ЫРГАЛ КАДЫРАЛИЕВА ДЕПУТАТТЫГЫН ПАЙДАЛАНЫП АГАСЫНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮ ҮЧҮН АКЧА ӨНДҮРӨЙҮН ДЕГЕНБИ?

№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж

2013-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңештин 5-сессиясынын акыркы отуруму өтүп, депутаттар жайкы каникулга тарашкан. Бул күнкү жыйында эл өкүлдөрү ондогон мыйзам, токтомдорду кабыл алышкан. Алардын катарында ЖКнын мурунку чакырылышында «Ак жол» партиясынан депутат болгон, маркум Санжар Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө компенсация төлөөгө жана анын апасына «Баатыр эне» наамын берүүгө ылайыкталган токтом да кабыл алынган. Бирок добуш берүү учурунда депутаттар бул документтин маңызын түшүнбөй эле добуш берип коюшуптур. Ыргал Кадыралиеванын апасына «Баатыр эне» наамын берүү, ири суммадагы компенсация тууралуу эл өкүлдөрү добуш бергенден кийин гана билишип, токтомду жокко чыгарууну талап кылышты.
Бул токтом 24-сентябрда ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинде талкууланып, ызы-чуу менен коштолду.
Вице-спикер Асия Сасыкбаева бул маселе депутаттар жайкы эс алууга чыгарда шашылыш каралганын айтты. «Добуш берүүдөн кийин көпчүлүк депутаттар кайсы маселеге добуш беришкенин билбей калганын айтышты. Андан кийин кеп Санжар Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө
10 миллион сом компенсация берүү тууралуу болуп жатканын айтышып, чечимди жокко чыгаруу керектигин билдиришти
»,- деди Сасыкбаева.
Буга каршы болгон Санжар Кадыралиевдин бир тууган карындашы, учурда ЖКда КСДП фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиева апасы 7 бала төрөгөнүн, «Баатыр эне» наамын алууга укугу бар экенин айтып чыкты. Кеп агасынын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү жөнүндө болуп жатканын айткан депутат: «Анын уулу ата мээримин көрбөй чоңоюп жатат. 10 миллион сом тууралуу ММКлардан билдим. Мен расмий түрдө бул компенсациядан баш тартам, бала бакча же башка балдар мекемесин салууга жумшалсын бул акча»,- деп залдан чыгып кетти.
Окуя боюнча депутат Эркингүл Иманкожоева бизге буларды билдирди:
– Ыргал бул токтомду юридикалык бөлүмгө басым көрсөтүү менен даярдатканы көрүнүп турат. Бул маселе каралып жатканда мен токтомдун өзү менен таанышып чыгуу үчүн документти сурагам. Бирок Ыргал мага «Эмнеге добуш бербейсиз? Добуш бериңиз! Сиз өлсөңүз сизге да компенсация беребиз» деп кыйкырып салды. Ушул депутаттын айта турган сөзүбү? Уятсыздык. Ыргал экөөбүздүн кимибиз мурун өлөрүбүздү бир гана Кудай билет. Мен документ менен таанышпай туруп эч кандай добуш бербей турганымды айттым. Ал депутаттардын колунда токтом жок экенин билген. Бүгүн
«10 миллион сом тууралуу ММКлардан билдим» деп жатат, анысы калп. Муну эң жакшы билген, акча үчүн ушундай уятсыздыкка барып жатат.
Ошондой эле Эркингүл Иманкожоева компенсация тууралуу уккан ЖКнын мурунку депутаты Тынычбек Акматбаевдин атасы парламенттин тийиштүү комитетине арыз менен кайрылганын билдирди.
«Акматбаевдин атасы «Санжар Кадыралиевдин үй-бүлөсүнө компенсация берсеңер мага да бергиле, анткени менин уулум Тынычбек Акматбаев да кызматтык милдетин аткарып жүрүп, колониялардын абалы менен таанышууга барганда абактагылардын колунан мыкаачылык менен каза болгон» деп комитетке арыз берди»,- дейт Иманкожоева.
Айта кетсек, өлкө жарандарына «Баатыр эне» жана башка сыйлык, наамдарды берүү маселесин президенттин алдындагы атайын комиссия гана чечет. Бул окуя боюнча депутат Турсунбай Бакир уулу менен байланышсак, буларды билдирди:
– Көзү өтүп кеткен мамлекеттик ишмерлердин атын бир жерге ыйгаруу же анын жакындарына жардам кылууга мыйзам жол берет. Санжар Кадыралиевди мен жакшы билчүмүн, мекен үчүн күйгөн жигит болчу. Депутат болуп иштеп турган учурда көз жумду, демек, анын үй-бүлөсүнө компенсация берүү боюнча Жогорку Кеңештин токтом кабыл алышы туура эле. Эгер ал министр болсо, анда токтомду өкмөт кабыл алсын дейт элек. Кызматтык милдетин аткаруу учурунда көз жумган жок деген да туура эмес, депутат деле адам да. Ал эми Кадыралиевдин энесине «Баатыр эне» наамын берүү маселесин президент чечиши керек болчу.
Аталган токтомго депутат Ыргал Кадыралиеванын апасына «Баатыр эне» наамын берүү пунктунун киргизилиши туура эмес болду деген пикирди бизге депутат Дастан Бекешев да билдирди:
– «Баатыр эне» наамын кимге берүүнү президенттин алдындагы атайын комиссия чечет. ЖКнын комитети же фракциясы кайсы бир адамга «Баатыр эне» наамын берүү тууралуу чечим кабыл алса, аны аталган комиссияга жөнөтүшү керек. Кадыралиеванын энесине андай наам берүү маселеси жанагы токтомдо бар экенин депутаттардын эч кимиси билген эмес. Кадыралиеванын бул аракетин туура эмес деп баалайм.
Комитет жыйынында ЖКнын иш башкармалыгынын башчысы Алмаз Кожомкулов кеп бир ирет берилүүчү 4 миллион 945 миң сом жөнүндө болуп жатканын айтты. "Ал эми ай сайын төлөнүп туруучу компенсацияны курамына ЖКнын иш башкармалыгынын жана профсоюзунун өкүлдөрү кирген комиссия аныкташы керек болчу",- деди.
Депутат Ыргал Кадыралиеванын апасына «Баатыр эне» наамын алып берүүгө кылган аракети мыйзамга каршы. Мыйзам боюнча эне 7 бала төрөп, өстүрүп, бирок анын бирөөсү кайтыш болуп кетсе «Баатыр эне» наамы берилбейт. Бул тууралуу КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын эксперти Эрнист Апилов төмөнкүлөрдү билдирди:
– Мыйзам боюнча «Баатыр эне» наамына сунушталган эне 7ден кем эмес бала төрөгөн болушу шарт. Кокус балдарынын бири каза болуп калса наам берилбейт, бирок эске ала турган жагдайлар бар. Мисалы, каза болгон баласы эмне болуп көз жумду деген маселе каралат. Эгер ал кызматтык милдетин аткарып жүрүп каза тапса, муну КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия эске алат. Бирок бул сөзсүз наам берилет дегенди билдирбейт.
Комитет бул токтомду депутаттар тобунун кайрылуусунун негизинде жокко чыгаруу сунушун пленардык жыйынга алып чыкмай болду.
Кыргызстанда депутат болууну каалагандар абдан көп. Балким, анын ушундай мүмкүнчүлүктөрү бар үчүн умтулушаттыр? Эгер Санжар Кадыралиев эмес, өрт өчүрүп жүргөн же чек ара кайтарып жүргөн кызматкер каза тапса, ал маркумдун үй-бүлөсү мамлекеттик казынадан 4 миллион 945 миң сомду компенсация иретинде ала албаса керек эле? Биздин билишибизче, 2013-жылдын 11-январында Ошто киши колдуу болуп өлгөн милициянын полковниги, ИИМдин түштүк аймагы боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноевдин үй-бүлөсүнө 100 000 сом компенсация төлөндү. Санжар Кадыралиевдин өлүмүн анын депутаттык ишмердүүлүгүнө эмес, криминалдык териштирүүлөргө байланыштырып жүргөндөр да бар.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(56)
30.09.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
токтом кабыл алып жатканда каякты караган депутаттар))))
01.10.2013. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир депутатка 10 миллиондон акча бериле берсе, мекенибиз качан онугот. Ошол акчаларды карапайым элдерге берсе жакшы болмок. Атасы жоок мээримсиз осуп жатат дептир,эмне ошол акчаны алса мээримдуу осот беле???
03.10.2013. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Guzi_8989, УШУЛ МАЙГА ТОЙГОНДОР ЭЗЕЛИ ТОЙБОЙТ, БУКУРДУ КОРУСТОН ГАНА ОНДОЙТ - дегендей. булардын коро тачка суйроп, кагаз откозуп жургон оспурумдордун колунан коп иш келет алар оз емгеги мн нан таап жеп чыныгы турмуштун жолун коруудо. Элдин турмушун ошолор алда кайда ондошот эле
01.10.2013. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз ишенген депуттардар ушинтип атса анда эл кантет.Эч нерсени билишпей эле добуш берип койушкан имиш.Эртен кудай сактасын кыргызстанды сатып алам деп чет жерден кардар чыкса да билбей добуш берип койдук дешеби анда кандай пазор.Ал эми Санжар Кыдыралиевдин энесине баатыр эне наамын бериш керек.Ыргал айымга эмнени кыйратканына антип октом суйлоп жатканына тушунбойм.
01.10.2013. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билимсиз депутаттарга кийинки шайлоо жакындап баратат ар тараптан караштырып акча кылуу керек экенин унутбагыла андай кылбасанар акчалуулар алып кетет алдынкы оорундуктарды урматтуулар
01.10.2013. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dagy shailoo jakyndap kaldy da owogo cheiyn iwtep kalgyla.......
01.10.2013. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен болгондо албайт болчумун ушул акчаны, мен теледен коргон Ыргал эмес окшойт.
01.10.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой Ыргал акылдуу болсон апана баатыр эне наамын депутаттардан сурап эмес документин чогултуп жиберип ийсен эмгиче келмек элге уят болбой эле мамлекеттик кызмат учурунда олду деп конпен. Сурабай эле койбопсун байкендин олгучо чогултуп койгон байлыгы эле баласына жетсе керек.
01.10.2013. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай депутаттардын жеп ичкенинен эле экономикабыз которулбой жатат да эми ачык элеайта башташкан го акылы жоктор
01.10.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уфф биздин депутаттардын эч чыры бутпойт да.
01.10.2013. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
уяты жок депутаттар, элдин акчасын силер эле жеп жок кыласынар, ошол 10 миллионду депутаттар чонтогунон берет беле, казынадан алат да. дагы уялбай билбей добуш берип койдук дегенине куйуп кетесин. жеген акчанар тешип чыксын
01.10.2013. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыргал Кадыралиеваны өтө чыйраак кыйын айымдай туюлчу. Бул макаладан соң, бул да өз көмөчүнө чок тарткандардан окшойт деп койдум. Негизи эле бийликтегилердин бири да элди ойлобойт! Ойлобогону ошо да, эмнеге кол койуп жатканын ошончо депутаттын бирөөсү да байкабаптырбы? Тооба.
02.10.2013. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олгондун озунун шору дейт эле азыр депуттатар олсо карапайым калктын шору экен да тируусундо жеп олондо да жеп башка буткон балээ болушту карапайым калк олсо 10тыйын да жок мен олтурдумбу деп чыга келишет.Чекеден кырылып калсанар оуууу анда казынада бар бекен ошончо акча жер жуткурлар Эми ээ кудаай депутаттардын омурун узаак кыл деп тилеп отурат окшойбуз
02.10.2013. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
депутаттардын ушундай акмакчылыгына куйбогон жерим куйуп кетет.ЖКке кирип баарын бирден шалбырата согуп,айтчу созумду айтып анан озумду орттогум келип журот.
02.10.2013. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
депутаттар эмнеге добуш берип жатканын да билишпейби? кызык го! Мекнинди сатууга добуш берип кой десе, анда деле уйкусурап добуш берип кое беришеби? Позор! эч ким укпасын! Шашылыш жыйын отту дегени эмнеси? мамлекеттик денгээлде мыйзамдар чыгарылып жатса, билбей калдык, шашылыш болду дешет. Уят!
02.10.2013. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ыргал акылдуу айымдай корунчу эле,корсо бул аял деле коптун бири турбайбы.
03.10.2013. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы депутаттар депутат емес булар жеп утаттар ортого ташты сахарга арлаштырып коюп койсон ошону да жеп отура беришет сутко тойгон мышыктай болууп ушу крда качан таза шайлоо болот кудай билет
03.10.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй депутаттар силерге не эле жетпей жатат эмне ошончо байлыкка тойбой жатасынарбы не кереги бар 10 миллион сом компенсация бергендин 100мин берсенер деле жашай бететир ошончо акчаны не каары эне коруно алып кетеби ошонон коро кыргызстанды онугушуно колдонсонор болот болбогон эле нерселерге депутатын уй-булосуно бербей же бейбечара жакыр уйбулого 1000мин сомдон берсенер олгучо раазы болот!
03.10.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин таэнеме да "Баатыр эне" наамы берилеби???????????? Себеби 1уул,7кызы бар,ал эми небере-чеберелерин айтпай эле коеюн.
03.10.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туугандарына келгенде млндогон сумманы болушот, билмексен болуп, чын айтасынар, макул боло берелик ертен аны факты кылып биз да акчалуу бололук дешкен да. Болбосо Чон эле адамдар кантип билбей турушуп добуш кылышсын, мушташып жатышат го керек болсо добуш учун.
03.10.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына туугандар депутаттар эмне учун Бизди акчасын аябай выбор учурунда бир ботолко аракка же акчага сатып алышат. Ишке кирген сон только туугандарыныны вопросторун талкуулап билингени, билинбеген жен ичинен суйлошкон иштери канча.!!! Ошон учун емки шайлоодо эл учун деген адамдардан шайласанар, сатылбай.
03.10.2013. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эле адамга млн сом болгонго аракет кылып жатышат, эгенр тууганы болсо, ал эми чоочун ымыйркайлар 5 жашка чейин бекер деп коюп медицина жакта акчасы жок уй булоолулордун балдары коз жуумп жатышат. КААЙДА КАЛЫСТЫК.жетимдерди карылар уйлорундогу адамдарды ким кандай боору ачып каражат болуудо. Бишкектеги республиканский инфекционный больницалардын кейпин карагылачы, ал жерден айыкпай еле, дагы далай ооруну жуктурасын кире беришинен эле . кна контроль кана жардам. А Депуттаттардын жардамчыла
03.10.2013. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
депутаттардын жардамчылары дал озу депуттатай каадалуу чалып коркутуп иш каналарды журушот. БАЛЫК БАШЫНАН САСЫЙТ, Бизге мынча депуттаттардын коптугунон аздыгы пайда. озулорунун алган айлыктары аз келгенсип ар кимисинин тууган туушкандарын эсептебегенде
03.10.2013. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Meris,
Баш тамгаларды ашкере колдонгондугуңуз үчүн билдирүүңүз өчүрүлдү. Азырынча эскертүү!
03.10.2013. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде контроль, наказания деген нерселер совсем каралбайт, ошон учун без предел, бизден чон территория, коп улуттуу Россияны крагаыла, Кытайды чиновниктер да катардагы адамдай жооп керчилик тартат. кайда катуу козомол, ошол жерде тартип катуу - ЗАКОН иштейт.
05.10.2013. 06:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
керектуу мезгилде кол койбой калышат атка минерлер. кандай кумторду шашылыш элдин пайдасына чечип коюшпайт бир жылдан бери судуробой.
05.10.2013. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уйку сурап отуруп добуш бергендир да же пахмель кылбай баштары ооруп андай болсо иштей турган жаштарга берсин... мамлекеттин проблемасын чечишет имиш биз талаада минди тааба албай журсон 10 миллионду берип койсок дегенин булардын..
06.10.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыргал эже озүнөн кетип калганбы? Эл катары эле жашай берсе болбойт бекен Санжар Кадыралиевдин баласы. КСДП олгону калганбы?
07.10.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кантип еле билбей туруп добуш бере берсин .Эртен кыргызстанды сатабыз деп документ тууруласа да окубай еле добуш берип койушат го .балык башынан сасыйт деген ен туура екен да .Бечера елди кыйнап бутушту .
15.10.2013. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Депутаттардын эмне кереги бар? алар эмнени кыйратып жатышат? оз чонтогуно тарткандан башканы билишпейт,карапайм калкты ойлопта коюшпайт, аларды таркатып жибериш керек.
03.02.2014. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай жеткирсин силерди!!! Башка соз жок эмне деп айтышка. Куйругун туйуп калышты булар деле.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо