УКМК VS ОППОЗИЦИЯ. ОППОЗИЦИЯ АБРОЮН КАЛЫПКА КЕЛТИРЕ АЛАБЫ?

№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж

УКМК менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы маалыматтык согуш жума сайын кызык бир окуяны жаратып, элдин эрмегине айланды. Эрланбек Өмүралиев аттуу жаран алгач УКМКга кайрылып, оппозиция Кыргызстанда баш аламандыкты жаратуу боюнча шумдуктуу план жасап жатканын билдирген эле. Анын агынан жарылуусу чекисттер тарабынан камерага тартылып, элге жарыяланган. Оппозиция тарап чекисттердин ишине жооп кылып ушул эле жигит менен Садыр Жапаровдун сүйлөшүүсүн диктофонго жаздырып алып, элге таратты. Анда Өмүралиев «Мени УКМК алдап, пайдаланып койду» деп арызданган экен. Эл бул маалыматты аш кылып бүтө электе УКМК оппозицияга жообун кайтарды. Тактап айтсак, «Юпи» планында Нарын суусун ууландырууну ишке ашырат деп айтылган Бакытбек Жуматаев аттуу жаран пайда болду, журналисттердин көз алдына. Маалымат жыйынын берген бул жигит Эрланбек Өмүралиевдин оппозициянын алдындагы актанууларын жокко чыгарууда.
Ал «Эрланбек Өмүралиевдин «Юпи-гейт» операциясында Нарын суусун ууландырууну «Хизбут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү ишке ашырат дегени карандай калп» деди. Анын айтымында, сууну ууландырууну Өмүралиев ага жазында эле сунуштаган. «Мага сунуштаганда эле «мусулман адам мындайга барбайт, бул иштин артында канчалаган адамдар зыян тартат. Бул оюңдан бүгүн кайт» деп жолго салгам. Ал эми видеодо «бул иш боюнча курултайда пландалган» деп айтканын түшүнбөдүм»,- дейт Жуматаев.
Кийинки эле күнү Эрланбек Өмүралиев да маалымат жыйын өткөрүп, ал УКМКны айыптап чыкты. «Мени да, Бакытбек Жуматаевди да УКМК колдонуп жатат. Телефондо Жапаров менен сүйлөшкөн менмин. Мен УКМКга сүйлөп берген видеонун толук версиясын телеканалдардан көрсөтүүсүн суранып КТРКнын башчысына кайрылуу жөнөттүм»,- дейт Өмүралиев.
УКМКдан буга карата жооп болгон жок. Алар кылар ишин кылышты. Оппозицияга болсо мүмкүн болгон жердин баарында атын актоого, аброюн кайра калыпка келтирүүгө туура келет.

Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
30.09.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kara piarchylar
01.10.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле бийликтин камчысын чапмай! Маалымат булактарына ишенбей деле калдым
03.10.2013. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин маалымат булактары каяктагы ушактарды таап жазасынар? Элдин башын айландырып, бул ушак маалыматты окугандар бири Бийликти жактап, бири Оппзицияны жактап урушуп жакалашып жатып калат эми.
04.10.2013. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушуну айтаарын тв коргондо эле билгем.
06.10.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кылгылыкты кылып эми актанарга соз таппай аркыл онорлор чыгып атышат ээ, саястта жургон инсандарга КУРАН китеп карматып сулотуш керек болуп калды чынын суйло деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо