ТИШКЕ КАМ КӨРҮҮ

№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж

Акактай таза жана бүтүн тиштер жагымдуу жылмаюунун гана эмес, ден соолуктун да негизин түзөрүн билдиңиз беле? Сиз жеп жаткан тамак канчалык майда чайналса, ошончолук организм тез жана кубаттуу азыктана алат. Тиштер тиш пастанын жарнамасындагыдай жаркырап туруш үчүн ага туура кам көрүү керек. «Атлант» клиникасынын врач-стоматологу, Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетинин окутуучусу КУБАН ЗАКИРОВ тишке кам көрүү боюнча маалымат берет.

Бармак-щётка
Тишке кам көрүү алгачкы сүт тиш чыккан күндөн тарта башталышы керек. Ал үчүн атайын бармакка кийилүүчү щётканы пайдаланган туура. Аны апасы же башка бир чоң адам бармагына кийип баланын тишин сүртүүсү зарыл. Тишке арналган паста эмес, жөн гана таза, жылуу суу жетиштүү.

Тазалоонун эрежеси
Калган сүт тиштер чыккандан кийин балдар үчүн атайын щётканы жана пастаны пайдаланууга өтө берсе болот. Тиш тазалоонун атайын эрежеси бар. Щётка менен үстүнкү тиштердин ичи-сыртын ылдый карай, астыңкы тиштердин ичин жана сырткы бетин өйдө көздөй тазалоо керек. Ал эми азуулардын үстүн (чайноочу бетин) артка-алдыга айланта сүртүү туура. Бир күндө эки ирет, эртең менен тамакка чейин, кечинде тамактан кийин сөзсүз тиш тазалануусу керек.

Щётка
Тиш щётка кылынын түрүнө карата жумшак, орточо, катуу, жана өтө катуу деп төрт топко бөлүнөт. Ыңгайлуусу орточо катуулуктагы щётка. Анткени өтө катуу түрү бара-бара тиштин эмалын кырып салышы ыктымал. Булардан тышкары учурда электр щёткалары да пайдаланылат. Алар тиштин үстүн ылдам сүрткөндүгү менен айырмаланышат. Бирок бүйлөнүн сезгенүүсү же токко урунуп калуу сыяктуу коркунучту да туудурбай койбойт. Эгер туура колдонсо, электр тиш щёткалары жакшы жыйынтык берет. Кандай гана щётка болбосун, үч айда алмаштыруу керек.

Тиш паста
Тиш пастасын тандаганда адамдын жаш курагы жана пастанын курамы эске алынат. 6 жашка чейинки балдарга атайын балдар үчүн пасталарды колдонуу керек. Ал эми чоңдор фтор, кальций кошулгандарды пайдаланса жакшы. Курамында ромашка, шалфей бар болгон паста да пайдалуу. Негизи, сапаттуу пасталарды алууга аракет жасап, базарлардан эмес, дарыканалардан алганыңыз туура.

Тиш чукугуч
Көпчүлүк учурда тишке тыгылып калган калдыкты алып чыгуу үчүн тиш чукугуч пайдаланылат. Бирок чукуганда бүйлө сезгенет да, акырындык менен ал жогору жылып, тиштердин ортосу ачылышы мүмкүн. Анын ордуна тиш тазалоочу жиптерди колдонгон оң. Жип эки тиштин ортосундагы калдыктарды жакшы тазалайт.

Курт тиш (кариес)
Кариес гигиенанын сакталбаганынан келип чыгат. Тамактын калдыктары калган жерде микроорганизмдер пайда болот. Алар тамактын калдыктарын жеп, иштетип, анан кайра кислота кылып бөлүп чыгарышат. Кислота тиштин эмалынын талкаланышына алып келет. Курт түшкөн тиштерди пломбалоо жолу менен дарылоого болот. Ал үчүн заманбап фотопломба колдонулуп жүрөт. Бул мурда колдонулуп келген цементке караганда жакшы. Убакыттын өтүшү менен салынган цемент кичирейип, түсүн өзгөртүп жиберет. Ал эми фотопломбада андай маселе жаралбайт. Андан тышкары булар аз кычкылданат жана бүйлөнү сезгентпейт.

Тазалатуу
Тишти туура эмес күтүүдөн анын түбүнө майда, таш сымал катуу катмар пайда болот. Ал бүйлөнүн жана эмалдын жабыркашына шарт түзөт. Бүйлө сырттан таасир болмоюнча өз алдынча эч качан канабайт, ириңдебейт. Эгер ооруксунуп, жаман жыт чыгып жаткан болсо, анда тишти тезинен тазалатуу керек. Тазалатуу – тишти түбүнө жабышкан катуу заттан арылтуу. Анын эмалга зыяны тийбейт.

Агартуу
Айрымдардын тишинде сары сызыкча же тиши толугу менен саргыч түстө болот. Бул флюороз деген оору. Ал организмде фтор затынын көбөйүшүнөн улам пайда болот. Анын кесепетинен тиштин эмалы түсүн өзгөртөт. Фтордун көбөйүшүнө аба, ичкен суу, жеген тамак-аш жана башкалар таасир этет. Тишти агартуу үчүн эмалдын бир катмарын кырып салууга туура келет. Бул агартуу ыкмасы деп аталат. Айрымдар агартуу менен тазалоону алмаштырып алышат. Агартуу, албетте, тазалоого караганда зыяндуу.

Кийме тиш
Кийме тиштерди кадимки тиштердей кылып эле тиш паста, тиш щётка менен күнүнө эки ирет тазалоо керек. Айрымдар кечкисин сууга салып коюшат. Бул туура эмес. Суу желимди жибитип, анын структурасын бузат да, бат сынуусуна алып келет. Кечкисин кийме тишти тазалап, таң атканга чейин чаң жукпаш үчүн кургак стаканга салып же чүпүрөккө ороп коюу жетиштүү.

Тишке кам көрүүдөгү эң негизги шарт – тишти өз убагында жана эрежеге ылайык тазалоо. Ар бир 6 айда тиш доктурга кайрылып, тиштердин абалын аныктап турууну унутпаңыз. Эгер кандайдыр бир маселе жаралган болсо, адистин кеңеши менен аны өз учурунда дарылатуу абзел. Айрым учурларда тиш кыйшык чыгат. Мындайда ортодонтко кайрылыңыз. Канчалык эрте кайрылсаңыз, ошончолук тез жана мыкты жыйынтыкка ээ болууга мүмкүн.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(21)
23.09.2013. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги бармак щетканы аптекалардан коро элекмин деги..
30.09.2013. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisuluu7, бар мен алганмын ичинде 0 дон 3жашка чейинкилердин пастасы менен бир каропкада.
23.09.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бармак щетка жакшы экен
23.09.2013. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
супер инфого рахмат дайыма пайдалуу кенештерди берет
23.09.2013. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эки тишиме ак пластмасса жасалма тиш салдыргам, бирок, көп өтпөй эле көгөрүп кетти. Бул көгөргөндү кетирсе болобу? Кеңеш бериңиздерчи?
24.09.2013. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uulkan2288, жок ал наращивания когоргондон кийин агарбайт. Тиги Врач Закиров менин иним Стоматолог Максатка окшош экен. Суротунон ажыраталбайсын прям.
24.09.2013. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суперчилер тишинер оорубашын каалайм. кенешке рахмат
24.09.2013. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумшактан -ич,катуудан-тиш оору жаман деген чын.
24.09.2013. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат жакшы кенеш экен! Муах
25.09.2013. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат кенешинерге..
25.09.2013. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен рахмат.
25.09.2013. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кооп куткон элем мындай кенешти рахмат сиздерге!
26.09.2013. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kudaiga shugur men, tish ooruu emne ekenin bilbeim...degenim karies jok
27.09.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш берипсинер рахмат. ))
10.10.2013. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сапаттуу...жана киииичине арзанырааак тиш доктурлар болсо,дарегин бериниздерчи....сураныч...
20.10.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы.берген кенештериниздерге чон рахмат!сурайын дегеним:мен 2тиш жулдурганмын,андан бери коп убакыт отту.еми башка тиш салдырайын десем,ал жер качан бутуп калган.еми суроо:жок тиштердин ордуна тиш созсуз салдырыш керекпи же салдырбасам да болобу?зыяны жокпу?егер болсо кандай?
20.10.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздерден сураныч супер инфо
ешерде бет,кол деги еле дене куйсо тери сыйрылып кеткен учурда емне кылса болоруда айта кетиниздерчи
30.10.2013. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saikal.97, сонун кенеш экен
04.12.2013. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
saikal.97, негизи кааздын майын суйкош керек дешет бирок менин колум куйгондо кааздын майын суйкогом бирок кеткен жок 5жыл болуп жатат дагы деле дак бар
30.10.2013. 03:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тери куйгонго каздын майы жакшы даба, так калбайт куйгон жерге
21.02.2017. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы пайдалуу малымаат экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо