АКУН «КЫЗМАТТАН КЕТПЕЙМ» ДЕЙТ...

№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж

  • ТУРСУНБЕК АКУН акыйкатчылыктан бошотулганына макул боло албай, ачкачылык жарыялап, иш бөлмөсүндө 11 күндөн бери түнөп жатат. Абдан майлуу-сүттүү кызмат көрүнөт, талапкерлердин саны 49га чыгып, президенттикти талашкандай эле болду. Алсак, Акун менен катар Турсунбай Бакир уулу да бул кызматты кайра-кайра эңсеп келет (гезит басууга кетерде акыйкатчылыкка талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп берип жатышкан).
  • Кыргызстанда диний багытта билим берген 67 ОКУУ ЖАЙ мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн Муфтияттан кабарлашты.
  • АЛМАМБЕТ АНАПИЯЕВ кайрадан эл аралык «Алыш» федерациясынын президенти болуп шайланганын алыш күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев билдирди.
  • 21-сентябрда Кадамжай районундагы Жийде-Арык чек ара тозотунда эскертүүлөргө карабай чек араны мыйзамсыз кесип өткөн өзбекстандык жаранды чек арачылар БУТКА АТКАН. Учурда абалы жакшы.
  • Орусиянын федералдык миграциялык кызматынын билдирүүсү боюнча, учурда аталган өлкөдө 570 МИҢ кыргызстандык мыйзамдуу жүрөт.
  • Бишкекте эмерек чыгарган ишканада жарылуу болуп, анда ЭКИ КИШИ КАЗА ТАПТЫ. ИИМдин билдиришинче, каза болгондордун бири граната алып келип жардырып жиберген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
30.09.2013. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар учун кызматтан кеткен акыр заман менен барабар окшойт
30.09.2013. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызмат талашпай чек араны карасанар жакшы болот эле
30.09.2013. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адам өзүнүн наркын (достоинство)сактай билиш керек. Турсунбек Акун галстук тагынып, костюм кийип, билимдүү адам катары көрүнгүсү келгени менен, көчөдө кыйкырып жүргөн абалынан көтөрүлө албаганын көрсөтүп жатат. Атасынын үйүн талашкансып кабинеттен кетпей догун артып жатышы
ага карата колдоону эмес, иренжинүү жаратууда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо