№571 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж
Кыргызстанда сентябрь айынын акыркы жекшембиси Кан донорлорунун күнү катары белгиленген. Ошондуктан бир апта бою Бишкектеги Кан борборунда кан тапшыруу акциясы өттү. Аталган борбордун директору Бакыт Карабаевдин маалыматына караганда, учурда ооруканаларда кан тартыштыгы билинүүдө. Борбордо сакталган донордун канынын запасы да азайып барат. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму иштеп чыккан эрежеге ылайык, ар бир миң кишиге 40 донор туура келиш керек болсо, Кыргызстанда ар бир миң кишиге 6 гана донор туура келет.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |