-

Акыркы он бир айда өлкөдө аскердик кызмат өтөө учурунда
21 ЖООКЕР каза болгондугун укук коргоочу Азиза Абдырасулова маалымдады.
-
ЭлТРдин жетекчиси Шайырбек Абдрахманов кызматтан кетип, анын ордуна СУЛТАН ЖУМАГУЛОВ телеканалдын директору болуп дайындалды. Ал буга чейин «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун жетектесе, Бакиев бийлиги тушунда Оксана Малеваная жетектеген катчылыкта иштеген.
-
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ООГАНСТАНДА ЖАШАГАН этникалык кыргыздарга 3-октябрь күнү 5 жүк ташуучу унаа менен азык-түлүк, күнүмдүк тиричиликке керектөөчү буюмдарды жеткирди.
-
2014-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 93 миллиард сомго жакын, чыгашасы 110 миллиард сом, ал эми казынадагы тартыштык 18 миллиардга чукул сомду түзөрүн Каржы министрлигинен билдиришти.
-
Кыргызстанда 463 МИҢ САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮЛӨР катталган, бирок алардын 289 миңи гана салык төлөшөт.
-
Британиялык «New Economic Foundation» изилдөө борборунун аналитиктеринин жыйынтыгы боюнча, эң бактылуу өлкөлөр арасында КЫРГЫЗСТАН 38-орунду ээлеп, Борбор Азия өлкөлөрүнөн алдыда болду.
-
Экс-депутат
КАМЧЫБЕК ТАШИЕВДИН тарапташтары Медер Үсөнов менен Жеңиш Токторбаевди 6 жылга, Шайырбек Ташиев, Абсатар Сыргабаевдерди 4 жылга Жалал-Абад шаардык соту 6-ноябрда шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Эске салсак, алар 31-майда мурунку «ата журтчу» депутаттарды бошотуу талабы менен облустук администрацияны басып алып, бир нече күндөн кийин бошотушкан эле.

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg