Гулиса Эсенбекова, маркум Ренат Тентимишовдун апасы:«РЕНАТТЫН ООРУСУН УБАГЫНДА БИЛБЕГЕНИБИЗГЕ ӨКҮНӨМ»

№570 04-октябрь-10-октябрь, 2013-ж

«Большие люди» долбоорунда каардуу Баха братандын ролун жараткан «Азия Микс» командасынын оюнчусу Ренат Тентимишовдун арабыздан кеткенине бир айдан ашты. Юмор менен элге таанылган Ренат үйдүн жалгыз уулу, ата-эне, карындаштарынын ишенген тиреги эле. Анан да жакында үйлөнөм деген тилегине жетпей о дүйнөгө кете берди... Сахнада жылмайып, элге жакшы маанай тартуулаган Ренат чыныгы жашоодо кандай инсан эле, жакындары эстеп отурушту.

Гулиса Эсенбекова, апасы:«ҮЙГӨ ЖАРКЫЛДАП КИРИП КЕЛЧҮ»
– Ренат Фрунзе шаарында 1987-жылы 18-июлда төрөлдү. Бала кезинен тың чыгып, 8 айында сүйлөп, 1 жашында баса баштаган. Бир жарым жашында болсо колун артына алып чоң кишилердей басчу. Бала бакчага барып баштаганда жолдон өткөрүп койсом, өзү чуркаган бойдон кетип калар эле.
Атасы «мен орус тили үчүн кандидаттыгымды жактай албай калдым, ошого уулубузду орус класска берели» деп немис тилин тереңдетип окуткан №23-гимназияга бердик. Мектепте жакшы окуп, 1-класстан дароо 3-класска көчүп кетти. Ал эми 10-классты бүткөндө атайын Германиянын Бонн шаарынан мектепти жакшы аяктаганы үчүн Ренатка диплом жөнөтүшүптүр. Өз күчү менен Америка университетине (азыркы Борбор Азиядагы Америка университети) өтүп, алдыңкы студенттердин катарында эле. Куратору мага «уулуңуз мындай билим деңгээли менен Европаны, бүт өлкөнү багындырса болот» деп көп айтчу. Бирок канчалык резюмелерин жөнөтүп, чет жактардан чакыруу келсе да атасы жакын жолотпой, «жалгыз уулумсуң» деп жөнөтпөй койду.
Университетти аяктаган соң Башкаруу академиясынын (АУПКР) мамлекеттик башкаруу факультетине тапшырган. Аны бүтүп банкта бир жылча иштеп, такыр көңүлү келбей чыгып кетти. Көрсө, анда ал «Азия Микстин» балдары менен жолугуп жүрчү экен.
Анан да уулумдун бир жакшы сапаты бар эле, эч качан "түштүк-түндүк" деп кишини бөлчү эмес. Балдарын, мисалы, Саламаттын (Алиев) каяктык экенин сурап калсам, «Кандай айырмасы бар, каяктык экенинин?» деп калчу. Сүйлөшкөн кызын «Оштук болуп калды, эми кантебиз?» десем да «Эмне болот экен?..» деп койду.
Сахнада элге күлкү тартуулаганы менен, өзү абдан оор басырыктуу болчу. Бир таежеси Москвада медик болуп иштейт, «мүмкүнчүлүгүң бар, бул жакта калып иштебейсиңби» десе, «Анда Кыргызстанда ким иштейт?» деп көнбөй койгон. Балким, ошондо Москвада калса, азыр арабызда жүрөт беле деп ойлоп кетем...
Дарыгерлер «жаштык кылып билбей эки жолку инфарктты өткөрүптүр» дешти. Балдар менен Юрмалада жүргөндө ооруган экен, аны климаттын алмашышынан го деп коюптур. Канчалык оорусу тынчын алганын билбейм, бирок бизге бир да билдирбей, үйгө жаркырап гана кирип келчү. Кээде досторуна «бул жерим бир аз сайышып турат» деп калчу экен. Ошондо олуттуу оору экенин билбей калганыбызды ойлоп өкүнүп, кыйналып кетем.
Атасы, туугандары КВНде ойногонун көп жактырышчу эмес. Атасы «ушунча билимди алып туруп артист болуп калдың» деп көпкө айтып жүрдү. Азыр эми өкүнүп жатат ошол сөздөрүнө.
Бир жолу кошунабыздын баласы үйлөнгөндө тамада болду, ошондо атасы экөөбүз көрүп жумушун жактырдык эле. Күнү-түнү тынбай иштеп, жумушун аябай жакшы көрчү эле балам...
Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып оор күндөрдө бизди колдоп, кайгыбызды тең бөлүшкөн кошуналарыма, Мантыш, Кызыл-Дөбө айылындагы туугандарыбызга, уулумдун дос-кесиптештерине, силердин гезитиңерге чоң ыраазычылык билдирем.

Нуриза Тентимишова, карындашы:«АТА-ЭНЕБИЗДИ КЫЙНАБАЙЛЫ ДЕЙ БЕРЧҮ»
– Байкемдин мүнөзү абдан жумшак болчу, ага салыштырмалуу меники катуу. Кишини тааныйбы-тааныбайбы, жардамын аячу эмес. Билимди биринчи орунга коюп, мага каалаган окуу жайга окутууга убадасын берген. Дайым "ата-энебизди кыйнабай эле коёлу, баарын өзүм бүтүрүп берем" деп турчу. КММАнын лицейине тапшырганымда да баарын өзү бүтүрүп берди. «Окуу башталганда өзүм сени алып барам» деген эле, бирок жетишпей калды...
Акыркы жолу көрүшкөнүбүздө мен айылга аттанып жаткам. Байкем тойго бармак, кийимдерин даярдаштым, шашып эле чыгып кеткен, ошону менен кирген жок...


Гүлназ Эсенбекова, таежеси:«КҮЗҮНДӨ ҮЙЛӨНӨМ ДЕП ЖАТКАН»
– Ренат ичкилик ичпеген адамдардын катарына кирчү, тамеки тартчу эмес. Ушул кезге чейин ата-энесине бир кыйкырганын уккан жокмун. Мүмкүн, келишпестик болсо, унчукпай калгандыр, бирок өйдө карап сүйлөчү эмес. Эжем Ренаттын көзү өткөндө «Балам менен жаным бир го деп ойлочумун. Кыздарымды кээде урушуп, катуу сүйлөсөм, Ренатка тике карап айта алчу эмесмин. Неге ашыкча жакшы көрдүм экен?..» деп жаман болуп жүрдү.
Жүрөгү ооруганын такыр айткан эмес. Балким, ата-энесин аягандыр деп ойлоп кетебиз. Азыр эстеп көрсөк, кыймыл-аракетинен өзүн жаман сезип калган учурлар болгон экен. Кечинде уктап жатканда кыйналып, кулак-мурдуна чейин кызарып чыкчу дешет. Эмне болгонун сураганда «өзүмдү жаман сезип, азыр жакшы болуп калдым» деп көңүл бөлбөй койчу экен.
Сүйлөшкөн кызы бар эле, 4 жылдай мамиле куруп жүрүшкөн. Жакында үйлөнөм деп жаткан, балким, тирүү болсо ушул күндөрү үйлөнүү тою болот беле... Кызды ата-энеси менен тааныштырган. Ошондон кийин атасы айтып жатпайбы, «Мен ачык эле сүйлөшөм деп жаткам. Сүйлөшкөн кызын тааныштырганда сөз баштай албай же тик карай албай тайсалдап калдым. Ата деген тайманбас болот дегем...» деп. Ал кыз жээнимди Кочкорго койгондо да, кыркына да келип отурду. Жездем болсо Ренатканын телефонун, sim-картасын сүйлөшкөн кызына "сенде болсун" деп берди.

Асхат Табалдиев, кесиптеши:«КОМАНДАГА КЕРЕК АДАМ ЭЛЕ...»
– «Большие люди» долбоору башталганда экөөбүз эки башка командада ойночубуз. Ошол жактан чогуу иштешип, чогуу сценарий жазып, күнүгө жолугуп, жакын болуп калдык. Биринчи көргөндө эле Ренаттын таланты бар, лидер экенин сезгем. Командадагы жигиттер тамаша чыгарганда да анын ою биздикинен башкача, өзгөчө болчу. Ренат командага керек адам эле... Дайым футбол ойноп, чогуу эс алып жүрүп, бир да жолу "жүрөгүм ооруйт" деп айтканын уккан эмесмин.

(Айрым сүрөттөр Тентимишовдордун үй-бүлөлүк архивинен алынды)
Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Күзүндө үйлөнөм деп жаткан" дейт маркум Ренаттын таежеси Гүлназ Эсенбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(54)
07.10.2013. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бирибиз качандыр бир кезде бул жарыкчылык м,н коштошорубуз анык емеспи..бирок да минтип жаш еле туруп о дуйного кетип жатканы окунучтуу.жайы жаннатта болсун,ата энесинин омуру узун ден соолугу чын болсун ..!.Кудай таалам ар бир пендесине узун омур берсинчи!!!...
07.10.2013. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
07.10.2013. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адамдын омуру кыска деп коет эмеспи арабыздагы жакшы инсандарыбыз аман болсун Ренаттын жаткан жери жайлуу болсун уй булосуно сабыр тилейм, кызы байкуштун акыбалын билип турабызда сабыр кылсын.
08.10.2013. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жнри жайлуу болсун. жакшы бала еле.
08.10.2013. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
08.10.2013. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун
08.10.2013. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх арман дуйно деген ушул да! Аркасында калган ата-эне, бир туугандарына сабыр тилейли да калган жашын сиздерге берсин дейли.
08.10.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окунучтуу аябай окунучтуу((( бир туугандары сабыр болунуздар, жаткан жери жайлуу болсун(((
08.10.2013. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жерин жайлуу болсун!
08.10.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайллу болсун, кудайым бейишин берсин
08.10.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jatkan jeri jailuu bolsun!!!
SUPER.KG видео
08.10.2013. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
(((
SUPER.KG видео
08.10.2013. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кайгыныздарды тен болушобуз, Кудайым артын кайрымдуу кылсын (((
08.10.2013. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ишенбейм кантип еле((((
SUPER.KG видео
09.10.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана акылдуу бала болгон экен
SUPER.KG видео
09.10.2013. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх... жашооо...понимаю их утрату...
SUPER.KG видео
09.10.2013. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сенин оордуңа 10 ОБОНду алса кана. Жаткан жериң жайлуу болсун.
09.10.2013. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун жаман окунучтуу.
09.10.2013. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Obwyagada kimdin rolunda oinoit surany4 aityp koigula4yyyyyy
10.10.2013. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulu-5kg,
http://www.super.kg/media/uservideo/92381/ ушул сериаларында инвалид баланын ролун аткарган.
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
09.10.2013. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдияр Кенесаров,Сары, Бакыт дайым жанында элего, алар эмнеге комментарии берген эмес??? суроо туура эмес болсо кечирим сурайм.... жаткан жери жайлуу жаны бейиштен орун алсын. артында туяк калса уй булосуно чон дем куч болмок
10.10.2013. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ренаттын суротун коруп калсам эле ыйлай берем...омурумдо,коргон эмесмин жанынан.Негедир жакын адамымдай...Жаны жаннаттан болсун!амиинь!
11.10.2013. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ренатты тааныбасам да жакшынакай, жылдыздуу бала деп жактырчу элем. Жаман кабарды уккан алгачкы күндөрү ыйлабаган киши болбосо керек деп ойлойм. Бул материалды да ыйлабай эле окуп коюуга эч мүмкүн эмес экен. Ренат аман болсо кыргыз элинин жүгүн көтөргөн чыгаан патриот инсан болмок экен. Кыргызстанга Ренаттай жүрөгү таза, чыныгы патриот, илим-билимдүү адамдар керек эле. Эми ушундай асыл жанды жараткан ата-эн
11.10.2013. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ренаттын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Эгер Бишкекке коюлганда түбөлүк жайынан киши үзүлмөк эмес болуш керек деп ойлоп калам. Артында жок дегенде төрөлө элек болсо да бир туягы калса эмне. Айла жок, кандай арман.
11.10.2013. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай асыл жанды жараткан ата-энесине,бир боор карындаштарына, Ренаттай жигиттин сүйүүсүнө татыктуу болгон кызга Кудай узун өмүр берсин.
SUPER.KG видео
11.10.2013. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх журогум ооруду((( Кандай шага акылдуу,таланттуу жигит эле. Жаткан жерин жайлуу,топурагын тонко болсун. Ал эми ата-энесине конул айтам аллахым сабыр берсин сиздерге.
12.10.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу...ыйлаган менен кайра кайрып келе албайбыз..кандай гана мырза болчу..калган жашын суйгон кызы ата энеси карындашына буйрусун.Куран окуп туруу эн жакшы деп билели.
12.10.2013. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун.ата энесине омур берсин.аллахым канча омур берсе ошону гана жашай алабыз.
SUPER.KG видео
14.10.2013. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul jashoo jalgan jashoo allahym jakshy korgon adamyn tez alat deshet,jalgyz uul eken ayabai boorum orudu sabyr bersin ata enesine bir tuugandaryna suilowup jurgon kyzyna da ayabai kiyin kaigynyzdardy ten bolushobuz
SUPER.KG видео
14.10.2013. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун, топурагы торкоо болсун.
28.11.2013. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйманы саламат болсун...Элибизге,ата-энесине керектүү мыкты азамат эле.Дагы деле ишенгим келбей турат,жердешим дагы болчу.Жакында эле "Бархатный сезон"деген киносун көрүп келдим,мыкты роль жараткан экен,арабызда болсо көптөгөн ийгиликтерди багынтып,желегибизди желбиретмек...
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо