АК ИЛБИРСТЕР АЗАЮУДА...

№573 25-октябрь-31-октябрь, 2013-ж

  • 23-октябрда президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВдин катышуусу менен «Ак илбирстин тукумун коргоо» боюнча бүткүл дүйнөлүк форум Бишкекте болуп өттү. Кызыл китепке кирген бул айбанаттын саны 1990-жылдардын башында кыргыз тоолорунда 600гө жетсе, бүгүнкү күндө 300 гана санда калган.
  • Бишкек шаарынын мэри ИСА ӨМҮРКУЛОВдун айтымында, борбордун Свердлов районунда эки көпүрөнүн курулушу пландалууда.
  • Өлкөдө кош бойлуулук, төрөт жана жерге берүү боюнча жөлөкпул алуучулардын саны жылдын башынан бери 25 МИҢге жакын кишини түздү. Аларга баш-аягы 183,5 миллион сом которулган.
  • Кыргызстан менен Өзбекстанда миңдеген койлорду кырган чечекке каршы контрафакттык вакцинаны саткандыгы үчүн Өзбекстандын 20 жараны Өзбекстанда 3төн 13 ЖЫЛГА чейин түрмөгө кесилди.
  • Опузалоо боюнча айыптуу деп табылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан 5,5 жылга эркинен ажыратылган КАМЧЫ КӨЛБАЕВ шаардык сотко апелляциялык арызы менен кайрылды.
  • МЕЛИС ЭШИМКАНОВ атындагы коомдук фонд 2013-жылдын «Жылдын мыкты журналисти» наамына сынак жарыялайт, ага ар бир журналист же студент-журналист 3 материалы менен катыша алат.
  • Ысык-Көл облусунда «ХАН-ТЕҢИР» улуттук паркын түзүү боюнча долбоор ишке киргизилүүдө, ал Сары-Чат-Ээр-Таш коругунун жанында жайгашмакчы.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
14.11.2013. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
«Ак илбирстин тукумун коргоо» боюнча бүткүл дүйнөлүк форумга Брэд Питт келбедиби?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо