«АТА-БЕЙИТТЕ» ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН МЕМОРИАЛЫ АЧЫЛДЫ

№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж

«Ата-Бейит» комплексинде14-ноябрда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мемориалы ачылды. Ага өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, бир катар өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, жазуучунун замандаштары, туугандары, балдары катышышты. Мемориал жазуучунун уулу Аскар Айтматовдун каражатына курулуп баштаган. Бирок каржылык тартыштыктан улам бул иш токтоп калган. Мемориалды куруучу «Бедис АРТ» фирмасынын башкы директору Зоя Никитенко өлкө башчысына
2,5 миллион сом каражат бөлүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Президент Алмазбек Атамбаев 1 миллион сомду өз чөнтөгүнөн чыгарып, калган бөлүгүн жергиликтүү компаниялар толукташкан.
Мемориал залкар инсандын көзү өткөндөн 5 жылдан кийин ачылып отурат. Салтанатта сөз сүйлөгөн Ильгиз Айтматов сталиндик репрессияда каза болгондордун сөөгү жашырылган бул мүрзөнү «Ата-Бейит» деп атоону Чыңгыз Айтматов өзү демилгелегенин эскерип өттү. Эске салсак, улуу жазуучунун сөөгү атасынын мүрзөсүнүн жанына, «Ата-Бейит» комплексине коюлган.

 

Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
18.11.2013. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Еки жарым миллионго бир там сатып алып коп балалуу уйу жокту киргизсенер жазуучуга куран окуп ыраазы болот елеКаяктагы таштар менен жазуучуну бастыра бербей
18.11.2013. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арбагы ыраазы болсун!
18.11.2013. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыны жок ысырапчылык. Бул иш мусулманчылыка жатпайт. Олгон адамдын мурзосун, чыканактан ашпаган коломдогу таш же бир нерсе менен белгилеп же тегерегин коруп коюу керек. Чынгыз кыргыз учун кадыр барктуу адам болгону менен АЛЛАХ алдында баардыгыбыз кемчиликтуу пендебиз. КУРАН КАРИМДЕ кандай жазылса ошондой жасоо биздин парзыбыз.
19.11.2013. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширин Айтматованын Жогорку Кеңештин депутаты экенине карабай келбегенине таң калдым. Аскар жана Санжар Айтматовдор менен Шириндердин мамилеси салкын дешет. Бирок бул окуя жеке мамилени көрсөтүүчү жер эмес да. Атасынын сый-урматы үчүн баары чогуу келишсе акылдуулук кылышмак. Эх, пендечилик ушундай залкар инсанды да аттап өтпөйт экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо