АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ: «ЭЛ АДИЛЕТТҮҮ ШАЙЛОО МЕНЕН КЕЛГЕН БИЙЛИККЕ ГАНА ИШЕНЕТ»

№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж

16-20-сентябрь күндөрү президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен Бельгияда болду. Ток этерин айтканда, анын жүрүшүндө ушул жылдын декабрь айына чейин Кыргызстандын макроэкономикалык туруктуулугун өнүктүрүү үчүн 30 миллион доллар, мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо боюнча 13 миллион евро бөлүнөрү билдирилди.

Өлкө башчы «Кыргызстан чет өлкөлөргө чыккан ар бир сапарында акча сурап жүрөт» деген оппоненттерине жооп берип жатып: «Мен Европалык биримдиктен акча сураган жокмун. Бирок жардам бөлүнүп жатса, анда аны алуу керек, пайдалануу керек. Мунун уяты барбы? Анын үстүнө мага Европа тараптан мындай көмөк көрсөтүүлөр көбөйөрүн айтышты. Буюрса, өзүбүз иштеп, өзүбүз акча табууга киришебиз. Көбүнө байкалбай жаткан чыгар, бирок Кыргызстанда өсүү башталды. Ошол эле Бишкекте кызуу курулуш иштери жүрүп жатат. Путин учуп келгенде "керек болсо Бишкекте түнү да жарык берилип калыптыр" деп айтты»,- деди А.Атамбаев.
Сапар учурунда дагы бир маанилүү маселе козголду. Европалык биримдиктен эксперттер тобу келип, шайлоо даярдыгына жардам бермей болушту. Тагыраагы, ачык-айкын, адилеттүү шайлоо уюштурууга колдоо көрсөтүү үчүн. Иш сапардын жүрүшүндө мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо боюнча Европалык комиссия менен макулдашууга юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов кол койду. Андагы программада прокуратура, Жогорку Сот, конституциялык палата менен иш алып баруу, соттук реформа жүргүзүү жана ЖМКларда укукту үгүттөө иш-чараларын жакшыртуу каралган. Баш-аягы буга 13 миллион евро бөлүнөт. «Эл адилеттүү шайлоо менен келген бийликке гана ишенет. Элдин тагдырын өз колуна тапшыруу керек. Кыргызстанда ачык-айкын жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө жок дегенде 50 миллион доллар талап кылынат. Бюджеттен мындай каражатты бөлүп берүү оор. Ошондуктан гранттардын эсебинен шайлоо өткөрүү зарыл»,- деп айтты президент.
Бельгияда «Манас» аэропортунда жайгашкан Транзиттик жүк ташуучу борбор да көз жаздымда калбады. Алмазбек Атамбаев бул боюнча: «Биз өзүбүздүн миссиябызды аткарып бүттүк. 2014-жылдын 11-июлунда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы келишимдин мөөнөтү аяктайт. Андан соң «Манас» аэропортунда аскердик күчтөр болбойт, ал жарандык хабга айланат»,- деди. НАТОнун башкы катчысы Андерс Фог Расмуссен да эмдиги жылы Кыргызстандан АКШнын аскердик күчтөрү чыгып кетерин билдирди.
Иш сапарынын алкагында Алмазбек Атамбаев Европалык кеңештин төрагасы Херман Ван Ромпей менен жолугушту. Анда президент: «Европалык союз парламентке болгон таза шайлоодо бизге колдоо көрсөтөт. Бул 2017-жылдагы президенттик шайлоо таза өтөт дегендин кепилдиги болуп берет»,- деди. Парламенттик башкарууну тандап алган Кыргызстандын атынан Жогорку Кеңештин төрагасы эмес, эмне үчүн президенттин келгени да суроо жаратты. «Европалык биримдикке спикерди эмес, мени чакырышты. Чет жактарга чыгууга жан талашканым үчүн эмес, иштеш үчүн келдим. Туулган күнүмдө менин деле эс алгым келмек, бирок иш баарынан өйдө турат. Президенттик мөөнөтүм 4 жылдан кийин бүтөт. Бул жылдардын иш жыйынтыгын менден сурашат, талап кылышат. Андыктан бирөөлөргө жагабы же жакпайбы, мен иштейм»,- деди өлкө башчы. Жогорудагы максат-тапшырмалар менен бул иш сапарына президент Алмазбек Атамбаев эмес, спикер Асылбек Жээнбеков бара турган болсо, ушундай жыйынтыкка жетиши мүмкүн беле же?.. Жыйынтыктап айтканда, өлкө башчысынын Бельгияга болгон иш сапары жемиштүү өттү.
Мамлекет башчы 20-сентябрда Бельгиядагы сапары аяктаары менен Орусиянын Сочи шаарында 23-сентябрда өтүүчү ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына катышууга жөнөп кетет. Бир-эки күндүк кечигүү менен болсо да, ажо туулган күнүн орусиялык президент Владимир Путиндин кампаниясында Сочиде белгилейт көрүнөт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(36)
23.09.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Путин учуп келгенде "керек болсо Бишкекте түнү да жарык берилип калыптыр" деп айтты»,- дейби?! Кыргызстанды Атамбаев башкарбайт, болгону Путиндин буйругун гана аткарат деген сөз чын окшойт деп калдым!!!
23.09.2013. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
PROS, Ой арам адамдардан качан жакшы соз чыкмак эле, жашап жаткан жашоосуна шугур дебей, сасык оозу менен жамандыктын жышаанын гана чакырып турасынар. Бекеринен айткан эмес элим, жакшы тилек жакшы ырыскы деп.
23.09.2013. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Aidai2010, "арам" дейсиңби?! Ууру өзүндөй ууру ойлойт, туура өзүндөй туура ойлойт - дейт садагасы! Кудайым ыйман берсин сага жана АШАга!!!!!!!!!!!!
23.09.2013. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
PROS, Сенин ким экенинди жакшы билемин, ошондуктан жазып жатамын. качан корбосон асылып гана журосун, Бакиев убагында тезек тергенинди унутуп калдынбы??? Элибизге Бакиевдей эле Президент керек экен, эл жакшылыкты билбейт. Максимдин айтканы эн туура.
23.09.2013. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Aidai2010, Максимдин айтканын акыры мойнуңа алыпсың да, э бийкеч?!)))
23.09.2013. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул убака чейин саясатда эч кандай адилеттуу бийликти корбодум.
23.09.2013. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хееееххххее баягы керек болсо кашык эмес вилка менен жейбиз дегендей эле болуп калыптыр го))) Путин келгенде тунку жарыктар Путиндин келгени учун берилди да)))Электричествого кенелбей эле олтурабыз го,эки ажо тен кызыкча эле суйлоп коюшуптур...
23.09.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.00, Тунку жарып керек болсо, кундуз деле кйуп турат, аны эмне биринчи коруп жатасынарбы. Путин келгенде эмес, ШОСтун САммитине уят болбойлу деп баардык жаткарга толугу менен жарык берилген, силер мамлекеттин абройун качан ойлойсунар?
23.09.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
даа ошон учун биз сизге ишенбейбиз!!!!
23.09.2013. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев башкаларга окшоп 2 жолу Президент болуп калам деп жан талашпайт, озунун шайланган убактысында Кыргызстанга салымын кошуп кетейин деп жан талашат, аны баалаган да бар, баалабаганы да бар, бирок Аллахтун козу туз болсо эле болду, башкаларынын ойу эч кимге кызык эмесм, Аллахтын суйгон пендеси гана Падыша болот, бирок ошол падышачылыкты туура алып барса гана жетишке жетет. элдер суйлой берсин, ит уро берет, кербен журо берет дейт.
23.09.2013. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Xamer, сени, мени жана башкаларды Аллахым сүйбөйт дегени турасыңбы?! Каапыр падышанычы?! Аллах кимди сүйөт, кимди сүйбөйт Өзү гана билет!!! Ал эми мактоолор бир гана Аллахка таандык, сен мактаган президентке эмес, ушуну билесиңби?!!!
23.09.2013. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
PROS, Мен пикирди сага жазган жокмун, билбесен Куран китепти ачып окуп ал. Мага сенин пикирин 1 тыйын, пикиринди дайым окуп журомун, жашооно нааразы болгон адамсын. Эртенки куну Оппозиция жонундо маалымат чыкса, мактап жактап калган жансын, ошон унун озун жазгандай ыйман журогуно.
23.09.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Xamer, рахмат, Аллахым мага берген ыймандан сага анан падышабызга да берсин!!!!!!!!!!!
23.09.2013. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бакеиевдин убагын унутуп калган го элибиз, кунуно 3-4 саат свет берип, калган убакта чырак менен олтурганын.
23.09.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми мындай да силердин деле уйунорго конок келсе болгон нерсенди алып чыгып сыйлайсынар да бул жерде деле ошондой корунуш болуп жатбайбы туугандар))
23.09.2013. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Путин айтты, тункусун жарык очпой калыптыр деп! Бул какшык экенин, тушунбогон го чамасы! Жардам акча сурап журот деп атышат! Мен акча сурабай эле жардам сурап журом дейби?? Биринде акча сурап журом десе, биринде жардам сурап журом элди багуу учун деп, эмнеле мынча тантый берет ээ. Биздин президенттибиз???
24.09.2013. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Basmachy222, азаматсыз +10000000
23.09.2013. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Нету власти не от Бога.
23.09.2013. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мен Атамбаевге ыраазымын.
24.09.2013. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ: «ЭЛ АДИЛЕТТҮҮ ШАЙЛОО МЕНЕН КЕЛГЕН БИЙЛИККЕ ГАНА ИШЕНЕТ», Ошон учун ишенбей атабыз да! Анан Путин келгенде жанбаган свет качан жанат эле, себеби Путин сурайт да: Мен ГЭСке деп акча болгом, ошоун эсебинен болсо да мен кеткиче светинер жанып турсууун, деп. Анан туулган кунун кошпой эле койбоптур, аны айтпаса деле ошол жерде чогулгандар есть повод есть аюу деп белгилеп коюшмак.
24.09.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
kaniet, Атамбаев адилетту эле келген, сен шайлабасан башкалар шайлаган. Бакиевдин убагындагы тезек терген убакытка кайрылгынар келип калган го эээ, Бишкекте тункусун эмес, электр жарыгы кундуз да куйуп турат керек болсо, ал эм есть повод есть аюу деп 5 маал намаз окуган адамды шылдындаган учун жооп берер да кун келет, ошондо коробуз бироону мазактаганынды.
24.09.2013. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chika12, Бакиевдин убагында тезек тердинер беле, анан да сынды туура кабыл алыш керек, намазды аралаштырба бул жака, анчалык чычалаба, ар кимдин оз коз карашы бар, Атамбаевди шайлагам, аны танбайм. Ошо шайлаган учун ушинтип оз оюмду айтып атамын.
24.09.2013. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chika12, ай Чика, акты ак караны кара деп уйрончу, бардык комменттеринде эле терс каарман болуп чыга клесин да.
25.09.2013. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Almabek, хахааа, молодец нак эркек экенс! терс каарман ден)))
24.09.2013. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Xamer:Атамбаевди 2-жолку шайлоого жеткиришпейт го мобул журушу менен)))Ой элдер айткылачы кимдин уйундо свет "жаркырап-баркырап" куйуп жатат???Мисалы мен жашаган райондо тункусун кошумча май шамдарды жагып алуу деле ашыкчалык кылбайт,тезекти эми терет окшоп калдык)))Атамбаев эл башкара турган инсан эмес ал жумшак киши,анын жумшактыгынан пайдаланышып ар кимиси аны каалагандай кылып жумшап жатышат.Эми АШАны жамандайын десен баары эле бир шайтан экен айтор президентке жарысак болот эле
24.09.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыскасы иштей алган жок бул киши,
24.09.2013. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштеген адамдыкы 1 жылда эле билинет
24.09.2013. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкете, кандай курулуштар журуп жатат айткылачы? Айтыптыр го Атамбаев.

Бишкек мэр 3 кл метр жол курганын билем! Дагы нелер курулуп бутту?
25.09.2013. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Basmachy222, эн туура! мына Ошту иштеватат десе жарашат. Бишкекте эмне курулду? Эмне жаныланды??
24.09.2013. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаев колунан эчнерсе келбейт
Модератор admin_media түзөттү 25.09.2013 10:11
24.09.2013. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эх Атамбаев жакшы эле аракет кылып атат. А бирок ошол эле учурда жумшактык кылып атат. Аракетине жараша талапты да катуу койгондо натыйжасы билинмек.
25.09.2013. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алмазбек Шаршенович:
"Эл адилеттуу шайлоо менен келген бийликке гана ишенет"

P.S ошон учун сага эч ким ишенбейт!
25.09.2013. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Керек болсо Бишкекте туну да жарык берилип калыптыр",-деди Путин",
"Буюрса озубуз иштеп, озубуз таап калабыз",
"Анын устуно мага Европа тараптан дагы колдоо кобойорун айтышты"
эй бул создорду кайсы жинди ойлонбой суйлойт? жок жинди болсо тушуносун,ии бул жиндиле деп. бир олконун башчысы ушинтип суйлосо уятда э! койчу,соз жок!!
26.09.2013. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Создун торкунун тушунбосонор, баш катырбай эле койгулачы! Атамбаев иштедиби, жокпу аны мооноту буткондо аркабызга сарасеп салаарбыз. Жожону куздо санайбыз дегендей.. Баарын эле жаман эле жаман, жеди эле жутту дей берсек, бизге ким жакшы президенттин бермек?! Сабыр кылгыла, ансыз да эч нерсе кыла албайсынар...
27.09.2013. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантип ушул кишини шайладынар?
27.09.2013. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адилеттуу шайлоо менен ким келиптир хи-хи-хи боорум )))))))))жоолуп суйлоп койсо эле эл ага ишене калат имиш азыр бийликтеги баканооздор эмнени гана айтышпайт )))))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо