УКМК ОППОЗИЦИЯГА БАЙЛАНЫШТУУ ДАГЫ БИР ВИДЕО ТАРАТТЫ

№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Хизб-ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү Бактыбек Жуматаевдин өлкөнүн тынчтыгын бузуу боюнча оппозициянын пландарын ачыкка чыгарганын көрсөткөн кезектеги видеону таратты. Буга чейин ушул айдын башында Соң-Көлдө өткөн курултайдын уюштуруучуларынын бири Эрлан Өмүралиевдин оппозициянын пландары тууралуу айтып бергени видеого тартылып, элге жарыя кылынган эле. Коомчулукта бул окуя көбүрөөк «Юпи-гейт» деген аталышка ээ болгон. 17-сентябрда оппозиционерлер Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Аликбек Жекшенкулов бул видеонун монтаждалганын айтып, маалымат жыйын өткөрүшүп, анда Садыр Жапаровдун Эрлан Өмүралиев менен болгон телефондогу сүйлөшүүсүнүн аудиожаздыруусун угузушту.
Ал эми жогорудагы Бактыбек Жуматаевге келсек, ал видеодо Эрлан Өмүралиевдин өз каалоосу менен оппозициянын пландарын айтып бергенин баяндаган. Жуматаев Өмүралиев менен 2012-жылдын аягында таанышканын, ушул жылдын жаз айларында Өмүралиев ага «Юпи» деп аталган долбоорду ишке ашырууда жардам берүүсүн суранып кайрылганын айтып берген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
23.09.2013. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
мунафыктар Хизб ут тахрирге соз тийгизбей арам ишинерди кыла бергилечи.
23.09.2013. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой азыр мамлекетти башкарган бир да органга ЭЧ КИМ ИШЕНБЕЙТ муну билип койгула, ит уро берет...
23.09.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
madina.00, Туура айткансын ит уро берет, органдар оз ишин кыла берет, мамлекеттин тынчтыгы учун.
23.09.2013. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Омуралиев айтып берген адам экен го, эми да эмне деп актанар экен Жапаров, же эртен да бул адамды бир жерден кармап диктофонго жаздырып, мени 7 кабаттан ыргытабыз деп коркутканы учун шымыма ... коюп, айткандарын айтып бердим деп айттырабы)))
23.09.2013. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жомок!!!
24.09.2013. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бириндин этинди бирин казанга салып кууруп жеп, нары тынсанар жакшы болот белееее,дейм да)))
24.09.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимиси чындыкты айтып жатканын бир Аллах билет, бирок кее бир полтитик сооройлор бийлик учун эмнеге гана барбайт. Бийликтин чокусунда олтурганда сен ким элен деп суйлогондо, тактан оодарылганла элин ойлоп калат. Бирок ар бир кылгандары учун жооп берер кун да келет, озу эмес урпагы кошо жооп берет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо