Бир бүркүм... ЗЫЯРАТЧЫЛАР 17-СЕНТЯБРДА ЖОЛГО ЧЫГЫШАТ...

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж

  • ИИМдин Ички аскерлер кызматын ИИМдин курамынан чыгарып, Улуттук гвардия менен Бириктирүү сунушун ЖКда Коргоо кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Кубанычбек Орузбаев билдирди.
  • УКМКнын алдындагы Коомдук байкоочу кеңеш өзүн-өзү тараткандыгын жарыялады.
  • Премьер Жантөрө Сатыбалдиев маалымдагандай, Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» заводун өкмөт өз күчү менен ишке киргизүүнү карап жатат.
  • 2015-жылы «Датка-Кемин» подстанциясынын «Кемин» жогорку өткөргүчтүү линиясы ишке кирет.
  • Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин ырастоосунда, Бишкектеги «Енисей» кафесинен ууланган 123 жарандын 25и үйлөрүнө чыгарылды.
  • Ош облустук соту полковник Толкунбек Шоноевди өлтүргөн кылмышкерлердин жазасын күчөттү. Ага ылайык, кылмышкерлердин бири өмүр бою эркинен ажыратылып, дагы экөөсүн 10 жана 20 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.
  • Экономика министринин орун басары Санжар Муканбетовдун айтымында, өлкөдө бардык тармакка лицензия берүү эки эсеге кыскартылды.
  • Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын маалыматына ылайык, өлкөдө 8 ай ичинде 560 экономикалык кылмыш катталган.
  • Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнүн орун басары Аcкарбек Жаныбеков облустагы мектептерге көмүр алууга бөлүнгөн 12 миллион сомдун 1 миллиону гана берилгенин айтты.
  • Бишкек жылуулук борбору 400 миң тонна көмүрдү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алат.
  • Үч жыл аралыгында Мамлекеттик геология агенттигинин жооптуу кызматкерлерине 90 кылмыш иши козголгон.
  • Президент автоунаалардын айнегин акы төлөп караңгылатууга уруксат берген мыйзам долбоорун парламентке кайтарды.
  • Мурдагы экономика министринин орун басары Олег Панкратов премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин кеңешчиси болуп дайындалды.
  • Дин башкармалыгынын маалыматына караганда, ажылык сапарга аттангандар Кыргызстандан 17-сентябрда учуп кетишет.
  • Ош шаарынын Монополияга каршы күрөшүү бөлүмү мындан ары шаарда кой эти 300 сомдон, уй эти 290 сомдон сатылсын деген чечим кабыл алды.
  • Пара алууга айыпталып маалымат-аналитикалык борборунун кызматкери кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Эльвира Караева, Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо