ЧЕК АРАДА ДАГЫ БИР ЧЫР БЫШЫП ЖЕТИЛЕ БАШТАДЫБЫ?

№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж

Кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларында тактала элек аймактар бар. Башы ачыла элек аймактардагы чырды дээрлик көпчүлүк учурда же өзбек тарап, же тажик тарап жаратып, кыргыз тарап актануудан көзү ачылбай келет. Бул эмнеден? Балким, кыргыз тараптын чек арачылар жетекчилигинин мажүрөөлүгүнөндүр? Бул жолу Аксы районундагы Унгар тоосунда телерадиоберүүлөрдү таратуучу ретрансляциялык станцияда кооптуу абал пайда болду.Станцияга 22-сентябрда тик учак менен Өзбекстандын чек арачылары учуп келип, бул жерде чек ара тактала электигин айтып, кызматкерлердин документтерин текшерип, кызматкерлердин документтерин текшерип, териштирүү жүргүзгөнү белгилүү болду. Өзбек тарап мындай ишин “бул станция жайгашкан аймак боюнча кыргыз-өзбек чек арасы так чечиле элек” деп, демек текшерүүгө акыбыз бар деген дымак көрсөтүштү.
Учурда аксылыктардын айтымында эл топтолуп, бир тарапта кыргыз, экинчи тарапта өзбек чек арачылары тирешип турган кез.
Вице-премьер-министр Токон Мамытов өзбектердин текшергенин тастыктап, ортодо эч кандай карама-каршылык болбогонун айтты. Эгер бул станциянын стратегиялык жактан маанилүү объект экенин эске алсак, анда Мамытовдун «эч кандай карама-каршылык жок» деген жообун камырабастык катары саноого болот. Анткени эгер өзбек тарап маселе жараткысы келсе, бул станцияны оңой гана пайдаланышы мүмкүн. Ал эми «КыргызТелеком» ишканасынын алдындагы телерадиоберүүлөрдү таратуу боюнча бирикмесинин маалыматына ылайык, бул станция аркылуу Кыргызстандын негизги телерадиоберүүлөрү таратылат.

Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
30.09.2013. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чечкиле ушул маселени кыйын болгон депутатбайлар.
30.09.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«эч кандай карама-каршылык жок» dep kamyrabai oturup kachan soguw chygyp ketkende oigonot da bular
30.09.2013. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде кыргыз чек арачылары мажуроолук кылган жок,азыркы бийлик алсыз имиштерге Караганда Атамбаев Каримовдун олумун тилеп кудайга жалынат экен, буларга Караганда Бакиев тоотчу эмес озубектерди
01.10.2013. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каримовдун доору буткону калды
03.10.2013. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чек араны чечуу жакшы аны бирок кайсы азамат чечет ушунусу табышмак болоп жатпайбы
03.10.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын военный жагын кучотуш керек... Убагында А.Акаев бизге ким тиймек эле деп жыртандап журуп ушуга келдик, Бакиев болгондо озбектерге ... демек
03.10.2013. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уф ушул озбек деген созду уккум келбейт бесит просто бесит!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо