Алмазбек Атамбаев:«КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШ ОЙДОГУДАЙ ЖҮРБӨЙ ЖАТАТ»

№575 08-ноябрь-14-ноябрь, 2013-ж

«Коомчулукта коррупция менен күрөш жакшы жүрбөй жаткандыгы боюнча нааразычылык болууда»,- деп сөзүн баштаган президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынын ачты. Өлкө башчысы бир жыл аралыгында коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалары жаман болгон жок деп эсептейт. Мамлекет башчы Коррупцияны жоюуда анын тамыры менен эмес, анын кесепеттери менен күрөшүү негизги кемчилик болуп жатканын айтат. Акаев учурунда калыптанган мамлекеттик кызматтарды жең ичинен сатуу схемасынын зыяны азыркыга чейин тийип жатканын айткан мамлекет башчысы бул көрүнүштү токтотуу керектигин кошумчалады. Мамлекеттик кызматка баюу максатында келгендерге азыр эле кетип калууну сунуштаган Алмазбек Атамбаев «мамлекет эсебинен байыгандар камалат» деди.
Коррупция менен күрөшүү иши аягына чейин чыкпай жаткандыгын айткан башкы прокурор Аида Салянова: «Кыргызстанда коррупциялык кылмыштар боюнча айыпталгандардын эки пайызына гана сотто эркинен ажыратуу өкүмдөрү чыгат. 2013-жылдын 9 айында коррупциялык кылмыштар боюнча соттор тарабынан 411 кылмыш иши каралган. Анын жыйынтыгында, болгону 18 иш боюнча 29 адамга эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза берилди. Бул жалпы каралган иштердин 2,3 пайызын гана түзөт»,- деп сот системинде келе жаткан «илдетти» айтып өттү.
Антикоррупциялык кызматтан тышкары Кыргызстанда коррупция же экономикалык кылмыштар менен күрөшкөн бир канча мамлекеттик орган бар. Мисалы, Башкы прокуратура, Эсептөө палатасы, Экономикалык кылмыштар менен күрөш кызматы, Ички иштер министрлигинин алдындагы коррупцияга каршы күрөшүү кызматы. Кыргызстанды каптаган бул маселе менен күрөшүүчү органдардын көптүгүнө карабай коррупциянын тамыры кыркыла баштаганын эл жакшы байкап, көрө албай турат. Жогоруда саналган кызматтардын үстүнөн эми Коргоо кеңешинин жыйынында мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөштү координациялоо боюнча жумушчу топ түзүлдү. Ал топ ай сайын улам бир министрликтин ишиндеги коррупциялык аракеттерди таап, бөгөт коюу чараларын иштеп чыгат.

Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(15)
11.11.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
parakorchuluk menen kurowuu jakwy emes ele takir ele iwtebey jatat maga kelsin korgozup berem kozuno sayip kim emne kilip jurgonun !!!!
11.11.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ЖК 120 паракорчу отуруп, озуно окшогондорду жактап жатканда иш алдыга жашы жылбайт.
11.11.2013. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иштебей эле журосунор
11.11.2013. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
piter93,
Кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат!
11.11.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учурдагы президент,буга чейинки президенттерден уруулук кылбаганы менен айырмаланды окшойт. Ал эми коррупция менен курошуу боюнча жыйынтык канааттандыраарлык эмес! Деги эле мыйзамдын кучу канааттандыраарлык эмес!
12.11.2013. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупция менен коррупционерлер курошсо кандай жыйынтык болсун? Корупционерге каршы крошко чыккан адам эки кундон кийин эле артынан калбыры чыгып калып жатпайбы. Кыргызым бекер айтпаган: "Жебеген-жердин астында"!!!
13.11.2013. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балык башынан сасыйт озу корупциянер болуп ушуну айтбай эле койбоптур. акаевдин маалында жакшы эле болчу анын аялы бийликке киришип жок болду. акаев россия менен келишим тузуп койгон экен болницалар карап гражданство берип кичине болсо да экономика онукту эле.кыргыздарды иттей тепкилесе да унчукбай ийинен чыкбай жататго
14.11.2013. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
120 депутатка 6 миллион королот бирок алар иш кылбай эле бири калп эле кыйкырып суйломуш болсо экинчиси креслосун кучактап конурук тартып уктагана гана жарай,
Аларды азайтып 50 эле депутат кылып койсо болотда!
14.11.2013. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убада берди эле го шайлоо астында, аткара албай калды окшойт Атамбай
14.11.2013. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М. Мырзакматовду президентикке алып келиш керек. Ошондо коррупция мн курош алдыга журот деп ойлойм. Бул менин жеке пикирим
14.11.2013. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИИМ озу коррупцияга малынып жатса кантип коррупция менен курошот. ИИМ дегилер баары коррупционерлер.
15.11.2013. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин бул айтканы туура, коррупция-коорупция дейбиз,коррупция качан токтойт, коррупция токтобойт эми, аны учун Сиз биринчи озунуздон баштап беришиниз керек,кандай кылып Мисалы Сиз иштеп атасыз дейли бир да адамдан пара албайсыз туура, эмнеге себеби Сиз айына 100 000 мин, 150 000 мин сом айлык алып атасыз, кудайга шугур озунузго жетет, а он мин он эки мин айлык алып бала чакасын багып аткандарчы, тамак аш кымбат эми Сиз урматтуу Алмазбек Шаршенович эсептеп корунуз
15.11.2013. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сиз олтуруп алыым бир кундук убактынызды Мамлекеттин эмгек кызматкерлери учун убактынызды болун. болбогон нерсе учун чыгым болуп болунуп аткан суммаларды кыскартып, мекени учун иштеп атакан ишчилеринизге эмгек акыны кобойтуп оз маалында берип турган болсонуз коррупция озу эле токтой и алар алыштанда уялып калышат, анан эле коррупцияны токтотобуз жоебуз деп куру эле асманга карап кыйкыра бергениниз бекер урматту Алмазбек Шаршенович.
23.11.2013. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн биринчи озундун жанындагы айлана чойрону кара он колун икрам деген максимдин ордун ээледи,алмаз мырза элдин ишеничи калбады сага
Модератор admin_media түзөттү 25.11.2013 10:24
23.11.2013. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nu koneshno ozu menen ozu kuroshalbaitta
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо