АЙДООЧУГА КЕҢЕШТЕР АЧ БЕЛ, КУУ ЖОНДО КАЛГАНДА...

№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж

«Жол азабы – көр азабы» деген сөз бар. Бул сөздүн маанисин айрыкча ач бел, куу жондо көп жүргөн айдоочулар жакшы түшүнөт болуш керек. Анткени унаага отуруп газды басып, рулду бурап коюп эле жүрө бербейсиң. Унаа бузулат. Оңдоого муктаж болот. Шаар же айыл ичинде болсо билинбейт. Тык токтогон жеринен тейлөөчү жайларга жеткирип оңдото саласың же билген бирөөнү чакыра коёсуң. Ал эми оңдоочу жайдан алыс, кишинин карааны көрүнбөгөн жерде бузулса шоруңдун катканы. Мына ушундай кырдаалда кантип абалдан чыгуу керек? Кеп ушул туурасында.

ДӨҢГӨЛӨК ЖАРЫЛСА...
Запас дөңгөлөк же камера жок. Ал эми дөңгөлөк тешилип, жели чыгып калды. Бул учурда насостун ичине бир жолу суу толтуруп, аба менен бирге жели чыгып калган дөңгөлөккө куюу керек. Унаа ордунан кыймылдаган кезде суу дөңгөлөктүн ичине тегиз тарап, желдин чыгышын азайтат. Ал эми камерасыз дөңгөлөк тешилип, жели чыгып калса, анын кайсы жерден жели чыгып жатканын табыңыз. Андан соң ошол жерди ичке, кичинекей буроо менен бурап бекитип койсо жылчык бүтөлөт.

ОТ АЛДЫРГЫЧ ШАМДАРЫ
Иштебей калган от алдыргыч шамдарынын (свеча) каптоочу фарфору бүтүн болсо, аларды кайра калыбына келтирип алууга болот. Ал үчүн шамдарды ацетонго 15 мүнөтчө салып, андан соң майды тазалаңыз. Ал эми көңдөйүнө күкүрт же туз кислотасын тамчылатып, ичин ичке чыбык менен чукуп тазалоо керек. Андан соң шамды жууп койсоңуз жаңырып калат. Алыс жолго чыкканда жогорудагы каражаттарды унаага салып коюуну унутпаңыз.

ТОРМОЗ СУЮКТУГУ АГЫП КАЛСА...
Эгер жолдо бара жатып тормоздун суюктугу агып калса, үмүтүңүздү үзбөңүз. Сизде бир нече мүмкүнчүлүк бар. Үйгө же автоунаа оңдоочу жайга жетүү үчүн тормоздун суюктугунун ордуна шарап, арак, тосол же самын аралашкан суу куюп турууга болот. Ал эми тийиштүү жерге жеткен соң суюктук куюучу жерин, шлангдарын абдан тазалап жууп чыгуу керек.


РУЛЬ БУРУУДА ООР БОЛУП КАЛДЫБЫ?
Гидрокүчөткүчтүү руль бурууда оор болуп, катып жатабы? Мунун негизги себеби рулдун таякчасынын жешилип калуусунан болот. Абалдан чыгуу үчүн гидрокүчөткүч системине өзүнүн атайын майын куюу керек. Май агат, бирок мындай ыкманы кайталоо менен автоунаа оңдоочу жайга жетип алууга мүмкүн.

ТУТАШТЫРГЫЧ ЖАНА РЫЧАГДЫ КОТОРУУ
Эгер механикалык автоунаанын туташтыргычынын (сцепление) резина түтүгү жарылып кетсе, аны кургак резина менен ороп, сыртынан зым менен байлап койсоңуз болот. Бул көпкө кызмат кылбаса да, жакынкы жердеги автоунаа оңдоочу жайга же үйгө чейин жетүүгө жардам берет.
Эгер туташтыргычтын түтүгүн убактылуу байлап бириктирүүгө такыр мүмкүнчүлүк жок болуп, ал эми анын айынан туташтыргыч иштебей, кыймыл берүүчү коробканы которуу (ылдамдыкты алмаштыруучу механизм) ишке ашпай жатса, ындыныңыз өчүп отуруп калбаңыз. Мындай абалдан чыгууга да мүмкүнчүлүк бар. Бул үчүн кыймылдаткычты өчүрүп, дароо рычагды экинчи баскыч ылдамдыгына салыңыз. Андан соң от алдырсаңыз, унаа ордунан булкуйт. Мына ушул учурда газды басуу керек. Бир гана экинчи баскычтагы ылдамдык менен айдоо ыңгайсыздык жаратат, бирок жай болсо да керектүү жерге чейин жетип алууга мүмкүн. Газды катуу басып, коё берип жатып ылдамдыктын баскычтарын тез которуп алууга мүмкүн.
Туташтыргычтын педалы тепкенден кийин кайра ордуна келбей жатса, анда анын зымын (трос) чечип, керосин менен жууп-тазалап алган соң курамында графит бар майлоочу майды сүйкөп, кайра ордуна тагуу керек. Бул ишти аткарган соң туташтыргычтын педалы жаңыдай иштеп калат.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(20)
30.09.2013. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Жакшы кенештер экен. Турмушта пайдасы тийе турган
30.09.2013. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
накта кыргызча))
01.10.2013. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дизельный автомобилдер кышында журбой кыйнайт ошолорду жана кышкы донголокторду тандоо боюнча жазсанар
01.10.2013. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун керектуу кенештер рахмат!!!
01.10.2013. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматтар десе))
01.10.2013. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кислота менен тазалаш керек дебей эле, дайыма запас свеча, тормоз май ж.б. машинага салып койсо эч кандай деле жук болбойт
01.10.2013. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
туугандар жаны эле машина албайлыбы
02.10.2013. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер "ындыныңыз" деген эмне ?
02.10.2013. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shekerbek,
Саламатсызбы!
Маанай чөгүү - маанайыңыз чөгүп отуруп калбаңыз деген сыяктуу)))
02.10.2013. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bilip alysh kk eken)))
02.10.2013. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш экен...
03.10.2013. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арак болот экен да жакшы кенеш болду ракмат
03.10.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
зым менен байлайбыз, зымыратып айдайбыз дей кыкенбайлар!
04.10.2013. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус майлап,озбек кыраскалап,кыргыз байлап минет деген даана ушул да.
04.10.2013. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маалыматтар экен,бирок айдоочулар эч качан жолдо калбай эле койушсунчу,темир тулпардуулар баарына шыдыр жол тилейм,буюрса менда аранарга кошулам жолду дангыратып.
05.10.2013. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш болуптур бар болгула!
07.10.2013. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат!!!
17.10.2013. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш
24.04.2014. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
узак жолго чыкканда аябай даярданып чыгыш керек экен 2013- жылдын декабрь айында досум экообуз кыргызстанга барып машина алып келмей болуп жолдо казакстанда аябай кыйналдык донголоктор жарылып
03.12.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо