемчиликтерди (эгер болсо) аныктоого жардам берет. Түйүлдүккө 16-17 ап­та болгондо гормоналдык текшери­лүүдөн, ал эми 18-22 аптада кайрадан УЗИден өтүү талап кылынат.


ЖУМУРТКАЛАРЫМ БИР ЖАКТА...

– Менин жашым 16дан өттү. Антсе да ушуга чейин менин жумурткаларым бир жакта. Балдардан жумурткалар эки тарапта болот деп угуп, менде эмнеге андай эмес деп кейийм. Анткени, мен бир үйдүн жалгыз баласы болгондуктан, тукумсуз калгым келбейт. Досторум эми кемчилигимди операция жолу менен гана калыпка келтирсе болот дешет. Ушул туурабы? Сали, Бишкек.

– Жумурткалардын бир жакта болуп калышы тубасалыктан болот. Мындай учурда сөзсүз операция жасалат экен деп коркуунун кереги жок. Болгону дарыгер уролог-андрологго барып, анализге урук клеткаларын (спермограмма) тап­шыруу керек. Андан урук клеткаларынын бар же жок экендиги жана ошондой эле алардын кыймылдуулугу текшерилет. Эгер баары жайында болсо, жумурткалар бир жакта экенине карабай эркек балалуу боло берет. Жумурт­каларды ордуна келтирүүнүн, башкача айтканда, операциянын кереги жок.


АЛИГИМ КОТУРГА КАБЫЛДЫБЫ?

– Менин алигимдин ылдыйраак жагына бүдүрчөлөр чыгып кетти. Алгач бирөө болчу, анан үстүрөөк жагына да пай­да боло баштады. Өтө болбосо да кычыштырат. Ушундан улам алигиме котур жугуп калган жокпу деп коркуп жатам. Эмне менен дарылап айыксам болот? Кемел, Карабалта.

– Анализ тапшыртмайынча жана анын жыйынтыгына таянбай туруп, диагнозу мындай деп айтуу кыйын. Негизи, бүдүр­чөлөрдүн чыгышы жана кычыштыруусу бир канча оору түрүндө кездешет. Ошон­­­дуктан, сиз тери-венеролог дарыгерге көрүнүүңүз керек. Калганы ошондон кийин билинет.


КАТУУ ООРУБАСАМ ДЕЛЕ БУЛ ЭМНЕСИ?

– Кийинки кезде этек кирим бир айга жетпей эле келип калчу болду. Эч жерим катуу оорубаса деле бул эмнеси деп чочулап жатам. Эмне кылсам болот? Махабат, Талас.

– Так диагнозун билүү үчүн УЗИге тү­шүп, гормоналдык текшерилүүдөн өтүп, инфекцияга карата анализ тапшыруу кажет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
30.10.2009. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тортоум жакындап калды коркуп жатам эмне кылуум керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо