ЭКИ ЖЫЛДА КОРРУПЦИЯГА БАЙЛАНЫШТУУ 500 КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН

№574 01-ноябрь-07-ноябрь, 2013-ж

4-ноябрда Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтөт. Президенттин катышуусунда өтчү бул жыйында Башкы прокуратуранын, Экономика министрлигинин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын жетекчилеринин маалыматы угулат.
Антикоррупциялык кызмат түптөлгөндөн тартып жалпы 500 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен резонанс жараткандары деп мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировго, анын жардамчысына ири өлчөмдө пара алуу боюнча кылмыш иши козголгонун жана жоопко тартылганын, ЖКнын депутаты Нариман Түлеевге, «Альфа Телекомдун» башкы директору Алмаз Абековго козголгон иштерди айтууга болот.
Бул аптадагы «Кумтөрдүн» тегерегинде козголгон кылмыш иштери да коррупцияга каршы күрөштүн чоң толкуну уланып жаткандыгын көрсөтүүдө. Коррупциялык иш-аракеттердин кесепетинен өлкө бюджетине 2 миллиард 475 миллион сом зыян келтирилгени аныкталса, казынага 102 миллион 300 миң сому кайтарылган. Буга чейинки бийликтер деле «коррупция менен күрөшүү керек» деп кыйкырып, конкреттүү чара көрүүгө келгенде саясий эрки жетчү эмес. Учурда эл сөздөн ишке өтө баштаган жыйынтыктарды көрө баштады.

 

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
04.11.2013. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тажикти министр кылдын кыргыз наристесин сатты министр кылганды жоопко тартыш керек
04.11.2013. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок жогорку жактарга кучу жетпейт,булар как мафия.Эн главный ошолор.
04.11.2013. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушулар иштесе ой ой ой баардык адамдар иштен айдалып кетмек
05.11.2013. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупция менен курошуго бир гана мамлекеттик органдар эмес, эл кошо жардам бериш керек, взятка берип жаткан ким, чуркагылары келбейт, ишти оной бутуробуз деп акча бере калышат, жада калса кээ бир адамдар оз укутарын билишпейт.
05.11.2013. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин паракорлорду, ууруларды аянтка алып чыгып эле элдин алдына, Кытайдагыдай кылып атып салыш керек, ошондо коркуп калышат...
11.11.2013. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Xamer, Анда бизде карапайым адамдардан башкасы баары атылып кетпейби.
06.11.2013. 07:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасын кошулам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо