Обончу Апаз Жайнаков 53 жаш курагында дүйнө салды. ӨРҮКЗАР ӨЗҮҢСҮЗ КАЛДЫ

№571 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж

«Кыргыз жери», «Өрүкзарга кетели» деген ырларды эшитпеген кыргыз болбосо керек. Бири Баткендин гимнине тете болсо, экинчиси өлкөнүн гимниндей кулакка жаңырып, жүрөккө жете турган ырлар. Ушундай керемет аваздарды жараткан обончу, КРнын Эл артисти, кайталангыс талант Апаз Жайнаков арабызда жок эми. Обончу 9-октябрда 53 жаш курагында дүйнө салды. Ушул жылдын март айында атактуу обончу биздин гезитке басып өткөн жолу, үмүт-кыялдары тууралуу кенен маек куруп берген эле. Арадан алты ай өткөн соң акыркы маеги болуп каларын ким билиптир, аттиң... Кайталангыс таланттын көзү өтсө да, артында ал жараткан не бир керемет обондору, тарбиялаган окуучулары, таасирленген замандаштары калды.

– Мен Баткен облусунун Баткен районунда төрөлүп-өскөм. Ата-энем чарба кызматкерлери болгон. Мектепти аяктагандан кийин Самаркандек айылындагы техникумга тапшырдым. Көп өтпөй эле 2 жылга Чехословакияга, аскердик кызматка жөнөп кеттим. Аскерден келгенден кийин Ош педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүнө эки ирет тапшырып, сынактан өтпөй калгам. Эмне кылмак элем, айылга барып совхоздо трактор оңдоочу, электрик болуп иштедим.
Талантым жөн жаткырбады көрүнөт, кийинчерээк «мен окушум керек» деп Бишкектеги Улуттук филармониянын астындагы 2 жылдык студияга тапшырып, вокалдан сабак алдым. Дал ушул жерден чыгармачыл адам кандай боло тургандыгын түшүнгөм. Студияны аяктагандан кийин тааныштарымдын «билимиңди өркүндөт, жогорку билим ал» дешкендерине карабай айылыма келип, мурдагы жумушумда иштеп жүрдүм. 1985-жылы тилегим орундалып, Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып, жогорку билимге ээ болдум.
Окууну аяктап, бала бакчада эмгектендим. Ал күндөр кечээкидей көз алдыма тартылат. Наристелердин агайлап мен келчү автобусту утурлап чыгышканы, ырдап жатканымда кубануу менен угушканы... Балдар менен иштөө көпкө уланган жок. Анткени Баткен райондук Маданият үйүнө жумушка чакырышып, ошол жактан баш-отум менен чыгармачылыкка киришип кеттим.

«БАЛДАРЫМДЫН БИРИ ЖОЛУМДУ ЖОЛДОСО БОЛМОК...»
– Кайра-кайра эле окууга тапшырып, ырдап жүрүп 1982-жылы үй-бүлө күттүм. Жубайым экөөбүздүн турмуштун ысыгын да, суугун да кошо тартканыбызга 31 жыл болду. Мен кандай иш жасабайын дайыма өз оюн айтып, колдоп, кубаттап келет. Экөөбүз 3 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрдүк, 2 неберелүү болдук. Чоң уулум менен кызым жогорку окуу жайды аяктап, өз адистиги менен эмгектенишет. Экинчи уулум Максатбек Баткен облустук драма театрында эмгектенет, балдарымдын ичинен чыгармачылыкка аралашканы ушул. Кенжетайым Эркин ЖОЖдордун биринде окуп жатат. Балдарымдын арасында жан дүйнөсү ырга жакыны жок. Бирөөсү менин жолумду улантса жакшы болмок. Үмүт үзүлбөйт, балким, неберелеримдин арасынан чоң атасынын чыгармачылыгын уланткан артист чыгар деген ойдомун.

«КЫЗЫЛ ӨРҮККӨ» ТААСИРЛЕНИП БАТКЕНИМЕ ЫР АРНАГАМ»
– Элде «Апаз Жайнаков «Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга» деген ырын кимге арнады болду экен? Кимди өрүкзарлуу Баткенге алып кеткиси келген?» деген суроолор жаралашы мүмкүн. Мен бул ырга обонду «жазда келем айылыңа, кызыл өрүк, түштү көөнүм көркүңө сени көрүп...» деген ыр саптары бар эмеспи, ошого таасирленип жазгам. Баткениме ыр арнасам деп көптөгөн жазуучуларга буюртма берген элем. Бирок алардын биринин да ыры купулума толбоду.
Бир күнү дүкөндөн кичинекей китепчени көрүп калдым. Акын, жазуучу Мадина Тураеваныкы экен. Окуп көрүп, көптөгөн чыгармаларынын ичинен «Сыйыналы бир келген бактыбызга» деген ыры жан дүйнөмө жагып, ага обон жараттым. Ыр чыгары менен бат эле элдин жүрөгүнөн түнөк таап кетти. Мени да сүйгөн адамына арнаса керек деп ойлошот го, арзышкандар бири-бирине «жүр ээрчишип кетели өрүкзарга» деп ырдап жүрүшөт. Чынында, бул чыгармамды сүйгөн адамыма эмес, туулуп-өскөн жериме, Жаратканым жолуктурган жан шеригибиз менен татыктуу өмүр сүрүүгө аракет кылалы деген максатта ырдап чыккам.

«БИР СААТ БОЮ ТЫНБАЙ ЫРДАГАМ»
– Чынында, артисттердин жашоосу дөңгөлөк үстүндө өтөт. Ар кандай кызыктар менен коштолот. Алгачкы жолу 1992-жылы Бишкекте отчёттук концертимди берип, кийин ошол эле программа менен райондорду кыдырып жүргөм. Алай районунун Маданият үйүндө ырдап жатканымда электр жарыгы өчүп калды. Эл атайын менин ырларымды укканы келсе, аларды кайра таратып жиберүүгө болбойт эле. Ошондо аккордеонумду алып 1 саат бою тынбай ырдап бергеним эсимде.

«АГАЙ БОЙДОН КАЛДЫМ»
– Менин жашоодо ыйык тутканым – ата-энем, үй-бүлөм жана чыгармачылыгым. Чыгармачылык эч качан карыбайт, ал дайыма жаш бойдон кала берет. Ушул кезге чейин көптөгөн кызматтарда иштеп, Кудайга шүгүр, тааныш, кесиптеш күттүм дегендей. Учурда өзүм эки жолу тапшырып өтпөй калган окуу жайда, ОшМУда студенттерге таалим берип келем. Артыбыздан чыгармачыл жаштардын өсүп келе жатканы, албетте, cүйүнтөт. Бирок айрымдарынын батыш элин туурап чыгып жаткандары өкүндүрөт. Биз – чыгыш элинин урпактарыбыз. Сахна – ыйык жер. Алар нукура кыргыздын баалуулугун, салт-санаасын, айкөлдүгүн даңазалаган ырларды ырдашса сонун болмок...

Гүлшайыр Садыбакасова, КРнын Эл артисти:«АПАЗДЫН АМЕРИКАЛЫК ЖЫЛМАЮУСУ БАР ЭЛЕ»
– Апаз экөөбүз 1980-жылдары Бишкекте, тагыраак айтканда, эл чыгармачылыгынын 80 жылдыгына карата өткөрүлгөн фестиваль учурунда таанышканбыз. Оштон барган таланттардын баары азыркы Токтогул көчөсүндөгү «Пишпек» деген мейманканага жайгашып, ошол жерден Апаздын алгачкы ырларын уккан элек. Музыка дегенде ичкен ашын таштаган жигит экенин байкагам, ошондо эле. Кийин да эже-инидей катышып жүрдүк. Акыркы 5 жылда Ошто, филармонияда чогуу иштешип калдык. Аябай тартиптүү, токтоо, ыймандуу, жулунбаган жигит болчу. Анын жүзүндөгү «америкалык жылмаюусун» эч ким унутпаса керек. Анткени ал учурашып-коштошкон сайын маңдайындагы алтын тиштерин көрсөтүп жылмайып турчу. Кээде биз «ушул тиштериң сага аябай жарашат» деп тамашалап калар элек.
Апаз аз жашады. Ошентсе да өлбөс-өчпөс ырларды элине калтырып кетти. Жакында эле Насирдин Исановдун 70 жылдыгын белгилегенде концерттик программа Апаздын «Кыргыз жери» деген ыры менен башталды. Ырды угуп жатып Токон Эшпаев, Абдыманап Төрөбеков, Динара Акулова, Саламат Садыкова болуп «Апаз ооруп жатыптыр, сурап койсок болот эле» деп сүйлөшкөн элек. Тилекке каршы, ага жетишпедик. Эмне дейбиз, ажалга эч кимдин алы жетпейт экен. Апаз инимдин жаткан жери жайлуу болсун!

Жолболду Алыбаев, КРнын Эл артисти:«АПАЗ БАТКЕН ЭЛДИК ТЕАТРЫН ТҮПТӨП КЕТТИ»
– Апаз мага 6-октябрда өзү чалган экен. Иштер менен жүрөт элем, «Апаз, үйгө барганда өзүм чалам, кенен-кесири сүйлөшөбүз» дегем. Үйгө барып чалганымда, тилекке каршы, телефонун көтөрбөдү. Көрсө, ал ошол учурда ооруканада экен. Экөөбүздүн акыркы сүйлөшүүбүз ошол болду.
Апаздын жарата турган ырлары, жасай турган иштери алдыда көп болчу. Тагдыр экен, жабышкан оорусу аны арабыздан алып тынды. Жаш кетсе да, кыргыз маданияты үчүн зор салымын кошту, кыргыз эли, чет жердеги мекендештерибиз сүйүп уккан кыргыз жери тууралуу ырларды жаратып кетти. 2006-жылы Баткен облусуна Элдик театрды түптөдү. Жакында эле «ошол театрга Апаздын ысымын берели, сүйүнүп калсын» десем, «анын көзү тирүү да» деп болбой коюшкан эле.

Саламат Садыкова, КРнын Эл артисти:«АПАЗДЫН ӨЗҮН КӨРБӨЙ ТУРУП ЫРЛАРЫН ЫРДАП ЧЫККАМ»
– Апазды чыгармасы аркылуу тааныдым. Өзүн көрбөй туруп «Кыргыз жери» ырын ырдап чыккам. Кийин гана тааныштык. Аябай сый элек. Студент кезинде да кеп-кеңештеримди берип, жакшылык-жамандыктарына катышып, эжелик милдетимди аткардым. Мүнөзү токтоо, оор басырыктуу жигит эле. Ооруп борбордук ооруканада жатканында барып «жадырап-жайнап, күлгөндө күлүп, бакырганда бакырып жүрсөң, үкө» деп абалын сурап кеткен элем. Кудай Таалам пендесине жашты өлчөп берет тура. Өмүр суусу ушул экен. Эми калган жашын балдарына берсин. Инимдин жаны жаннаттан болсун!

Бегайым Тажибай кызы,
Дамира Арстанова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
14.10.2013. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Beyiwi bolsun
14.10.2013. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун
14.10.2013. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйманы саламат болсун, дуйнодон эрте кеткени аябай окунучтуу.
14.10.2013. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз жери озунчо эле классикада.Тарыхта калчуу чыгарма.Кудайым бейишин берсин.
14.10.2013. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаны жаннаттан болсун. Неберелери жолдосо экен чон атасынын талантын озу айтып кеткендей. Калган омурун балдарына жакындарына берсин кудайым.
14.10.2013. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии аяшатам эле жаткан жери жайлуу болсун Максат куйгон бойдон калыптыр да...
14.10.2013. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун калган омурун балдарына берсин
14.10.2013. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм жайы жаннатта болсун ажал екен ечкимибиз кутула албайбыз ар дайым рухунуз кыргыз ели менен болот сизди чыгармаларыныз сизди ескертип ел оозунда муундан муунга отуп келе берет дагы бир жолу жаткан топурагыныз жайлуу жайыныз жаннаттан болсун
14.10.2013. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаттан болсун!
14.10.2013. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым бейишинен жай берсин.Туулган жер не деген керемет чыгарма.Былтыры эле телефонумун конгуроосунда журду эле.Уксам эле апамдын печкага от жагып тур кызым дегени эске тушот ,эхх аттин ай.
14.10.2013. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
92-жылы Филармониядагы студияга келип,бизге кеп-кеңешин айтып,мен да ушул жерде окугам деген.Ошондо көргөм Апаз акени.Бейишинен орун берген болсун!
14.10.2013. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агай жаткан жериниз жайлуу топурагыныз торко болсун.
15.10.2013. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмгек синирген дебей, Эл артисти деп туура жазгылачы. Бул наамды алганына бир топ жыл болду го же кабарчы замандан артта калганбы?
15.10.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болсо да, зор талант кетти.Келбес жайга.
15.10.2013. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун. Жаны жаннатта болсун. Ажалга айла жок да ичээр суубуз тугонсо кете берет турбайбызбы пенделер(((
16.10.2013. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен чон сагнага апаз аке менен чыккан елем жаткан жайыныз жайлуу болсун
16.10.2013. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткаг жери жайлуу болсун
16.10.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун.Кайсы оору менен ооручу эле?
17.10.2013. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жашоого бир келген адам экен
17.10.2013. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызым дагын бир алп талантынан айрылган тура...
18.10.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу жакшы адамдар эрте кетет деген чында. 2курсумда окуп жатканымда оштогу облустук китепканадан коргон элем. Саламдашсамбыы? деп ойлонуп негедир жанына баргандан уялгам. Ошондо бекер кылган экем саламдашып коёо бербей деп козу откондон кийин окундум.
18.10.2013. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм жаткан жери жайлуу болсун
24.11.2013. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун! артында олбос очпос ырлары калды
15.12.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
каап де Апаз Жайнаков кетти бул ааламды таштап, убагында окмот бербеген наамын эми береер уялбастан
26.01.2014. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Naamdardy A.Akaevdin u4urunda ele algan eken emgegi baalanyp , bir gana Toktogul syilygy kalgan eken albagany. Jakwy adamdy erte alat degen 4yn tura , Yryspai Abdykadyrov,Joldowbek Mamajanov,Asankalyi Kerimbaevderge okwogon uluu insandarybyz da erte ketken ele. eeeh ...
04.12.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым бейишин берсин.улуу киши болчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо