Алмазбек Атамбаев:«АР БИРИ ЖАСАГАН ИШИ ҮЧҮН КЕРТ БАШЫ МЕНЕН ЖООП БЕРЕТ»

№571 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж

2013-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин суу чарба жана мелиорация департаментинин түзүмдөрүнө курулуш техникаларын тапшыруу аземине катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул салтанат суу чарба кызматкерлери үчүн гана эмес, жалпы кыргызстандыктар үчүн зор мааниге ээ экендигин белгиледи.
«Бүткүл дүйнөдө, бардык өлкөлөрдө өнүгүү – жолдорду, электр линияларды, суу каналдарды куруудан башталат. Анткени алар өлкө үчүн кан тамырларга барабар. Кыйроо болсо, тескерисинче, ушул кан тамырлар үзүлгөндө башталат. Биз муну Советтер Союзу талкаланганда көрдүк. Совет элинин аракети, эмгеги менен курулган суу сактагычтар, каналдар жаңыланбай, болгону жыйырма жылда миңдеген сугат жерлер кайракка айланып, иштелбей калды. Көп убакытты куру саясий чыр-чатакка, тирешүүгө жоготуп койдук», - деп билдирди Алмазбек Атамбаев.
Президент экономикабызды, элибиздин жашоо-турмушун оңдой турган мезгил келгенин баса белгиледи. Ошондой эле эгерде өлкөбүздө тынчтыкты, ынтымакты сактасак, тез арада Кыргызстан бутуна туруп кетерин айтты.
Суу чарба объектилерин куруп, жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү Улуттук стратегияда каралган. Ага ылайык, 26 суу чарба объектинин курулушу планга кирген. 2017-жылга чейин
22  646 гектар жаңы жерлер өздөштүрүлүп, 37 242 гектар жердин суу менен камсыздалышы жакшырат. Ошондой эле 50 000 гектар шор баскан, сазга айланган жерлердин мелиоративдик абалы калыбына келтирилип, дыйкандарга колдонууга берилет.
«Ушул акыркы иш-чараларды аткаруу максатында боордош Түркиянын Кыргызстанга көрсөткөн кредиттик жардамы менен 230 даана техника алынган. Учурдан пайдаланып Түркия Республикасынын жетекчилерине, урматтуу президент Абдуллах Гүл менен премьер-министр Режеп Тайип Эрдоганга рахмат айтам. Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын эсебинен алынган 58 даана экскаваторду бүгүн суу пайдалануучу ассоциацияларга колдоо иретинде берип жатабыз»,- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Президент өлкөнүн бир катар райондорунун суу пайдалануучулар ассоциациясынын өкүлдөрүнө курулуш техникасынын сертификаттарын тапшырды.
Мамлекет башчысы ошондой эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жана Саруу айылындагы акыркы окуялар тууралуу пикирин билдирди.
«Бүгүн деле өз кызыкчылыгын көздөп, ар кайсы шылтоо менен чыр-чатак, тополоң, керек болсо жарандык согуш чыгарууну каалаган сасык саясатчылар бар. Аларга алданып, ээрчип кеткендер да аз эмес, өзгөчө жаштар. «Кумтөрдү» шылтоо кылып жолду тосуп, губернаторду барымтага алып, мамлекеттик имаратты басып алууга аракеттенип, аягында жадакалса асфальтка бензин төгүп, жол өрттөгөндөрдүн максаты эмне? Алардын артында кимдер турат? Алар бийликке келип, өлкөнү тоногусу келгендер, биз колго чаап жаткандар. Колго чапканыбыз аларга жакпай жатат. Окуялар так пландаштырылып, конкреттүү адамдар тарабынан каржыланган».
Президент Каракол шаарындагы жана Саруу айылындагы окуяларда күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартыларын белгиледи. «Эгерде кимдир бирөө мени кечирип коёт деп ойлосо жаңылышат, андай болбойт. Ар бири жасаган иши үчүн керт башы менен жооп берет»,- деп айтты Алмазбек Атамбаев.

Ибрагим Жусуев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(16)
14.10.2013. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Anda isa omurkulov ne jurot? joop berse owol joop beret ele go biwkek musorgo tolup kalgicha jurdu,
16.10.2013. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kg_07, Мусор сен жакта толуп жатпаса, балиттер жашап, башка жактар таза эле турат. Мусордон башка жармашаар нерсенер жок да.
14.10.2013. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиз дагы
14.10.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жооп берсе биринчи озүнөн башташ керек да, анан башкалар жооп берет. Элди алдап ар кандай шылтоо менен өзү президент болду эле го, унутуп калган го .Президент сөрөйүбүз.
14.10.2013. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алышы алабыз ал акчаны жонеле бербейтго азыр алып журобуз келечектегилер кандай толойт.
14.10.2013. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайсы жерге барба атамбаев жаман.Бир эле КТРК мактайт ушул кишини
15.10.2013. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
turatbek-92, Иштесе мендамактайт болчумун.
16.10.2013. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
turatbek-92, Атамбаевди бир гана Ош менен Жалал-Абад жаман дебесе, башка областтарда жаман деген адам жок, анысына далил Таластыктардын Суваналиевдерди кууп чыгышы. Кыргызстанда 7 область бар аны унутпагыла...
16.10.2013. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
LEP888, Koldo Kim Atambaevdi maktap jatat? Biyliktegilerdin kimisi Atambaevdi maktap jatat? sen atambaevdin tuugan tuuwkandarynan bolson kerek da maktanyp syimyktana turgan. Atambaev elin bandit, adam emes, el emes dep president bawy menen kantip tili bardy? Oilonup kor4u? Akyrky 3 jylda Kyrgyzstanda ozgoruu boldubu? Ar kimden karyz alyp jawap kele jatat. Chet jaktagy jumushchu migranttardyn ak4asy menen jashap kele jatabyz
19.10.2013. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
turatbek-92, эн туура соз чет жакта иштеген жумушчуларга бир аз конул буруп койойун дебейтко эч эле.. кунуно канчалаган акчалар тушуп атат ошолордун эсебинен
16.10.2013. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LEP888, Azyr ar bir Kyrgyzstandyn jaranynyn Beshoonun biri Atambaevdi koldoshu mumkun.
14.10.2013. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дегеле ушул кишиге ишенбейм
15.10.2013. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чечкиндуу кадамдарга барса президент сыяктуу. Алсыздыгын корсотпой.
16.10.2013. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура кылат, жазалаш керек ээн баштарда Жапаровун кошуп, ушул Каптагаевди заложник кылып кармап олтурган машина Жапаровдун карындашына таандык болуп чыкты. Жапаров эми эмне деп танып чыгат болду экен.
18.10.2013. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
туура ,алсыз ажо!
21.10.2013. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
turatbek-92,
Сайтка курамы окшош сайттарды жарнама кылууга жана шилтеме калтырууга тыюу салынат!
3 күн банга!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо