«КУМТӨР» ЖАҢЫ ЖЫЛГА ЧЕЙИН УЛУТТАШТЫРЫЛАБЫ?

№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж

Алтын кенинин тагдырын чечүүдө «50 пайыздык үлүшкө жетүү – жетишкендик» деген позицияны Жантөрө Сатыбалдиев бекем карманып, саясатчылардын жоон тобу «67 пайыз болуш керек» деп, дагы бир тобу «улутташтыруу керек» деп жатышкан. Ушул аптада «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча президент Алмазбек Атамбаевдин да ыктай баштаганы биринчи жолу айтылды.

КЕН ТАГДЫРЫ ЖАҢЫ ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЧЕЧИЛИШИ МҮМКҮН
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 12-ноябрь күнү «Кумтөр» боюнча маалымат жыйын берип, анда: «Фракция лидерлери президент Алмазбек Атамбаев менен жолугуп чыктык. «Кумтөр» боюнча да сөз болду. Президент «Кумтөрдү» 100 пайыз Кыргызстанга алууга ыктоодо»,- деди. Текебаевдин айтымында, мамлекет башчы «эгерде «Кумтөрдү» ала турган болсок, анда этият болушубуз керек. Бир катар оорчулук жараткан жагдайлар бар, аларды так иликтеп көрүшүбүз зарыл» деген.
Кеп "Кумтөр" кенин «Центеррадан» 100 пайыз менен алуу тууралуу болсо, бул, демек, алтын ишканасы улутташтырылат дегенди билдирет. Мындайда акционерлердин чыгымын төлөп берүү шарты коюлат. Анын жана башка маселелердин алдын алуу максатында Өмүрбек Текебаев «Улутташтыруу жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкканын учкай айтып өттү. Соңунда башкы «ата мекенчи»: «Кумтөр» маселеси жаңы жылга чейин бир жаңсыл болушу керек деп ойлойм»,- деди.    

«ЦЕНТЕРРА» СОТКО ДАЯРДЫК КӨРҮҮДӨ
Өкмөттүн канадалык «Центерра Голд Инк.» компаниясы менен 8-ноябрда болгон сүйлөшүүсү оор шартта өткөндүгү маалымдалды. Анда компаниянын Директорлор кеңешинин төрагасы Стивен Ланг: «Биз Жогорку Кеңештин токтому менен таанышып чыктык, анда өкмөткө Кыргызстандын «Кумтөр» долбоорундагы үлүшүн 67 пайызга жеткирүү тапшырылыптыр. Буга байланыштуу «Центерра Голд Инк.» 67 пайыздык үлүш – такыр кол жеткис чек дегенди билдирет. Биз Кыргызстанга сүйлөшүүлөрдүн жолу менен компромисс табууга дагы кандай резервдер калганын билүү үчүн келдик. Эгерде бардык варианттар каралып бүткөн болсо, анда биз арбитраждык сотко доо арыз берүү процессин баштайбыз»,- деди.  

«СҮЙЛӨШҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫН КҮТҮҮ КЕРЕК»
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев: «Кумтөр» боюнча маселени саясатташтыруу айласыз кырдаалга алып баратат. Бардык экономикалык тобокелчиликтерге карабастан, андайда өлкөдөгү туруктуулук үчүн «Кумтөрдү» улутташтыруу боюнча чечим кабыл алуу аргасыздыгы келип чыгат»,- деп билдирди. Президент «Центерра» компаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан өкмөттүн позициясын эске алуу аркылуу «Кумтөр» долбоору боюнча терең ойлонуп, анан чечим кабыл алууга чакырды. Ал үчүн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтүү керек экенин айтты.

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
18.11.2013. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коркпогула кыргыз елим кыргыздын алтыны кыргыздыкы
18.11.2013. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саясатта башынан кеткен катаны, алдынкылардын жаңылыштыгын көп эле талкуулап, элге айтуу аркылуу өзүн таза көрсөткүсү келгенсибей саясатчылар чындап ишти жылыштаткылачы.
18.11.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дагы бираз тура турсанар шымы жок калмаксынар чондор эми сотко берип абиринерди айрандай токсо экен.
18.11.2013. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100 % ле алыш керек, кандай кун болсо дагы
21.11.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бунун баары Омурбек Текебаевдин кучу менен болду.

21.11.2013. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурбек Текебаев болбосо, биздин чондор оз кызыкчылыгын ойлоп акчага сатылып кетмек.
21.11.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
uluttashturaturgan bolso myndan kiin batyshtan kelgen investitsiyanyn jolu jabylat jana uluttashtırılgandan kiin kumtor ishtebei kalat sebebi bizdin mamlekettin kumtordu ishtetkenge kuchu jetpeit. uluttashturuu azyrky jon ele bir turuktuuluktu saktap turush uchun bir oiun. jyiyntyktap ketsek eger kumtor uluttashtyrylsa saiasii turuktuuluk kyska moonotko saktalat birok bul uluttashtyruu kyrgyzstandyn byudjetine oto kop chygasha alyp kelet. a eger uluttashtyrylbasa anda okmot k.t je parlament ta-t
22.11.2013. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки апта мурда кумтөр иштей берсин эптеп 67 пайызды алсак болду. Улутташтырсак болбой калат деп жүргөн Текебаев, президент улутташтырууга барышыбыз мүмкүн десе, дароо Атамбаевге жабыша калыптыр го)). Ушунчалык да эки жүздүү болушабы саясатчылар эх..
24.11.2013. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
экология олуп атбайбы чыгаша болсочондор жегенин кичине койсо онукмок элек. бизден кийинки муунга таз экология калтырыш керек мамлекетти жок биз да лолу болуп калбайлы .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо