«ОШ» АЭРОПОРТУ ПАРАКОР ЧЕК АРАЧЫЛАРДАН ТАЗАЛАНДЫ

№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

Гезитибиздин окурмандары менен түз байланыштардын биринде ал учурда биринчи вице-премьер болуп турган Өмүрбек Бабановго Оштон окурман чалып, аэропортто иштеген чек ара кызматкерлеринин пара сурамай былык иштерин айтып арызданган эле. Дегеле коомчулук ичинде чек арачылардын кылдан кыйкым таап, жөнсүз пара өндүрүп калууга болгон аракеттери көп айтылат.
Жакында эле «Ош» аэропортунун көзөмөл-өткөрүү жайында чек арачылардын акча алгандыктары аныкталган. Бул тууралуу Чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов: «Бул ишти тастыктоо үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк коопсуздук кызматы административдик иликтөө жүргүзүп, аэропортто орнотулган веб-камералар видеотасмага түшүргөн айныгыс далилдерди келтирип, андан соң гана жыйынтык чыгардык. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жана Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы» мыйзамынын 14-беренесинин негизинде 5 аскер кызматкери Мамлекеттик чек ара кызматынын катарынан кетирилип, жетекчилер алмашылды»,- деп билдирди.

 

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(15)
21.10.2013. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Менденда 3 мин сом алган алдап 3 жыл мурун эсимде ал байке кудай буйруса барам жакында ошондо эстетейин деп атам
-менден 3000 сом алдап алганс деп
21.10.2013. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мурун СПИД боюнча справка, РОВДдан справка деп справка талап кылып, жок болсо акча алышчуу. Ал го мейли, СПИД б-ча справкага барып кан тапшырсан колуна кагаз карматышат, ушул менен кете бересин деп, ал эми аэропортто ал справка жарабайт деп деп оздорунун улгусун корсотушот эле. Азыр эми аларды сурабай калыптыр кудай жалгап, аэропорт да абдан жакшы жакка озгорулгон. Болгону кире бериште бир брат сумкадагы айран курут май ж.б.у.с. нерселерге 50 сомдон справка жазып берет экен. Ал да керексиз экен.
21.10.2013. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эсимде 3 4 жыл мурун мени да силер гражданин россии экенсинер силер саткынсынар деп бироосу 500 сом алган
21.10.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Былтыркы жылы менден да кире бериштен 100 сом ичкериден 500 рубль алышкан быйыл барсам чай ичкенге 100 рубль таштай кет дешет барганда эле биринчи балалуу аялдарды кемпир чалдарды откоруп жибергиле дешип анан жалан жаш балдар калганда ачык эле давай 100 дон чыгаргыла деди
21.10.2013. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эгер ушул маалымат чын болсо демек элдин уну кудайга и жогору жактагыларга жетиптир .Ош аэропортундагы кызматкерлерден откон копол адам болбосо керек эн начар обслуживаниясы аябай деловой аябай жаман адамдар иштешет. кааласа каалабаса ар бир адамдан болбоду дегенде 100сом алышат . менденда былтыр 28 ноябрда 500сом алышкан ар шылтоону айтып жатышып . дагы текшерсенер ал жерде иштегендердин баарын жумуштан айдаш керек болот
21.10.2013. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менден бир справка сурады эле эч кандай андай закон жок десем откоруп жиберди,кийин балдардан соттолбоду дн справкан жогекен деп 500 дон алыптыр
21.10.2013. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизден дагы 3000сом алган бир адамына дайындап койушат кабинетке киргизип только акча алып турушат
22.10.2013. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менден да акча талап кылган, Москвага биринчи келе жатканымда, көгөрүп гана туруп бергем коркуткан адам болушкан паспортумду бербей алыпда калабыз деп, акеме чалганымда бир звонок менен коё бергенго, тейтеңдеп кайра өздөрү чуркап калышкан самолётго акыры мен чыканмын, эч кандай акча бербегиле колдорунан эмне келмек жана алыпда кала алышпайт, жанагы кире бериштеги сумка ороткондорда өздөрүнө хан, кааласаң каалабасаң 200
22.10.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
силер ал жак,бул жагын карап коргуло.чекарачыларгале оной дейсинерби жыргаганынан албаса керек.алар да начальнигине да доля беришет д.уккам бир кошуна байкеден.анан албаганда долясын жанынан чыгарып береби?кызык.алардын айлыгы деле жалчыбаса керек.Чондорубуз жашоолоруна шарт тузуп берсе алар деле алышпаса керек байкуштар.
23.10.2013. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул билингени билинбегени 10000000000000000
24.10.2013. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор эртеби кечпи баарывыз ошол аеропорт аркылуу отобуз. Ошондо кимдир бироо акча талап кылса сразу заява жазам фин полицияга деп коркуткула. Тоготпосо 02 милицияга чалып козунчо арыздангыла эле. Кором ошондо кирерге тешик таппай калышат.
Анан да Оштун мэринен суранам же аэропорттун жетекчилигиненнби сураныч: багажный лента куруп иштетип койсонуз. Неужели ошол нерсени куруу ушунчалык кымбат? Качанга чейин зил менен апкелип жукторду оодара салып кетишет. Ии анан картаны жашы дебей талпан
24.10.2013. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sumkany uidon orop barsan da bul bolboit,biz orop berebz dp aityp kalywat,alar ak4aga orowot,kandai jol mn bolso da ak4a alywda,pasport tekwergende da barjok norma bso da kandaidyr 1nerse taap ak4a alywat,anan sumkany jogoruda aitwkandai zil mawnada tawyp musor odargandai kylyp togup salywat,al jerde syna turgan nerseler bt ka4anga 4ein uwundai bt kim bilet,
25.10.2013. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турцияга 10 кундук жолдомо менен бардык эле ал жакта жини келген кызматкерлерди корбодук. Баардыгы жардам берейин деп сылык сыпаалык коргозушту.Ош аэропортуна туштук чек ара кызматкерлери кыйкырып, орой тие баштады эле Кыргызстанга келгенимди билдим....
25.10.2013. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кызыксынар го бер десе эле беребересинерби. багажды дагы оротуу ар бир адамдын оз эрки. эч качан 1 тыйын да бербегиле колдорунан эч нерсе келбейт.
30.10.2013. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында быйыл озгоруш чон быйыл эчтеке сурабады жакшы оттук.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо