КЫТАЙ КЫРГЫЗДЫН ЭҢ ИРИ ИНВЕСТОРУ БОЛОТ

№567 13-сентябрь-19-сентябрь, 2013-ж

Бул апта ичинде Бишкек бери дегенде 14 өлкөнүн маалымат чордонуна айланды. Дал ошончо мамлекет Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынына катышат. Борбор шаарыбызга 1200дөй делегация мүчөлөрү, 300дөн ашуун журналисттер келишти.

10-сентябрь күнү Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин биринчи мамлекеттик сапары менен келип, аны «Манас» аэропортунан президент Алмазбек Атамбаев өзү жана кымча белдүү кыргыз кыздары кыпкызыл розалардын гүлдестеси менен тосуп алышты. Гүл тилин кытайлар жакшы түшүнүшкөн чыгар, ток этерине токтолсок, коңшу өлкөнүн Кыргызстандын эң ири инвестору жана кредиторуна айлануу процесси баш айланткан ылдамдыкта өнүгүп баратат. Экономика министри Темир Сариев айткандай, 11-сентябрь күнү кол коюлган бардык долбоорлорду реализациялоо үчүн Кытай тарап Кыргызстанга 3 миллиард доллар бөлөт. Бул цифранын өзү эле барган сайын Кыргызстандын келечегин ансыз элестетүү мүмкүн эместей болуп бараткан Кремлди бир топ артка таштайт.
Жогорудагы долбоорлордун ичинен конкреттүүлөрүнө токтолсок, Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборун модернизациялоого болжол менен 386 миллион доллар жана Түштүк-түндүк альтернативдүү жолунун курулушуна 400 миллион доллар кредиттеринин берилүүсү документтүү түрдө тастыкталды. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кытай газ куурунун Кыргызстан аркылуу өтө турган бөлүгүн куруу жана ишке киргизүү боюнча макулдашууга кол коюлду. Жаратылыш газы Түркмөнстандан Кытайга транспорттолот, ал эми Кыргызстан транзиттик өлкө катары газ түтүктөрү өткөн жер тилкелери үчүн ижара акысын алат.
ШКУнун алкагындагы өз ара мамилелер менен документтер Кыргызстан үчүн өтө маанилүү, бирок бул саммиттин айынан бишкектик тургундар менен коноктор үчүн чоң ыңгайсыздык жаралууда. Борбор шаардын борбордук бөлүгүндөгү жолдор саммиттин чегиндеги иш-чаралардан улам бир сааттап тосулуп, анда жайгашкан мектептер, ЖОЖдор, ооруканалар, ишканалар, кеңселер, дүкөндөр, дегеле шаар калкынын үчтөн бири сүзүп өтүүчү Бишкектин бөлүгү блокадада калууда. Ал эми шаар башчылыгы тарабынан бул учурлар үчүн альтернативдүү каттамдар сунушталган жок.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
16.09.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Си Цзиньпин" деп орусча аталышы боюнча атап жатасыздарбы э? Кытайча аталышы "Ши жин пиң" деп айтылат, кытайча (习近平) ушундай жазылат, окуганда да айктанда да "Ши жин пиң" деп окулат, айтылат. ушуга окшош эле Кытайдагы башка атоолорду да орусчасындай атап жаткандай эле сезилет.
16.09.2013. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустардын оозун карап отура бербей, булар менен иш кыла берели...
16.09.2013. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
uluk1982, туп туура. эми ушул акчаны ар ким чонтогуно салып кетпеселе болгону.
16.09.2013. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орустар оозун ачып олтурганда кытайлар кели п лап деп 3 млрд инвестицияны калтырып кетти.
17.09.2013. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КР көп мамлекет менен достошуу керек, болуп дагы мусулман мамлекеттер, анан коңшулар менен жакшы алака түзүү керек.
17.09.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
TolonturCN, кошулам. турция. иран. катар. япония. корея. сингапур.жб.ус.
17.09.2013. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eee karyzga akcha berem ele dese dostosho berish kerek,Almaz ketkenden kiyin bashkasy keletta al dagy dostoshup karyz ala berish kerek
17.09.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ozybyz ishtebei ele koelu bolynyo jarylyp jyro bereli tyndyk tyshtyk dep kim biylike kelse jep kursak toigozup tuugandardy yraazy kylyp,oshentip akyry bolynyp mamlekttergw tarap ketebizda jarymy kazakstanga jarymy uzbekstanga jarymy kytaiga chachayrap
18.09.2013. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болунуп кетебиз дэп озуну ачып отура берсен болуносунда...ошон учун ар бир адам оз укугун сыйлап ынтымактууу болуш керек...ошондогана биримдик болот...а карыз алганга келсен биздин чондорго конумуш адат...алакандай калкьбыз ен карызы коп мамлекет биз болсок керек менимче
19.09.2013. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кытайдан алыс эле болгонубуз дурус болчу.
20.09.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Атамбаев ажоо айтып жатат, Кытай ак дилден жардам берип жатат деп, дүйнөдө мындай ак дилден жардам берүү бир гана пайгамбарлар доорунда калып кетсе керек, азыр болсо тап такыр башкача. мүмкүн деле эмес, жардам деп эле көз каранды болуп жашаган да жаман күйгүзөт экен, намыс!
21.09.2013. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акырындап олтуруп ушул Кыргызстанды кытай басып кетет да. Эми ал 3млрд. чонтоко кетпей, эл учун, жер учун иштетилсе эле болгону, бирок козум жетпейт да ушуга.
24.09.2013. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул болунгон акча,кол коюлган келишимдер ишке ашса буюруса,кыргызстанды элестетип жатам,эгер биздин кыйындар сол чонтоко урбаса 5 жылда мекенибиз гулдоп эле кетмек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо