-

Жыл башынан бери
87 адам сууга чөгүп каза болгонун ӨКМ кабарлады. Эң көбү Чүй облусунда 31 жана эң азы Ош облусунда 5 адам мындай кырсыктан каза тапкан.
-
Бишкектеги Улуттук китепканада 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясынын IV тому коомчулукка тааныштырылат.
-
ЖКнын депутаты Ирина Карамушкина: «154 ок атуучу куралга ээлик кылган 58 эл өкүлү бар. Алардын ысымдары ачыкка чыгышы керек жана парламенттин ичинде курал алып жүрүүгө тыюу салынышы шарт»,- деди.
-
Өлкөнүн Кызыл китебине сүт эмүүчүлөрдүн 23 түрү, канаттуулардын 53 түрү жана балыктын 7 түрү киргизилип, өсүмдүктөрдүн дээрлик 83 пайызы атайын эсепке алынган.
-
Жогорку Кеңеш жаңы Акыйкатчыны 25-сентябрда шайлайт.
-
Бажы союзунун эксперттери Казакстанга Кыргызстандан сүт продукциясын ташып кирүүгө карата убактылуу чектөөнү 5 сүт иштетип чыгаруучу ишкана үчүн жойду.
-
«Ысык-Көл пароход транспортун башкаруу» мамлекеттик ишканасынын директору Таалайбек Мукашевдин айтымында, мекеме 2003-2010-жылдар аралыгында карыздан улам
9 чоң кемесинен куру жалак калган.
-
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков депутаттарды парламентте ачылган кыргыз тилин үйрөнүү боюнча сабактарга жазылууга чакырды.
-
Бишкек мэриясы 28-сентябрда өтүүчү шаардын 135 жылдыгын белгилөө үчүн 800 миң сом сарптайт. Стадиондогу чоң концертке орусиялык ырчы Максимдин келүүсү күтүлүүдө.
-
Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун айтымында, өлкөдөгү жумушсуздардын
60 пайызын жаштар түзөт.

-
Өмүрбек Суваналиев жана Бегалы Наргозуев баштаган «Каршылык көрсөтүү кыймылы» түзүлүп, анын бет ачар аземи 18-сентябрда болуп өттү.
-
Бишкек шаарындагы жылуулук электр борборунун модернизациясы үч жыл жүрүп, анда кубаттуулугу 150 мегаваттан турган 2 турбоагрегаттын орнотулушу пландалууда.
-
Быйылкы жылы 14,6 миллион долларды түзгөн саатына 373 миллион киловатт электр энергия экспорттолуп, кышка карата сууну үнөмдөөгө байланыштуу бул көрсөткүч 5 эсеге төмөндөгөн.
-
«Кумтөр» боюнча меморандумду парламенттеги коалиция кеңеши 23-сентябрда талкууламай болду, бул маселени 14-сентябрда карап чыккан КСДП фракциясы жалпы пикирге келе албады.
Эльвира Караева
politika@super.kg