Өмүрбек Текебаев, «Ата Мекен» партиясынын төрагасы:«МИГРАНТТАР КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖАРАНДАР МЕНЕН ТЕҢ УКУКТА БОЛУШАТ»

№576 15-ноябрь-21-ноябрь, 2013-ж

Бул аптада Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргыз мигранттары боюнча мыйзам долбоорду алып чыкты. Мыйзам долбоору чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кош жарандыгы бар мигранттардын Кыргызстанга кайтып келгенден кийинки жашоосу үчүн шарт түзүп берүүгө багытталган. Биздин окурмандарыбыздын суроо-өтүнүчтөрүнөн улам кененирээк маалымат алуу үчүн Өмүрбек мырзаны кыска маекке тарттык.

– Өмүрбек мырза, кепти мындай мыйзам долбоордун жазылып чыгышына эмне түрткү болгонунан баштасак...
– Бул маселе көптөн бери көтөрүлүп келе жаткан, бирок акыркы учурда мигранттардын тегерегиндеги көйгөйлөр актуалдуу боло баштады. Бир жолу Оштон Бишкекке учуп келе жатсам, жаныма бир жаш үй-бүлө отуруп калыптыр. Күйөөсү, жубайы жана кызы болуп. Жолдошу «Көп жылдан бери Орусияда иштеп жүрөм. Бул жакка атам кайтыш болгондуктан келдим эле. Азыр кайтып бара жатам. Атамдан калган үй-жайды өзүмө жаздырып алайын десем, «сен чет элдик экенсиң» дешти. Мага окшогондор көп» деп калды. Ошол окуядан көп өтпөй бул мыйзам долбоорун киргизейин дедим. Анын алкагында 4-5 мыйзамга өзгөртүү-түзөтүүлөр киргизилет.

– Алар кандай оңдоолор?
– Орусиядагы биздин жердештер мурункуга караганда көбүрөөк акча таап башташты. Жалданып гана иштебестен, алардын арасында өз алдынча бизнес ачып, башкаларга жумуш берип калгандар да бар. Мигранттар мурункуга салыштырмалуу айлыгы көбүрөөк, престиждүү иштерге орношо башташты. Кээ бир мамлекеттик кызматта иштегендер да Орусияга кетип жатышат. Алардын арасында чоң ишкана, мектеп, ооруканалардын жетекчилигине чейин өсүп жеткендери бар. Ошентип, өзүн жана Кыргызстандагы үй-бүлөсүн багуудан тышкары кошумча каражаты пайда болуп калды. Ар бир адам эле келечегин ойлойт, алар күнүмдүк керектөөсүнөн тышкары топтогон акчасына өз ишин ачкысы келет. Ал үчүн жер же имарат сатып алышы керек. Ошондой эле көбүнчө Бишкек шаарынан өзүнө, бала-чакасына үй алып коюуну каалайт. Буга биздин мыйзам жол бербейт, аларды бөтөн деп эсептейт, өгөйлөйт. Себеби алар кезинде ошол өлкөлөрдүн жарандыгын алууга мажбур болушкан. Орусиянын миграциялык саясаты өзгөрүп турат эмеспи, бир туруп катаал, бир туруп жумшарып калат. Ошол кыйынчылыктардан чыгуу үчүн алар жарандык алышкан.
Чет элдик жарандар айыл чарба жерлерин жана өндүрүшкө багытталган жерлерди да менчикке ала алышпайт. Ижарага же убактылуу пайдаланууга гана ала алышат. Үйдү сатып ала алышпайт, ал үчүн Адилет министрлигинен чет элдик жаран катары өзүнчө уруксат алышы зарыл болот. Алар өз мекенине кайтып келишсе, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга  орношо алышпайт. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, буга да уруксат берилет. Бир гана коопсуздуктан улам «укук коргоо органдары менен сот системинде, ант берген саясий кызматтарда иштей албайт» деген чектөө калтырылды.

– Мыйзам долбоорун кароодо бул сунуштарга өкмөттүн өкүлү каршы чыкты. Ал өз аргументин эмнеге негиздеди?
– Өкмөт колдойт. Анткени кеп жүз миңдеген жердештерибиз тууралуу болуп жатат. Өкмөттүн өкүлү болгону маселени түшүнбөгөнүн көргөздү. Буюрса, мыйзам долбоору парламенттен да колдоо табат деп ишенем.

– Демек, мыйзам долбоору кабыл алынып калса, кош жарандыгы бар мигранттар Кыргызстандын жарандары менен дээрлик тең укукта болуп калышабы?
– Ооба, ошондой. Башка жарандыкты алганына карабастан, алар Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналышат жана кыймылсыз мүлк маселесинде КРнын жарандары менен бирдей укуктарга ээ болушу керек. Мыйзам долбоор менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматтары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчиликти ээлей ала тургандыгы да киргизилет. Антпесе бүгүн кандай? Мисалы, Орусиядан келсе, ал жактагы паспортун тапшырып коюп, кайра Кыргызстандын жарандыгын алуу менен жашоосун уланта берсе болот дешет. Бул убаракерчилик, бюрократия жана тоскоолдуктар.
10-15 жылдан бери иштеп жаткан биздин жердештерибиз пенсияга чыгайын деп калышты. Дагы 5-10 жылдан кийин биринчи толкун менен кеткен жүз миңдей мигрант Орусиянын пенсионерлерине айланышат. Алар кеминде
10 миң рубль, биздин акча менен
15 миң сом пенсия алышат.
100 миңди 15 миңге көбөйтсөк, баш-аягы Кыргызстанга ай сайын 1,5 миллиард сом келмек. «Орусиянын паспортун тапшыр, ошондо гана бизде кароолчу болуп орношууга, үй сатып алууга болот» деп отурбай, «жарандыгы да калсын, пенсиясын да алсын» деген шартты сунуштап жатабыз.

Эльвира Караева
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(34)
18.11.2013. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azamatsyz Omurbek myrza.Sizdin partiyanyzdan gana umut bar.Sizderdi koro albagandar ar nerseni jazyp chygyshat.Myizam dolboorun deputattar koldop berishet degen oidomun.
18.11.2013. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан жакшы мыйзам экен.Канчалаган адамдар алган россиянын жарандыгын.Азаматсыз Чиркешович!
18.11.2013. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
En tuura alar rossianin jaranin jirgaganinan algan jok da kirgizstanga kelse baikuwtardan akchhani sorup alat tim ele orus bolgonsup
18.11.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эн керектуу мыйзам!
18.11.2013. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омурбек мырза. Сизге чоон, адамгерчиликтуу ракмат. Биздин журок баарибир КЫРГЫЗСТАНЫМ деп согот.
24.11.2013. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sanchos, Туура айтасыз!Омурбек мырзанын ушул мыйзамы ишке ашып калса экен деп кудайдан суранабыз.
07.12.2013. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
allan, омуке аягына чыкчу эмес эле ишинин, дагы бир кун саясий оюн баштап алып унутуп кететко
18.11.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ОЗу аз сандагы эл болсок, анан РФ жарандыгын алган кыргыздарды КРга киргизбй койсок болбойт да, туура мыйзам, ушул мыйзамдан кийин аэропорт кызматкерлеринин оозу жабылат эле. Эми мигранттарга жакшы бир чара коруп койсо чооон рахмат айтат элек.
18.11.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз Омуррбек Чиркешович!Дагы бир жолу далилдеп жатасыз кыраакы саясатчы экенинизди.
18.11.2013. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
100 пайыз кошулам жакшы болмок.
18.11.2013. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
КАЧАН? качан ? качан ????????
18.11.2013. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омурбек Текебаев сизге биздин уй булонун атынан чон ыраазычылык билдиребиз мыйзам ен туура жазылган Ал еми Ташболот Балтабаевди партиядан чыгарсанар Себеби канча жылдан бери чон кызматта олтурат анын туугадары гана бай жашайт кыргыз елин ойлобойт Ишенбесенер елден сурамжылап коргуло
07.12.2013. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mir1979, ошо бай жашаган Балтабаев канчалаган кок акчалары менен омукенин чонтогун ысытса керек,
19.11.2013. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооох сонун еле болот го мага
19.11.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн туура мыйзам!!! Мен баткенден болом бирок гражданствам Россияныкы эми кенири Кыргызстанда журо алат экенмин бул жакта иштегендер жыргаганынан паспорт албайт да. Рахмат Омурбек мырза!!!
19.11.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахмат омурбек чиркешович!
19.11.2013. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура демилге. Мен кошулам. Ушундай элдин пайдасына чечиле турган демилгелерди кооп иштеп чыга бериниз. Эми,ушул айткан мыйзамдарыныз иш жузуно ашса,кандай жакшы болоор эле.
19.11.2013. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
жон еле кош жарандуу деп койбой крга жаран болуу учун да бир татаал мыйзам кабыл алгыла да кичине коздору ачылмак крды жамандабай россияниндер
07.12.2013. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tilek.kg, кыргызстанда мыйзам иштебегенден кийин жазганынын пайдасы кайсы, негизи парламенттин деле кереги жок экен ойлоп корсом, ошо парламентке озунун бизнестерин окмоттук контролдон сактоо учун барышатко,
25.12.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik838383, туура айтасын
20.11.2013. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз.Алла ыраазы болсун!Мигранттарды ушинтип эстеп койуп турушса аябай эле кыйын болуп кетти.Нары эмес же бери эмес болуп.Айрыкча РФпасспортун алгандар
20.11.2013. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы чечимдерди чыгарып жатыпсынар эми ишке ашыргыла
20.11.2013. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага абдан жакты. Эн жакшы болмок. Ийгилик сизге! Россиядагылар баарыбыз колдойбуз.
20.11.2013. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин жарандарга элеби? анда жакшы экен!!! эгер бардык кыргызстандагы мигрантарга болсо болбойтко... кытайлар аран эле турат, биздин сулукыздарыбызга суктанып. кен байлыка кызыккандар канча??? эртен эле бир кытай келип куруч ондуруп баштайт нарындан... ойлонушкерек!!!!! биздин кыргызстандагы мигрантарга жыргал турк,озбек,тажик,корейцы жыргап журушот ошолорго кату чара корушсо болмок!
20.11.2013. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kg.ik, туура айтасыз, мындай шартты кыргызстанда туулуп оскон башка элдин гражданиндерине бериш керек болбосо кытай, турк, озбектер ж.б. улуттар кудай берет анда
20.11.2013. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
IRA, kg.ik, эн туура бул жагын да ойлонуш керек. Макаланы окуп эле биринчи ушул оюма келди. Кытайлар м.н озбектердин чырагына май тамат го. Кандайдыр бир чектоолору да болсо жакшы болот эле.Мисалы: Башта К.Р жараны болгон болсо ж.б.у.с
21.11.2013. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1,5млрд сом ал акчанын баарысы Кыргызстанга которулат деген кепилдик кана? Кош жарандыгы бар жарандардан мурун жалгыз жарандыгы бар жарандарга ылайыкташтырып мыйзам чыгарбайсынарбы? Кош жарандыгы барлардын шанстары да кобуроок, анан алар эч кандай уруксат кагазы жок эле оз олкосунон уй да жер да сатып ала алышат....соз чет элдик жарандар эмес кош жарандыгы барлар жонундо болуп атканын унутпайлык ээ...
22.11.2013. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туп тамыры менен каршымын,эмне баары Эле каалагандай гражданство алып кайра келип мамлекеттик органдарда иштеп кылмышты кылып акчаны жеп тиги мамлекетке кетип..,улуттук идеология керек кыргызстан жаранымын деген да арбой журокто жашасын омукенин эмне жоругу болду дагы ......
23.11.2013. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
femida, Таш боор неме окшойсун!!!Кыргызстанды мигранттар багып жатканын билесинерби?Колдогондун ордуна кайра артты коздой тартканынар кантип болсун?!
07.12.2013. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
allan, артка бизге окшогон карапайым калк тартпайт, ооо жогорудагы ачарчылыкта отурган чиновниктер тартып келе жатат кыргызстанды 20 жылдан бери, деги бизде саясий элита алмашпаса баары эле бири бирине коз каранды кадрлар
25.12.2013. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
femida, колдойм сенин созунду
23.11.2013. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер ушул мыйзам кабыл алынса жакшы болмок
24.11.2013. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы мыйзам окшойт ээ

25.11.2013. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mikatagaev,
Кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо